Чагатайчанын акыркы дооруна таандык үч дастан: «көроглы», «жанчар хан падыша газалы», «кыз жибек» (транскрипция, тилдик анализ, индекс)
Çağataycanın son dönemine ait üç destan: 'Köroğlu', 'Cançar Han Padişah Gazalı', 'Kız Cibek' (Transkripsiyon, inceleme, dizin)
- Tez No: 615583
- Danışmanlar: PROF. DR. KADIRALI KONKOBAYEV
- Tez Türü: Doktora
- Konular: Türk Dili ve Edebiyatı, Turkish Language and Literature
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2016
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Türkoloji Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 482
Özet
Диссертациялык иште Үмөт Түгөлбай уулунун бир китептин ичине жазып алган“Көроглы”,“Жанчар хан падыша газалы”,“Кыз Жибек”аттуу дастандар иликтөөгө алынды. Фонетикалык жана морфологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча алганда бул үч дастан өткөөл доорго таандык чыгармалар болуп саналат. Дастандар чагатай тилинин негизги өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу менен бирге айрым түрк тилдеринин элементтерин да өз ичинде камтып турат. Ушул жагынан алганда, бул үч чыгарма чагатай тилинин акыркы доорун чагылдырган маанилүү булак болуп эсептелет. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын“Кол жазмалар”фондунда кыргыз элинен топтолуп алынган чагатай доорунун соңку жылдарына таандык түрдүү кол жазмалар, тексттер топтолгон. Колубуздагы“Көроглы”,“Жанчар хан падыша газалы”,“Кыз Жибек”аттуу тексттер да“Кол жазмалар”фондунда 130-К337 деген инвентардык номер менен катталган. Аты аталган үч дастан бир китепченин ичине көчүрүлүп алынганы менен, тилдик өзгөчөлүктөрү боюнча алып караганда, бири-биринен кыйла айырмаланып турат. Бул китепчеде тексттердин кайсыл доордо жазылгандыгы жана кимге таандык экендиги тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Тексттер мазмуну жагынан да, жазылышы боюнча да оригиналдуу болуп эсептелет. Бул сыяктуу кол жазмаларды ар тараптан изилдөөнүн өзү актуалдуу маселе болуп саналат, себеби эски жазууларды изилдөө менен тилдин тарыхын, өнүгүү жолун да аныктоого болот. Бул диссертациялык иштин актуалдуулугу кыргыз элинин дагы чагатай жазуусун чебердик менен колдонуп, чыгыш элдеринин чыгармаларынынын өзгөчө варианттарын жаратып, биринен-бири көбөйтүп окугандыгы тууралуу маалыматтарды табуусу жана чагатайчанын өткөөл доорундагы тилдик өзгөчөлүктөрүн иликтөөсү менен түшүндүрүлөт. Иликтөөгө алынган үч текст ичиндеги тилдик өзгөчөлүктөрү жана жазылган мезгили боюнча алып караганда, чагатайчанын акыркы дооруна байланыштуу көптөгөн маалыматтарды камтып турат. Ошону менен бирге өткөөл доорго таандык бул дастандар түрк тилдеринин үч тобуна (кыпчак, карлук, огуз) тиешелүү өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан, учурдагы жана тарыхый түрк тилдери боюнча жүргүзүлгөн ар кандай илимий изилдөөлөрдө колдонула турган булактардын бири болуп саналат. Диссертация“Көроглы”,“Жанчар хан падыша газалы”,“Кыз Жибек”аттуу тексттердин транскрипциясы, тилдик анализи жана индекстен турат. Иштин киришүү бөлүмүндө кол жазманын автору Үмөт Түгөлбай уулунун өмүр жолу жана чыгармалары, аты аталган үч дастан тууралуу иликтөөлөр, кыскача мазмуну тууралуу маалымат берилет. Кийинки бөлүк үч бөлүмдөн турат. Иштин биринчи бөлүмүндө тексттердин орфографиялык, фонетикалык жана морфологиялык өзгөчөлүктөрү иликтенет. Диссертациялык иштин экинчи бөлүмдө дастандардын транскрипцияланган тексттери берилет. Диссертациянын андан кийинки бөлүгүндө чыгарманын индекси орун алат. Диссертациянын акырында ишти даярдоо учурунда колдонулган адабияттардын тизмеси жана корутунду берилет. Ачкыч сөздөр: Түрк тилдери, чагатайча,“Көроглы”,“Жанчар хан падыша газалы”,“Кыз Жибек”
Özet (Çeviri)
Bu çalışmada Ümöt Tügölbay uulu'nun bir kitapta topladığı Köroglı, Cançar Han Padışa Gazalı ve Kız Cibek adlı destanlar incelenmiştir. Ses bilgisel ve biçim bilgisel açıdan bu iç destan geçiş dönemi özellikleri sergilemektedir. Destanlar Çağatay yazı dilinin temel özelliklerini yansıtmakla birlikte çeşitli Türk dillerine has özelliklere de sahiptir. Bu yönüyle söz konusu üç eser Çağatay edebî dilinin son dönemini yansıtan önemli birer kaynak durumundadır. Kırgız Ulusal İlimler Akademisi El Yazmalar Fondu'nda, Kırgızistan'ın çeşitli bölgelerinden derlenerek bir araya getirilen Çağataycanın söz dönemine ait birçok el yazması eser ve metin bulunmaktadır. Çalışmamıza konu olan Köroglı, Cançar Han Padışa Gazalı ve Kız Cibek metinleri de El Yazamaları Fondu'nda 130-K337 numarasıyla kayıt altına alınmıştır. Bu üç destan aynı kitap içinde yer almasına rağmen dil özellikleri bakımından birbirinden önemli ölçüde ayrılmaktadır. Kitabın Ümöt Tügölbay uulu tarafından oluşturulduğu bilinse de metinlerin ilk olarak hangi tarih ya da dönemde ve kim tarafından yazıldığı belirtilmemiştir. Yukarıdaki metinler gerek içerik gerekse yazım özellikleri bakımından önemlidir. Bu tür el yazması eserlerin çeşitli dil özellikleri bakımından incelenmesi bugün de güncelliğini korumaktadır. Çünkü eski el yazması metinler aracılığıyla bir dilin tarihi ve gelişim yollarını tespit etmek mümkün olabilmektedir.