Кыргызстандагы инфляциялык процесстердин проблемалары
Kırgızistandaki enflasyon süreçlerinin problemleri
- Tez No: 614062
- Danışmanlar: DOÇ. DR. CIPAR AYTUGANOVA
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Ekonomi, Economics
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2012
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: İktisat Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 134
Özet
Азыркы глобалдык экономикада инфляциялык процесстер дүйнөдө маанилүү ролго ээ. Өз алдынчалыктын алгачкы төрт-беш жылында маанилүү инфляция маселесине кабылган Кыргызстанда да бул маселеге каршы күрөшүүдө жүргүзгөн ар кандай иш чаралары натыйжасында бүгүнкү күндө аны чечүүдө дээрлик канааттандырарлык саясат жүргүзүүдө. 1993-жылы улуттук акчанын кабыл алынышы, 1998-жылдан бери Кыргыз Республикасы Улуттук Банкынын акча-кредит саясатын көз карандысыз негизде жүргүзүп жатышы жана акча-кредит саясатынын негизги максаты катары баалардын туруктуулугун сактоонун белгилениши сыяктуу иш аракеттер негизинде өлкөдө инфляция деңгээли акыркы беш-алты жылдан бери 10-15%дын тегерегинде болууда. Бирок инфляциянын төмөн сакталышы чындап эле акча-кредит саясатынын эффективдүүлүгүн көрсөтөбү жана узак мөөнөттө да мындай саясатты уланта берүүгө болобу деген сыяктуу суроолор жоопсуз. Бул сыяктуу суроолорго жооп табуу үчүн өлкөдө инфляцияга таасир берип жаткан 4 факторлор изилдениши керек. Ошол себептен, магистрдик иштин максаты катары инфляция маселесин жаратып жаткан факторлорду аныктоо боюнча ар кандай теориялар жана изилдөөлөр көлөкөсүндө Кыргызстанда инфляцияга таасир эткен факторлорду аныктоо максаты тандалып алынган. Теориялык жана практикалык изилдөөлөргө таянуу менен изилдөө жүргүзүлдү жана эсептөөлөр, тесттер негизинде өлкөбүздө кыска жана узак мөөнөттө инфляцияга негизинен сырткы баалар жана валюталык курстун таасир берип жаткандыгы аныкталды. Мындан сырткары узак мөөнөттүү депозиттик пайыздык ставкалардын да күчсүз, бирок статистикалык жактан маанилүү таасири бар экендиги байкалган. Ал эми акча сунушу, номиналдуу эмгек акылар сыяктуу факторлор менен инфляция арасында маанилүү байланыш жок экендиги ойлондурбай койбойт. Графиктен да байкалгандай, акча массасы 2001-жылдан бери өтө бат ылдамдыкта өсүп жаткандыгына карабастан, инфляция салыштырмалуу бир топ эле жай болгон. Демек, Улуттук Банк инфляцияны контрольдоодо акча массасын контрольдоо боюнча саясат ордуна валюталык курс боюнча саясатты активдүү колдонууда. Бул саясат кыска мөөнөттө өз максатына жетип жатса да, аны узак мөөнөттө улантуу мүмкүн эмес. Себеби, импорттук товарларга болгон муктаждык натыйжасында төлөө балансынын туруктуу дефицити улуттук акчанын күчүн жоготушуна басым жасайт. Улуттук Банк болсо, валюталык курстун кескин төмөндөшүнүн алдын алуу үчүн тынбай валюта сатууга мажбур болот. Бирок акыркы жылдарда чет өлкөдө иштеп жаткан мигранттарыбыздын ири өлчөмдөрдө валюта алып келип жатышы Улуттук Банктын ишин жеңилдетүүдө. Ал эми узак мөөнөттө мигранттардын алып келе турган акчаларына же тышкы карызга таянуу менен саясат жүргүзүүгө болбой калышы толук мүмкүн. Ошондуктан узак мөөнөттө инфляция менен күрөшүүдө ийгиликтүү болуш үчүн өндүрүштү жогорулатуу, өлкөнүн тышкы соода байланыштарында өлкөгө терс таасир тийгизе турган сырье, иштетилбеген товарлар экспорту 5 ордуна кошумча наркы жогору болгон иштетилген товарлардын өндүрүшүн жана экспортун көбөйтүүгө багытталган саясат жүргүзүү менен импорттук товарларга болгон көз карандылыкты кандайдыр бир бөлүгүн болсо да азайтуу, башкача айтканда, эл аралык рынокто атаандаштыкка туруштук бере турган негизде өндүрүштү стимулдоо, тышкы булактарды мүмкүн болушунча эффективдүү колдонуу жана ички, элдин колунда бош турган акчаларды (үнөмдөөлөрдү) банк системасы аркылуу инвестицияга багыттоо боюнча иш чараларды жүргүзүү керек. Ачкыч сөздөр: Инфляция, инфляциялык процесстер, акча сунушу, валюталык курсу, сырткы баалар, номиналдуу алмаштыруу курсу, реалдуу алмаштыруу курсу, керектөө баалар индекси.
Özet (Çeviri)
Как известно, в экономике Кыргызстана в первые годы независимости имело место гиперинфляция. Начало работы Национального Банка и анти-инфляционной политики государства можно связать с введением в 1993 году кыргызской национальной валюты. Цель такой политики состояла в достижении и сохранении устойчивости цен. Благодаря этим мероприятиям решение проблем инфляции считается в настоящее время удовлетворительным. Возникает вопрос: какой инструмент денежно-кредитной политики государства является более эффективным, и кроме того, можно ли рассчитывать на такую политику в долгосрочный период? Целью данного исследования является поиск ответов на эти вопросы. В работе изучены теория и практика факторов, влияющих на инфляционные процессы. На этой основе сделан анализ факторов инфляции в Кыргызстане. С помощью различных тестов и анализов определены два основных фактора влияющих на инфляцию в краткосрочном и долгосрочном периодах. Это внешние факторы и валютные курсы. Кроме того установлено, что 11 процентные ставки долгосрочных депозитов являются опосредованным фактором инфляционных процессов в Кыргызстане. Результаты анализа показали, что нет прямой связи между предложением денег и инфляцией. В результате анализа сделан вывод о том, что основным инструментом антиинфляционной политики Национального Банка является валютная интервенция. Контроль и регулирование предложением денег в анти-инфляционной политике играют незначительную роль. Анти-инфляционная политика в долгосрочном периоде должна учитывать рост объема внутреннего производства, а также рационального использования внешних ресурсов. При этом важно стимулирующая политика, направленная на производство и экспорта переработанных товаров с высокой добавленной стоимостью. Для роста отечественного производства необходимо максимальное использование внутренних сбережений на основе государственных гарантий и долгосрочных депозитов. Kлючевые слова: Инфляция, инфляционные процессы, денежная масса, валютный курс, внешние цены, номинальный обменный курс, реальный обменный курс, индекс потребительских цен.
Benzer Tezler
- Кыргызстандагы инфляциялык процесстер, алардын негизги себептери жана факторлору
Kırgızistandaki enflasyon süreçleri, onların temel nedenleri ve faktörleri
ESENGELDİ CUMADİLOV
Doktora
Kırgızca
2017
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİktisat Ana Bilim Dalı
PROF. DR. CUSUP PİRİMBAYEV
- Кыргызстандагы мектеп-медреселер(xıx-xx кылымдын башына чейин)
Kırgızistan'daki mektep ve medreseler(xıx-xx yüzyılın başına kadar)
CAYNAGÜL TACİBAY KIZI
Yüksek Lisans
Kırgızca
2022
TarihKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTarih Ana Bilim Dalı
YRD. DOÇ. DR. ROZA ABDYKULOVA
- Кыргызстандагы ийне жалбырактуулардынкозу карындык илдеттерине мүнөздөмө берүү
Kırgızistan'da iğne yapraklı ağaçlarda görülen fungal hastalıkların karakteristikleri
AYDANA ASKAROVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2021
ZiraatKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiBitki Koruma Ana Bilim Dalı
DR. MAHABAT KONURBAYEVA
- Kırgızistan'da reklamcılıkla ilgili yapılan akademik çalışmalar üzerine bir araştırma
Кыргызстандагы реклама тармагына байланыштуу жүргүзүлгөн академиялык эмгектер боюнча изилдөө
NURPERİ BAKAZOVA
Yüksek Lisans
Türkçe
2021
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİletişim Bilimleri Ana Bilim Dalı
DR. ASLI YURDİGÜL
- Kırgızistan'da toplum temelli turizmin bölgesel kalkınmadaki rolü: Bir karma yöntemler araştırması
Кыргызстандагы коомчулукка негизделген туризмдин аймактык өнүгүүдөгү ролу: аралаш методдор аркылуу изилдөө
NURSULTAN SIDIKOV
Yüksek Lisans
Türkçe
2021
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTurizm İşletmeciliği ve Otelcilik Ana Bilim Dalı
YRD. DOÇ. DR. TOLGA GÖK