Кыргызстандын валюта саясатынын экономикага тийгизген таасири
Kırgızistan'da uygulanan döviz kuru politikasının ekonomiye etkileri
- Tez No: 614708
- Danışmanlar: YRD. DOÇ. DR. CUNUS GANİEV
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Ekonomi, Economics
- Anahtar Kelimeler: Döviz, döviz kuru politikası, para sistemi, makroekonomik göstergeler, Kırgızistan Cumhuriyeti v.d
- Yıl: 2015
- Dil: Türkçe
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: İktisat Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 150
Özet
Валюта саясаты ар бир мамлекеттин финансылык коопсуздугун сактоодо негизги ролду ойнойт. Финансылык коопсуздук, мамлекеттин чет өлкө валютасы менен тышкы карыздарын төлөөсүн жана валюта рыногундагы керектөөчүлөрдүн талабын камсыздоо, ошону менен бирге улуттук валютанын курсунун кескин өзгөрүшүнөн жана тышкы шоктордон коргоо болуп саналат. Акыркы он жылдыктарда, глобалдашуу шарттарында дүйнөлүк финансы рыногу жана финансы кызматтарынын бат өнүгүп жатканын байкоого болот. Мындай шарттарда, валюта курстарынын динамикасы бүткүл дүйнө боюнча өлкөлөрдүн жалпы макроэкономикалык абалына чоң таасир тийгизүүдө. Ата мекендик акча кредит саясаты дүйнөлүк пайыздык ставкаларга таасирин тийгизе албаган Кыргызстанга окшогон чакан, ачык экономикалуу өлкөлөрдө, улуттук валютанын алмашуу курсу тышкы өзгөрүүлөргө ийкемдешүүдө, өлкөнүн өнүгүүсүндө негизги инструмент болуп келүүдө. Ошол себептен, валюта саясаты анын ичинде валюта курсу мамлекеттер тарабынан манипуляцияланган эң популярдуу, анализденүүчү экономикалык инструменттердин катарына кирет. 3 Кыргыстандын парламенти тарабынан 1993-жылдын 10-майында улуттук валютабыз“сом”кабыл алынган. Бул мамлекеттин көз карандысыз түрдө каржы жана акча-кредиттик саясатын жүргүзүүгө, экономиканы көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген. Өлкөбүз валюта курсунун көп түрдүүлүгүнөн баш тартып, ийкемдүү валюта курсунун“башкарылган өзгөрмө”режимине өткөн. Сомдун киргизилишинен баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (УБ) борбордук банк функцияларын толугу менен аткара баштаган. УБтын акча-кредит саясатынын негизги максаты ички рынокто баалардын стабилдүүлүгүнө жетишүү, аны менен макроэкономикалык стабилдүүлүк жана экономикалык өсүш шарттарын камсыздоого жетишүү болуп саналат. Баанын жалпы деңгээлин турукташуусун камсыз кылуу КР Улуттук банкынын жүргүзгөн акча-кредит саясатынын негизги максаты болуп саналат. Бул магистрдик иштин максаты Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин жүргүзгөн валюта саясатынын өлкө экономикасына таасири кандай болду, айрыкча сомдун алмашуу курсунун негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен байланышы, аларга болгон таасирин анализдөө, башкача айтканда валюта саясатынын эффективдүүлүгүн анализдөө болуп саналат. Сомдун алмашуу курсунун кээ бир макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен болгон байланышын аныктоо үчүн эконометрикалык ыкмалар жардамында анализ жасалды. Үч бөлүмдөн турган бул магистрдик иштин биринчи бөлүмүндө валюта, валюталык саясат түшүнүктөрү жана дүйнөлүк валюта системасынын эволюциясы баяндалган. Ал эми экинчи бөлүмдө валютанын алмашуу курсунун негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен болгон байланышы каралып, ал үчүн эконометрикалык ыкмалардын жардамында анализ жасоого аракет кылынды. Үчүнчү бөлүмдө Кыргызстандын валюта саясаты, анын эфективдүүлүгү, андагы маселелер жана перспективалары каралып, аныкталган маселелерди чечүү жолдорун сунуштоого аракет кылынды. Ачкыч сөздөр: Валюта, валюта саясаты, валюта системасы, макроэкономикалык көрсөткүчтөр, валюта курсу, эффективдүүлүк, Кыргыз Республикасы ж.б.
Özet (Çeviri)
Döviz kuru politikası her ülkenin finansal güvenliğinde önemli rolü oynar. Finansal güvenlik, devletin yabancı döviz ile dış borçlarını ödemesi ve döviz piyasasındaki talebi sağlaması, onunla birlikte döviz kurunu aniden değişmesinden ve dış şoklardan korumadır. Son yıllarda globalleşme bağlamında dünya finans piyasası ve finans hizmetlerinin hızla değiştiğini görüyoruz. Bu ortamda, döviz kurlarının dinamikleri her ülkenin makroekonomi göstergelerini büyük bir ölçüde etkiliyor. Yerli para politikası küresel faiz oranlarını etkileyemeyen Kırgızistan gibi küçük, açık ekonomiye sahip ülkelerde, ulsal paranın döviz kuru dış değişiklerine uyumada ve ülkenin gelişmesinde önemli bir araçtır. Bu nedenle, döviz kuru politikası ülkelerce en çok manipüle edilen ve analiz edilen ekonomik araçtır. Kırgızistan'ın parlamentosu tarafınan 10 Mayıs 1993 yılaında ulusal para“som”kabül edilen. Bu ülkenin bağımsız olarak finans ve para politikasını yürütmeye yol açmıştır. Kırgızistan dalgalı döviz kuru rejimini seçti. Som'un kabul edilmesinden itibaren Kırgızistan Cumhuriyeti'nin Milli bankı merkez bankasının görevlerini yapmaya başladı. 5 Milli bankamızın para politikasının önemli amacı, iç piyasada fiyat istikrarını sağlamak, onunla birlikte makroekonomik istikrarı ve ekonomik büyümeyi sağlama. Fiyatlar genel düzeyininin stabilize etmek Milli bankamızın para politikasının önemli amacıdır. Bu yüksek lisans çalışmanın amacı Kırgızistan Cumhuriyeti'nin egemenliğini aldıktan sonra yaptığı döviz kura politikasının ülke ekonomisini nasıl etkiledi, özellikle som'un döviz kurunun önemli makroekonomik göstergeler ile ilişkisi ve onların etkilerini analiz etmektir. Onun için ekonometrik yöntemleri kullanılarak analiz edildi. Üç bölümü kapsayan bu çalışmanın birinci bölümünde döviz, döviz kuru politikası kavramları ve dünya para sisteminin evrimi anlatılıyor. İkinci bölümünde ise döviz kurunun önemli makroekonomik göstergeler ile ilişkisi ekonometrik yöntemler yardımıyla analiz edildi. Üçüncü bölümde Kırgızistan'ın döviz kuru politikası, onun etkinliği ve beklentileri anlatılıyor, belirlenen sorunları çözmeye öneriler verildi.
Benzer Tezler
- Валюталык курс саясаты жана анын ачык экономикадагы макроэкономикалык таасирлери: кыргызстан мисалында
Döviz kuru politikası ve onun açık ekonomideki makroekonomik etkileri: Kırgızistan örneği
NURİZA ÇEKEEVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2019
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİktisat Ana Bilim Dalı
YRD. DOÇ. DR. DAMİRA BAİGONUŞOVA
- Кыргызстандагы инфляциялык процесстердин проблемалары
Kırgızistandaki enflasyon süreçlerinin problemleri
KAYRAT TULEKEYEV
Yüksek Lisans
Kırgızca
2012
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİktisat Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. CIPAR AYTUGANOVA
- Кыргызстандагы инфляциялык процесстер, алардын негизги себептери жана факторлору
Kırgızistandaki enflasyon süreçleri, onların temel nedenleri ve faktörleri
ESENGELDİ CUMADİLOV
Doktora
Kırgızca
2017
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİktisat Ana Bilim Dalı
PROF. DR. CUSUP PİRİMBAYEV
- Кыргызстандын түндүк тарабындагы отурукташтыруу жана коллективдештирүү жараяны (1920-1930 жж.)
Process of collectivisation and settlement in the north of Kyrgyzstan (1920-1930 years)
GÜLKAYIR OROZBAYEVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2011
TarihKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTarih Ana Bilim Dalı
PROF. DR. ANVARBEK MOKEEV
PROF. DR. DÖÖLÖTBEK SAPARALİYEV
- Кыргызстандын социалдык багыттагы рынок экономикасынын өзгөчөлyктөрyн анализдөө
Kırgızistan sosyal piyasa ekonomisinin özelliklerinin incelenmesi
ESENGELDİ CUMADİLOV
Yüksek Lisans
Kırgızca
2011
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİktisat Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. Cıpar Aytuganova