Квази сызыктуу функционалдык экинчи тартиптеги параболалык теңдеменин жалпыланган чыгарылыштары
İkinci mertebeden kuazi-lineer fonksiyonel parabolik denklemlerin genelleştirilmiş çözümleri ve özellikleri
- Tez No: 693021
- Danışmanlar: PROF. DR. ANARKÜL URDALETOVA
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Matematik, Mathematics
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2021
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Fen Bilimleri Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Matematik Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 47
Özet
Белгилүү болгондой, жекече туундулардагы экинчи тартиптеги ар кандай типтеги теңдемелер физикада, механикада, биологияда жана башка илимдерде ар кандай практикалык процесстердин математикалык модельдери түрүндɵ кездешет. Экинчи тартиптеги сызыктуу жана квазисызыктуу бир калыпта эллиптикалык жана параболалык теңдемелердин Соболев мейкиндигиндеги жалпыланган чыгарылыштарынын теориясы дээрлик жакшы изилделген жана, мисалы, Ладыженская О. А., Уральцева Н. Н., Солонников В. А. авторлордун белгилүү монографияларында келтирилген. Бирок бир калыпта эллиптикалык жана параболалык типте болбогон теңдемелердин теориясы кɵптɵгɵн илимий изилдɵɵчүлɵрдүн кызыгуусун арттырат. Бул иште белгисиз функциянын градиентинин квадратынан кɵз каранды интегралды камтыган квази сызыктуу, экинчи тартиптеги параболалык теңдеменин жана ал теңдеме үчүн коюлган аралаш маселенин жалпыланган чыгарылыштары Соболев мейкиндигинги менен байланышкан атайын мейкиндикте аныкталат жана ал жалпыланган чыгарылыштардын бир нече касиеттери изилделет. Ал касиеттер: Берилген теңдемелердин биринчи аралаш маселесинин жалпыланган чыгарылыштары үчүн максмум принциби Энергетикалык барабарсыздык I Энергетикалык барабарсыздык II Берилген теңдемелердин жалпыланган чыгарылышынын градиентинин чектелгендигине байланышкан априордук локалдык баалоо. Ачкыч сөздөр: Квазисызыктуу, параболалык, функционалдык теңдеме, жалпыланган чыгарылыш, максимум принципи, энергетикалык барабарсыздык.
Özet (Çeviri)
Özet çevirisi mevcut değil.