Kırgızlar'da doğum ritüelleri ve onun tarihi izleri (Oş ve Talas örneği)
Кыргыздарда бала төрөлүү салты жана анын тарыхый мааниси (ош жана талас мисалында)
- Tez No: 614364
- Danışmanlar: PROF. DR. Olcobay KARATAYEV
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Tarih, History
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2013
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Tarih Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 138
Özet
Баланын төрөлүшүү кыргыз эли үчүн эң негизги жана кубанычтуу окуялардын бири болуп эсептелинет. Себеби бала үй-бүлө үчүн-муундардын келечеги, улантуучусу жана адамбаласынын өлбөстүгүнүн символу катары каралат. Мына ошондуктан наристе жарык дүйнөгө келе электе эле эки кат кишиге сый урмат менен мамиле жасашат. Эки кат аял баардык оор жумуштардан бошотулган, кечинде жанында эчким болбосо чыккан эмес, айтор ар кандай жаман жин-шайтандардан жана“Албарстыдан”сактануу максатында“тумар”жасатышкан. Алар сыйкырдуу күчтөргө ээ болоруна ишенишкен. Кээде жастыгынын алдына нан жана бычак коюп жатышкан. Ишенич боюнча Албарсты мына ушул нерселерден коркот деп түшүнүкөн. Ошондой эле боюнда бар аял үчүн күнүмдүк турмушу бир нече тыюулар жана эскертмелерден турган. Анткени эки кат аял эңбиринчи баланын ден-соолугун жана коопсуздугун ойлонушу керек. Ошондуктан тээ эски 5 доорлордо пайда болгон тыюлур азыркы күндөда өзактуалдыгын жаготкон эмес. Баланын төрөлүшү менен байланышкан салт-санаалар, ырым-жырымдар эл арасында кеңири таркаган. Алар бала жарык дүйнөгө келгенинден башталат. Мисалы:“Сүйүнчүү”- бул ааламга дагы адам келгендиги тууралу жагымдуу кабар.“Көрүндүк”-бул баланы биринчи жолу көргөндөр тарабынан берилчү белек-бечкектер. Андан кийин“Жентек той”,“Бешик той”,“Кыркын чыгаруу”,“Тушоо кесүү”эркектер үчүн“Сүнөткө отургузу”деп наристеге арналган той – кечелер уланып кетеберет. Негизинен баланын төрөлүшү менен байланышкан салт-санаалар абдан көп балуп саналт. Мында элибиз үчүн муундун улануусу эң башкы милдеттерден жана иш болуп каралгандыгын байкасак болот. Илгери бактылуу үй-бүлө деп он же ондон ашык баласы бар үй-бүлө аталган. Бул салт тээ алыскы доордон бери сакталып келет. Анткени көчмөнчүлүктө туугандар топтолуп жана чогуу жашашпаганда алар жаратылыштан жана турмуш-тиричиликтин кыйынчылыктарына тоскоол эте алышпаган. Мына ушул биримдик гана жашоону аз да болсо жеңилдетип турган. Баланын жалган дүйнөгө жаралуусу бул жашоодогу эң бактылуу окуя. Жаш ымыракай ата-эне жана агайың-туугандар үчүнжаңы жашоо, жакшы ой-тилек жаратпай койбойт. Бирок биз ар-дайымнаристе Алла тарабынан бизге берилген“Аманат ”экенин эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Анын тарбиясы жана өсүүсү боюнча жооптубуз. Ошондой эле ар бир элдин тарыхы,өзүнө таандык каада-салты жана улуттук өзгөчөлүктөрү болот. Кыргыз эли да көп кылым карытып келген калк катары узак убакыттык тарыхында муундан-муунга сактап келген, өзүнчө өзгөчөлүктөргө эгедер экендиги талашсыз. Демек ошондой улуттук өзгөчөлүктөрдүн бири –баланын төрөлүшү жана аны өстүрүү салты болуп эсептелинет. Баланын төрөлүү жана аны өстүрүү салты менен ага болгон мамиле адам баласы жаралганда эле пайда болгондур. Ошол мезгилден тарта ал бекемдешип, бара-бара элдик салтка айланган. Кыргыз элинде баланын, төрөлүшү жана аны өстүрүү боюнча салт-санаалар, ырым-жырымдар айрыкча коомдук турмушта маанилүү орунду ээлейт. Бала өстүрүү салты 6 кыргыз элинде эзелтиден бекем сакталган салттардын бири. Бул салттын өнүгүшүнө жалгыз гана элибиздин турмуш-тиричилиги, жашоо шарты жана чарбачылыгынан тышкары эң оболу диндик көз караштары, географиялык жашаган чөйрөсү өз таасирин тийгизип келген. Ал эми кыргыз коомунун өсүп өнүгүүсү жана өзгөрүшү менен баланы өстүрүү салты да кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат. Бирок байыртадан келе жаткан каада-салттарыбыз бир заматта жоголуп кетпейби деп чоочулабайкойоалбайбыз. Анткени ааламдашуу агымында бул өзгөрүүлөр туурабы же туура эмеспи деген суроо жаралбай койбойт? Бекеринен элибизде“Аялдын бир өлүмү төрөттөн”-деп коюшпайт. Ошондуктан эки кат болгонун билген аял киши аман-эсен көз жарганга чейин Алла Таалага жалбырып андан жардам сурап келет. Анткени бир жараткандан башка бул иште эч кимдин чыныгы жардамы тийбесе керек. Төрөт ар убакта жеңил өтчү иш болуп эсептелинбейт. Төрөттө жарык дүйнөгө дагы бир жаңы адам кошулат же эки адам жалган дүйнө менен кош айтышат. Бул да жаратылышта болуп жаткан мыйзам ченемдүү иш болуп саналат. Бирок буга карабастан ар кыл эл, адамдын жаралуусун эң сүйүнүчтүү окуякатары карап аны чыдамсыздык менен күтүшөт. Ал эми эненин жана баланын амандыгын тилөө менен эл ичинде төрөткө негизделген ырым-жырымдар, каада-салттар жаралып келген. Атайы төрөт жеңил болуш үчүн белгилүү усулдар негизделген. Бул ыкмалар жанаусулдар ушул күнгө чейин колдонулуп келет. Ошондойэле илимдин жана техниканын өнүккөн кылымында жашап турганда да элдик салт-санаалар, ырым-жырымдар өз актуалдуулугун жоготкон жок десек болот. Мейли илгеркидей боз үй эмес төрөт үйүндө балдар төрөлүп жатса да элдик салт эл арасында жашап келүүдө. Дегеле улуттун өзгөчүлүгү ал улуттун жараткан каада-салт, үрп-адаттарында эмеспи. Ал эми бул салт-санааларды адам баласы кичинесинден баштап, атүгүл ымыракайындан баштап үйрөнүүсү абзел. Себеби өз улуттуңду сүйүү жарык дүйнөгө келгениңден башталат. Ата-эне сени кантип баккан болсо, сен да өз кезеги келгенде балаңды ошентип багууга милдетесиң. 7 Негизинен кандай гана коом, кандай гана мамлекет болбосун анын өзөгүн үй-бүлө түзөт. Ынтымакка, сүйүүгө негизделген үй-бүлөнүн пайдубалы, келечеги кең болот. Коомдун ички бекемдиги да үй-бүлөгө жараша нары бекем, нары бакубат болот. Коомдун өзөгүн үй-бүлө түзсө, үй-бүлөнүн өзөгүн аял-эне түзөт, ал эми аялдын эң алгачкы максаты бала өстүрүү жана ага туура тарбия берүү. Анткени бул иш анын башкы милдеттеринин бири. Себеби эне жалгыз гана баланын физикалык жактан өсүүсүнө эмес, эң башкысы балага эне-тилин, элинин каада-салттарын, айтор улутунун өзгөчөлүктөрүн үйрөтүүчүсү. Келечек муунга тарбия берүү жана ага ата-бабалардан келе жаткан салты үйрөтүү ар бир коом үчүн жоопту иш.“Келечек жаштардын колунда”- деп айтылып келе жаткан сөздөй, ар бир жаш муун келечекте элинин колдоочусу, улантуучусу. Мына ошондуктан өз элибиздин өзгөчүлүгүн сактап калабыз десек бирничиден элибиздин салтын, тилин, дилин жана жашоо-турмушунун маңызын терең үйрөнүүгө дайым даяр болушубуз керек. Ачкыч сөздөр: Ош, Талас, бала, төрөт, үй-бүлө, бешик, салт, эне.
Özet (Çeviri)
Doğum her zaman Kırgız halkı için en mutlu olaylardandır. Dünyaya gelen her çocuk sadece anne babanın değil aynı zamanda akrabaları, komşuları, soyu ve sopu da sevindirmektedir. Çünkü her doğum ailenin akrabaların soyunun, sopunun sayısını artırmaktadır. Çocuğun doğması dünyadaki en güzel ve en tatlı olaylardın diri olarak sayılmaktadır. Elbette çocuk insanoğlunun devamını belirten önemli bir simgedir. Yaşamın başlangıcı olan doğum en önemli geçiş dönemlerinden olup:gelenek, görenek, adet ve inanmalar hamile kadın ve çevresindekileri daha doğum öncesinden hatta çocuk sahibi olma isteğinden başlayarak birtakımadetlere uymaya bu adetlerin gerektiği işlemleri yerine getirmeye zorlamıştır. Doğum öncesi gelenek görenek, adet ve inanmalara yönelik uygulamalar, kısırlığı giderme, hamile kalma, aşerme, hamilelik esnasında hamile kadının kaçındığı davranışlar etrafından yoğunlaşmaktadır. 12 Her millettin kendine özgü örf ve adetleri ve milli özellikleri bulunmaktadır. Hiç şüphe yoktur ki, Kırgız milleti de yüzyıllarca kuşaktan kuşağa aktardığı kendine has özelliklere sahiptir. Buna benzer milli özelliklerden biri de çocuğun dünyaya gelmesi ve onu yetiştirme geleneğidir. Kırgızlar'da doğum, doğum ritüelleri ve onunla ilgil gelenekler, adem oğlunun yaratıldığı zamandan beri vardır. Bu gelenekler o zamandan itibaren daha da güçlenerek gitgide milli geleneğe dönüşmüştür. Kırgız halkında doğum, doğum ritüelleri çocuk yetiştirme ile ilgili örf ve adetler, batıl inançlar özellikle günlük hayattımızda önemli bir yere sahiptir. Kırgız halkı, doğum ritüelleri ve çocuk yetiştirme ile gelenek ve göreneklerini ezelden beri koruyagelmiştir. Bu gelenek ve göreneklerin gelişmesinde sadece halkımızın hayat tarzı değil, yaşam koşulları dışında dini inançları, coğrafi koşullar da büyük rol oynamıştır. Şu anda Kırgız halkının gelişmesi ve değişmesiyle beraber doğum ritülleri ile çocuk yetiştirme gelenek ve görenekleri de büyük değişikliklere uğramış durumundadır. Ancak eskiden beri süre gelen örf ve adetlerimizin de bir bakımdan unutulup kalacağından endişe duyulmaktadır. Çünkü küreselleşme çağında bu değişikliklerin kaçınılır mı yada kaçınılmaz mı sorusuyla karşı karşıyayız. Aslında her milletin kendine göre özelliği o milleti oluşturan hem örf ve adetlere hem gelenek hem de göreneklere bellidir. Bu gelenek ve görenekleri insanoğlu küçüklüğünden hatta doğduğundan itibaren öğrenmektedir. Anababa seni ne kadar severse sen de o sevgiyi çocuklarına verebilmelisindir. Esasen hangi toplum olursa olsun, hangi devlet olursa olsun onun çekirdeğini aile oluşturmaktadır. Birlik ve beraberliğe, sevgiye dayanan ailenin temeli sağlamdır. Aile kavramı bir toplumda ne kadar sağlamsa, o toplum da o kadar sağlamdır. Toplumun çekirdeği aile ise, ailenin çekirdeği de annedir. Annenin önemli görevi ise çocuk yetştirmek ve ona doğru eğitim vermektir. Çünkü bu annenin esas görevidir. Dolayısıyla anne sadece, çocuğun fiziksel yetişmesiyle değil, en önemlisi çocuğa ana dilini, örf ve adetlerini genel olarak milletinin milli değerlerini aşılamakta görevlidir. Gelecek nesle eğitim vermek ve ona eskiden beri süregelen milli değerleri aşılamak, her toplumun önemli görevidir.“Gelecek genclerindir”denildiği gibi her genç nesil halkının devamıdır. Bu yüzden kendi milletimizin değerlerine sahip 13 çıkmak istiyorsak öncellikle öz dilimizi, gelenek ve göreneklerimize her yönüyle öğrenmemiz şarttır. AnahtarSözcükler:Oş, Talas, çocuk, doğum, gelenek, beşik, aile, an
Benzer Tezler
- Sosyo-kültür tarihi bakımından Kırgızlarda tören ve merasimler
Celebrations and ceremonies of the Kyrgyz in terms of socio-cultural history
FERAY OFLAZ
Yüksek Lisans
Türkçe
2022
TarihKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTarih Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. CENGİZ BUYAR
- Günümüz Kırgız toplumunda doğum-ölüm geleneği ve bunun tarihi izleri (Narın bölgesi örneği)
Rituals and customs associated with birth and death in the Kyrgyz society current and history of appearance (By the example naryn region)
ALİ ÜNAL
Yüksek Lisans
Türkçe
2010
TarihKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTarih Ana Bilim Dalı
PROF. DR. İLHAN ŞAHİN
- Kırgızlar'da doğum, evlenme ve ölüm fenomenleri
Phenomenons of birth, marriedge and death in Kyrgyzs
KEMAL POLAT
Doktora
Türkçe
2003
DinAtatürk ÜniversitesiFelsefe ve Din Bilimleri Ana Bilim Dalı
DOÇ.DR. ALİ RAFET ÖZKAN
- Alıkul Osmonov Ben, Şairi Kırgız'ın adlı eserin tematik bir incelemesi
Alıkul Osmonov Ben, a thematic analysis of the Poet Kyrgyz's title
MUAMMER İĞDEŞ
Yüksek Lisans
Türkçe
2023
Türk Dili ve EdebiyatıKarabük ÜniversitesiTürk Dili ve Edebiyatı Ana Bilim Dalı
PROF. DR. ZHYLDYZ ISMAILOVA
- Re-placing induced abortion and contraception: A special focus on ethno-cultural differences in the cases of Turkey and selected Central Asian states
İstemli düşük ve gebeliği önleyici yöntem kullanımının yerini yeniden belirleme: Türkiye'de ve seçilmiş Orta Asya ülkelerindeki etno-kültürel farklılıklara özel bakış
ALANUR ÇAVLİN BOZBEYOĞLU