Geri Dön

Борбордук азияда тышкы миграциянын экономикалык жана экономикалык эмес факторлорунун изилдениши

Orta Asyada'da uluslararası göç üzerindeki ekonomik ve ekonomik olmayan faktörlerin etkisinin incelenmesi

  1. Tez No: 614365
  2. Yazar: BURULÇA SULAYMANOVA
  3. Danışmanlar: DOÇ. DR. DAMİRA CAPAROVA, DOÇ. DR. EBRU ÇAĞLAYAN
  4. Tez Türü: Yüksek Lisans
  5. Konular: Ekonomi, Economics
  6. Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
  7. Yıl: 2013
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: İktisat Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 122

Özet

1991-жылы Борбордук Азияда жайгашкан мамлекеттер эгемендүүлүгүн жарыялаган сон, саясий жана экономикалык мааниде эркиндикке ээ болуну менен бирге жарандарынын сыртка көчүп чыгуу кыймылы байкалган. Тактап айтканда СССРдин таркашы менен Борбордук Азия өлкөлөрүндө миграциялык процесстер башталган жана анын эки негизги себептери менен мезгилдерин байкоого болот. Биринчиси, миграция доору - демографиялык миграция мезгили деп аталып, анын бирден бир себеби этникалык маселелерге таянса, ал эми экинчи мезгили, экономикалык миграция мезгили деп аталып, экономикалык кирешелерди, пайдаларды табуу максатында көчүүнү түшүндүрөт. 1991-жылы жетимиш жылдык экономикалык, социалдык карым-катнаштын кыска мөөнөттүн аралыгында жокко чыгышы, мамлекеттердин чек араларынын такталып, чийилишинин натыйжасында бул мамлекеттердин ортосундагы чыңдалган экономикалык байланышынын жана көптөгөн фабрика менен заводдордун иш алып баруусунун токтошуна алып келди. Анын негизинде 1990-жылдардын башы ири жумушсуздук менен коштолуп, келечекке карата күмөн жараткан кырдаал менен чагылдырылат. Бул экономикалык тополоңдун негизинде Борбордук Азия өлкөлөрүндө СССРдин таркашы менен биринчи массалык миграция байкалды. Бул өлкөлөрдө миграция негизинен этникалык жана саясий себептерге байланыштуу болуп, мигранттар тарыхый мекенине кайтууну көздөгөн десек болот. Ошону менен бирге мамлекеттердеги саясий туруксуздуктан улам Россия Федерациясына карай биринчи массалык миграциянын толкуну менен Таджикистан мамлекетинин элдери көчүүгө мажбур болушкан. Бул миграцияда аталган аймактардын жашоочуларынын сыртка көчүп кетүүсү демографиялык мүнөздө болуп, үй-бүлөлөр менен көчүүлөр байкалган. Бул миграциянын багыты 1994-жылдарга чейин кескин түрдө 5 мигранттардын санынын көбөйүп, андан соң акырындык менен азайышына алып келген. Ал эми 1998-жылдан тартып, демографиялык миграция өзүнүн максатын экономикалык пайда алууну көздөгөн мигранттардын көчүүсү менен алмашкан. 1998-жылдан тартып, Борбордук Азияда экономикалык миграция катары аталган жумушчу мигранттардын чет өлкөдөгү салыштырмалуу жогору эмгек акы жана жашоо деңгээлин издөө максатында мекендеринен көчүп кетүү тенденциясы байкалууда. Бул миграциянын өзгөчөлүгү мигранттар мекенине кайра кайтып келүүнү көздөгөндүгүндө болушу менен айырмаланат. Бул миграциянын экономикалык жактан изилдөөнүн зарылчылыгы болуп, кеткен мигранттар кайтып келүүдө же чет өлкөдө иштеп жаткан учурларында мекенинде калган үй-бүлөсү же туугандарына күнүмдүк жашоосуна же сактоо максатында акчалай каражаттарды жөнөтүүдө. Бул акчалай каражаттардын көлөмү мамлекеттердин макро чоңдуктарына болгон көлөмүнө караганда кыйла чоң болгондугу үчүн, анын ички экономикага тийгизген таасири кызыгууну туудурбай койбойт. Бул илимий эмгекте Борбордук Азиянын миграциясынын изилдениши Таджикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин негизинде жасалып, алардын эмиграция көлөмүн аныктоочу факторлорду табуу максаты коюулууда. Кыргызстан жана Таджикстандын тышкы миграциясынын детерминанттарын аныктоого Дүйнөлүк Банктын интернет булактарынан жана Евромонитор интернет баракчасынан алынган маалыматтардын жардамы менен эмпирикалык анализ жүргүзүлгөн. Колдонулган маалыматтардын бардыгы Кыргызстан үчүн 1992-2011 жылдардын, ал эми Таджикстан үчүн болсо 1998-2011 жылдардын арасында топтолгон. Кыргыз Республикасынын эмиграциясынын эң чоң бөлүгү Россия Федерациясына карай болгондугу үчүн, бул илимий эмгекте Кыргызстандын тышкы миграциясынын көлөмү жалгыз гана Россия Федерациясына багытталып, бул миграциянын себептерин аныктоо маселеси коюлган. Ошондой эле, Таджикстан Республикасынын тышкы миграциясынын эң чоң бөлүгү Россия Федерациясына карай болгону менен, интернет маалымат булактарында Таджикстандын эмиграциясынын мамлекеттер аралык өлчөмүн табуу кыйынчылыктарынан улам, эмиграция маалыматтарынын 1998-жылдан баштап табылып, моделдеги маалыматтар ушул мезгилден тартып берилгендигин белгилеп кетсек болот. Моделдин методу эң кичине квадраттар методу болуп, көптүк регрессиондук анализдин жыйынтыктары менен бирге моделдин калдыктарынын нормалдуу жайылышынын (Жаку-Берра тести), структуралык өзгөрүүлөрүн (CUSUM, CUSUM-SQ тесттери), автокорреляциясын (Бреуш-Годфри тести), туруктуу дисперсиясын (Уайт тести) жана моделдин тураа түзүлгөндүгүн (Рамсей тести менен) баалаган кошумча тесттердин жыйынтыктары дагы берилген. Көптүк регрессиондук анализдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына болгон эмиграциясынаоң таасир этүүчү фактор катары Россия Федерациясынын адам башына номиналдуу ИДП көрсөткүчүнүн өсүүсү; терс таасир этүүчү факторлор катары Кыргыз 6 Республикасынын айыл-чарба секторунун кошумча наркынын жана Кыргызстанда саатына эмгек акынын жогорулашы белгиленген. Ал эми Таджикстан Республикасынын эмиграциясына оң таасир этүүчү фактор катары Россия Федерациясында саатына эмгек акынын жогорулашы; терс таасир этүүчү факторлор катары Таджикистан Республикасынын айыл чарба секторунда жумушчу башына кошумча наркынын жана Таджикистан Республикасынын эмгекке жарамдуу калкынын санынын өсүшү моделдин жыйынтыгынын негизинде аныктылган. Бул магистирдик иш үч бөлүмдөн турат: биринчи бөлүм - миграция жана экономика, экинчи бөлүм – Борбордук Азиянын миграциясы жана анын экономикасы, үчүнчү бөлүм –Борбордук Азиянын тышкы миграциясынын экономикалык жана экономикалык эмес факторлорун моделдөө. Биринчи бөлүмдө жалпы миграция жөнүндө түшүнүк жана аныктама берилип, анын түрлөрү, себептери, изилденүү жолдору жана моделдери берилип; дүйнөлүк миграциянын учурдагы абалы менен мигранттарды жөнөткөн жана кабыл алган өлкөлөрдүн негизинде миграциянын таасирлери чагылдырылган. Ал эми экинчи бөлүмдө Борбордук Азиянын үч мамлекети, Казахстан, Кыргызстан жана Таджикистандын 20-жылдык экономикалык-социалдык абалынын изилдениши менен бирге, алардын тышкы миграциясы берилген. Акыркы бөлүмдө, Таджикистан жана Кыргызстан мамлекеттеринин эмиграциясынын белгилөөчү факторлор аныкталып, талдоо жургүзүлгөн. Ачкыч сөздөр: Тышкы миграция, жумушчу миграция, Борбордук Азия экономикасы, Жердин татуу күчү модели, Эң кичине квадраттар методу

Özet (Çeviri)

Orta Asya devletlerinin 1991 yılında bağımsızlığına kavuşması ile birlikte sadece siyasi ve ekonomik açıdan bağımsızlığını elde etmiş olmayıp, ayrıca insanların diğer ülkelerarası serbest dolaşımı sağlanmıştı. Buna bağlı olarak Sovietler Birliğinin yıkılması ile birlikte Orta Asya'da göç'ün iki ana nedeni ve dönemlerin ayırt edebiliriz. Birinci dönem demografik göç olarak adlandırılır ve esas göç nedeni ise etnik nedenlere dayanır. İkinci dönem ise, iktisadi nedenlere dayanır ve yurtdışına yüksek maaş veya kazanç elde etmeyi güden ekonomik göçtür. 1991 yılında yetmiş senelik iktisadi ve sosyal bağların kısa zaman aralığında yok olması, eski soviet ülkeleri arasındaki güçlü ekonomik ilişkinin, yeni ülkelerin sınırlarının çizilmesi ile birlikte, kopması ile çok sayıda fabrika ve tesislerin kapanmıştır. Bu bağlamda 1990 yıllarının başı büyük miktarda işsizlik ve geleceğe yönelik belirsizlik hissi ile yansıtılmaktadır. Orta Asya ülkelerinde Soviet Birliğinin yıkılmasının hemen ardından birinci göç dalgası gözlenmiştir. Bu ülkelerin göç nedeni esas olarak etnik ve siyasi nedenlere dayanmış, ve göçmenlerin tarihi vatanına dönme arzuları ile bağlıdır. Ayrıca ülkelerdeki siyasi dengesizliklerden dolayı Rusya Federasyonuna birinci göç dalgası ile birlikte Tadjikistan ülkesinin vatandaşlarının göçü görülmüştür. Bu göç türünde yukarda adı geçen bölgelerin yerli halkının göçü demografik özellikleri taşır ve aileleri ile birlikte göç etmişlerdir. Netice olarak Orta Asya'da 1994 yılına kadar etnik göçlerin artarak arttığını ve bu yıldan sonra azalma eğiliminde olduğunu söyleyebiliriz. 1998 yılınan itibaren ise demografik göç ekonomik göç şekline değişerek, iktisadi kazanç elde etmeyi amaçlayan göçmenlerin yurtdışına gitmeye başladığını söyleyebiliriz. 1998 yılınan itibaren Orta Asya'da iktisadi göç olarak adlandırılan işçi göçmenlerin yutdışındaki karşılaştırmalı yüksek maaş ve hayat seviyesine kavuşmak amacıyla göç eğilimi gözlemlenmiştir. Bu göç türünün özelliği işçi göçmelerinin kendi vatanına tekrar gelme amacını gütmeleri ile ayırt edilir. Ayrıca iktisadi taraftan incelemenin önemi ise giden işgücünün yurtdışında elde ettikleri kazançalrının belli payını geride kalan aile

Benzer Tezler

  1. Sovyet sonrası neo-slavofilizm ve Avrasyacılık karşıtlığında Rusya'nın orta Asya politikası

    Постсоветтик Нео-Славофилизм жана Евразиячылыктын карама каршылыгында Орусиянын Борбордук Азия саясаты

    MOLDER İSAHANOVA

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2019

    Uluslararası İlişkilerKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Uluslararası İlişkiler Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. MURAT BÜRKAN SERBEST

  2. Güvenlik açısından Türkiye-Rusya ilişkileri: 2002-2018

    Turkey and Russia relations from the security perspective: 2002-2018 years - Россия жана Түркиянын коопсуздук багытындагы мамилелери: 2002-2018 жылдар

    ERTUĞRUL GAZİ AKSOY

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2020

    Uluslararası İlişkilerKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Uluslararası İlişkiler Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. SÜLEYMAN ELİK

  3. Өмүркул караевдин изилдөөлөрүндө кыргыздардын этностук тарыхынын чагылдырылышы

    Ömürkul Karayev'in Araştırmalarında Kırgızların Etnik Tarihinin Ele Alınışı

    SALİYA KURMANOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2015

    TarihKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Tarih Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. OLCOBAY KARATAEV

  4. Борбордук азия ɵлкɵлɵрyнyн глобализация учурунда интеграцияланышы

    Küreselleşme sürecinde Orta Asya ülkelerinin entegrasyonu

    ANARA ŞADİYEVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2011

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. CUMABEK CAİLOV

  5. XVI-XVIII кылымдардагы фарсча жана түркчө тарыхый булактар боюнча кыргыздар менен борбордук азия элдеринин этникалык байланыштары

    XVI-XVIII.yüzyıllarda Farsça ve Türkçe tarihi kaynaklara göre Kırgızlar ile merkezi Asya halkları arasındaki etnik ilişkiler

    BAYZAK MAMATALİYEV

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2018

    TarihKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Tarih Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. ANVARBEK MOKEEV