Geri Dön

«тышкы сооданын кыргызстандын экономикалык өсүшүнө тийгизген таасири»

Dış ticaretin Kırgızistan'ın ekonomik büyümesine etkisi

  1. Tez No: 614707
  2. Yazar: ELNURA TURSUNBEKOVA
  3. Danışmanlar: DOÇ. DR. DAMİRA CAPAROVA
  4. Tez Türü: Yüksek Lisans
  5. Konular: Ekonomi, Economics
  6. Anahtar Kelimeler: Dış ticaret, GSYİH, ekonomik büyüme, ihracat, ithalat, Kırgızistan ekonomisi, Granger tesri, VAR analizi
  7. Yıl: 2015
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: İktisat Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 135

Özet

Өлкөнүн улуттук чарбасын жандандырууда, өлкө ичинде экономикалык өсүштү камсыз кылууда тышкы соода саясатынын туура жүргүзүлүшү чоӊ таасир берет. Өзгөчө өлкөнүн экспорт потенциалынын жогорулоосуна, улуттук өнөр жай жана башка ишканалардын атаандаштык позицияларынын жогорулоосуна, дүйнөлүк рынокто өз ордун табуусуна жардам берет жана экономикалык өсүштү камсыз кылат. Өлкөнүн экономикасын жандандырууда тышкы сооданын маанилүүлүгү, анын эң негизги көрсөткүчтөрү болгон экспорт, импорттун экономикалык өсүш менен болгон байланышы кеңири талкууланган темалардын бири. Бул боюнча экономикалык теорияда изилденген теориялык жана эмпирикалык эмгектерге таянып айта турган болсок, экспорттун экономикалык өсүшкө оң таасир берээрин байкайбыз. Экономиканын өсүшүнө себептүү деп экспортту эсептөө менен бирге, экспорт жана экономикалык өсүш арасында себептүүлүк байланышы экспорттон экономикалык өсүшкө карата, экономикалык өсүштөн экспортко карата да болушу мүмкүн экени далилденген. Өзгөчө экспорт менен экономикалык өсүш арасында карама-каршы себептүүлүк байланыштын болушу мүмкүн же болбосо алардын арасында эч кандай байланыштын болбой калышы да мүмкүн. Бул магитсрдик иштин негизги максаты да ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы тышкы сооданы, тагыраак айтканда экспорт жана импорттун структурасын изилдөө, ошондой эле тышкы сооданын экономикалык өсүшкө таасирин баалоо, экспорт, импорт жана экономикалык өсүш арасында себептүүлүк анализин жүргүзүү. Бул магистрдик диссертацияда, экономика илиминде тышкы соода көрсөткүчтөрү болгон экспорт, импорттун экономикалык өсүш менен болгон байланышын изилдеген эмгектер арасында анализ жүргүзүлгөн. Анализдин жыйынтыгында экономикалык теорияда тышкы сооданын экономикалык өсүшкө таасири жана алардын кандай жыйынтыктарды алып келээри боюнча бирдиктүү бир ой жок экени байкалды. Буга чейинки каралган теорияларды системалаштырып келгенде, экспорт экономикалык өсүшкө жалпы суроо-талап жана сунушту стимулдаштыруу менен таасир берээри аныкталган. Жалпы суроо-талаптын стимулдаштырылышы түздөн түз экспорттун өсүшү менен жүргүзүлөт, ал эми кыйыр түрдө ишчилердин айлык маянасынын жогорулашы, ишканалардын кирешеси, салык жана бажы төлөмдөрдүн жогорулашы менен жүргүзүлөт. Бул бара– бара керектөө чыгымдарынын өсүшүнө, ишканалардын инвестициясына жана албетте мамлекеттик чыгымдардын жогорулоосун алып келет. Жалпы сунушту стимулдаштыруу түздөн түз экспортко багытталган тармактарда өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу аркылуу жүргүзүлөт. Импорттун экономикалык өсүшкө v таасир этүү механизми ар тараптуу болуп кетээри маалым болгон. Бир жагынан импорттун өсүшү улуттук товар жана тейлөөнүн жалпы талабынын төмөндөшүнө, натыйжада жалпы сунуштун төмөндөшүнө алып келет. Башка жагынан караганда ишканаларга технологиясы жогору товарларды импорттоо улуттук экономикалык өсүштү стимулдаштырат. Эмпирикалык изилдөөдө Кыргызстандын 1992-2013-жылдар арасындагы экспорт, импорт жана экономикалык өсүш себептүүлүк байланышынын анализи жүргүзүлдү. Бирдиктү тамыр тестинин жыйынтыгына караганда баардык сериялардын деңгээлде стационардуу болгону көрсөтүлдү. Грэнджер себептүүлүк тестинде экономикалык өсүш, экспорт жана импорт арасында себептүүлүк байланышы каралган, тесттин жыйынтыгына ылайык импорт экспорт бир тараптуу байланышы жана импорт экономикалык өсүш байланышында да бир тараптуу байланыш бар экени маалым болду. VAR анализинин жыйынтыгына карасак экономикалык өнүгүү менен тышкы сооданын ортосунда, өзгөчө импорттун оң байланышы бар экендиги, ал эми экспорт жана экономикалык өсүш арасында байланыштын жок экендиги аныкталды. Импорт менен экспорттун ортосунда оң, тыгыз байланыш бар, жана бул байланыш убакыттын өтүшү менен жогорулоосун көргөздү. 2013-жылда өнөр жай товарлары жана ар кандай даяр буюмдар 24,7%ы импорттолгон болсо, ошол эле учурда экспортко өнөр жай товарлары жана ар кандай даяр буюмдар 19,3% чыгарылган, ошол эле көрүнүш машиналар жана транспорттук жабдууларда ж.б. байкалган. Бул байланыш Кыргызстандын экономикасында ошол эле импорттолгон товарлардын кайрадан экспортко багытталышы, тагыраак айтканда реэкспорт бар экенин тастыктады. Жалпылап айтканда экономикалык өсүштөгү өзгөрүү импортко байланыштуу, узак мөөнөт аралыгында 80%таасир берет. Ошондой эле көрүнүш экспорттон байкасак болот. Экспортто узак мөөнөт аралыгында импорттун таасири 76 % түзөт. Муну менен биз Грэнджер себептүүлүк тестинде чыккан жыйынтыкты, импорттун экономикалык өсүшкө жана экспортко таасирин VAR анализи менен дагы бир жолу тастыктадык. Демек Кыргызстанда Бажы биримдигиндеги тарифтер коюлуп, ишке киргизиле баштаганда импорттук товарлардын баасы жогорулап, көлөмү төмөндөйт, бул учурда биздин өлкөдө экспорт ипорттун натыйжасында жүргүзүлүп жаткандыктан реэкспортко багытталган экспорттун көлөмү төмөндөйт, муну менен бирге экономикалык өсүш да төмөндөйт. Бажы биримдигине кирүүдө экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн өлкөнүн ичинде инвестициянын негизинде кайра иштетүүчү өнөр жайларды куруу, өндүрүштөрдү жогорулатуу керек. Импорттун жана экспорттун структрасын өзгөртүү зарылчылыгы бар. Учурда экспортко көбүнесе иштетилбеген чийки зат чыгарылууда, ал эми импортто жай гана өндүрүлгөн товарлар, даяр прордукт импорттолууда. Эгер өлкө ичине жогорку сапаттагы өндүрүшкө багытталган технологияларды импорттоо менен кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын курулса экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү жогорулайт. Себеби жогорку сапаттагы технология товарлары өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу менен экономикалык өсүштү камсыз кылат. Кайра куруучу ишканаларды ачуу менен калкты жумуш орду менен камсыз кылынат жана экспорттоло турган товардын баасы жогорулайт, бул өлкөнүн кирешесин жогорулатат. Экспортко чийки зат чыгарбастан жарым иштетилген жана кайра иштетилген товарларды чыгаруу керек. Ачкыч Сөздөр: Тышкы соода, ИДП, Экономикалык өсүш, Экспорт, Импорт, Кыргызстан экономикасы, Гренджер тести, VAR анализи.

Özet (Çeviri)

Ülkede ulusal ekonominin canlandırılması ve ekonomik büyümenin sağlanması için dış ticaret politikasının doğru düzgün yürütülmesi çok etkiler. Dünya ekonomisindeki yerini bulmak ve ekonomik büyümeyi sağlamak için, ulusal sanayi ve diğer işletmelerin rekabetçi konumunu iyileştirmek ülkenin ihracat potansiyelinin geliştirilmesinde özellikle yararlı. Dünyaca en çok tartışılan konulardan biri ithalat, ihracat ve ekonomik büyüme arasındaki ilişkidir. Ekonomik teorideki araştırılan teorik ve ampirik çalışmalara göre ihracat ülkenin ekonomik gelişimi için olumlu bir etkisi vardır. Geçtiğimiz 35 yılda, birçok gelişmiş ülkeler önce kullanan“ithal yoluyla ekonomik büyümeyi sağlamak”tan“ihracat yoluyla ekonomik büyümeyi sağlamak”politiğine geçmişlerdir. Ekonomik büyümenin nedeni ihracat derken, ihracat ile ekonomik büyüme arasında nedensel bir ilişki var olduğu ve bu nedensellik ekonomik büyümeden ihracata doğru, ihracattan ekonomik büyümeye doğru oluşabilirliği kanıtlanmış. Özellikle ihracat ve ekonomik büyüme arasındaki zıt nedensel ilişki olabilir, ya da hiç bağlantı olmayabilir. Bu çalışmanın temel amacı da buna bağlı, Kırgız Cumhuriyeti'nin dış ticaretin, yani, ihracat ve ithalat yapısı, yanı sıra dış ticaret ve ekonomik büyüme arasındaki nedensellik analizi, dış ticaret etkilerinin değerlendirilmesidir. Yapılan lisans tezinde ekonomik büyüme ve dış ticaret arasında gerçekleştirilmiş çalışmalar arasında analiz yapıldı. Analiz sonucunda iktisat teorisinde, dış ticaretin ekonomik büyümeye etkisi konusunda araştırmacıların görüş birliği olmadığı görülmektedir. Dikkate alınmış teorilerin sonucunda onları sistematik hale getirdiğimizde ihracat artışı, toplam talep ve arzı stimül ederek ekonomik büyümeye neden olacak. uyarılmış Toplam talebin stimül edilmesi doğrudan ihracatın yükselmesi ile, dolaylı çalışanların maaşlarını, firmaların gelirini ve gümrük vergileri artırarak yapılır. Bu giderek tüketici harcamalarındaki artış, firmaların yatırım yapmasına ve hükümet harcamalarındaki artışa yol açar. Toplam arzı stimüle etmede doğrudan ihracata odaklı sektörlerde üretim hacmini üykselterek gerçekleştirilir. Ekonomik büyüme üzerindeki ithalatın etkisinin mekanizması çok yönlü,bir yandan ithalatın artışı iç mal ve hizmetlerin toplam talebin azalmasına yol açar, sonuçta toplam arzın düşmesine neden olur. Öte yandan firmal ara yüksek teknoloji ürünleri ithal ederek ulusal ekonomik büyümeyi teşvik eder vii Ampirik bir çalışmada 1992-2013 yılları arasında Kırgızistan'da ihracat, ithalat ve ekonomik büyüme arasındaki nedensel ilişkiyi analiz yapılmıştır. Birimkök testi sonucunda tüm serilerin durağan seviyede olduğu gösterildi. Granger nedensellik testinde ekonomik büyüme, ithalat ve ihracat arasındaki nedenselik ilişkisi analiz edildi, testin sonucuna göre import eksport arasında tek taraflı bir ilişki olduğu ve import ekonomik büyüme arasında tek taraflı ilişki olduğu sonucuna varılmıştır. VAR analizi sonucuna göre ekonomik büyüme ve dış ticaret arasında, özellikle ekonomik büyüme ile ithalat arasında pozitif bir ilişki olduğu ve ihracat ile ekonomik büyüme arasında hiçbir bağlantı yok olduğu kanıtlanmıştır. Ithalat ve ihracat arasında pozitif yakın bir ilişki vardır ve bu ilişki zamanla artar. Ekonomik büyümedeki değişmeler ithalata bağlı, uzun bir süre içinde % 80 etkiler. Aynı durum ihracat ile ithalat arasında gözlenebilir, uzun süre içinde ihracat ithalatı 76% etkiler. Böylece Granger nedensellik testinde elde edilen, ithalatın ekonomik büyümeye ve ihracata etkisi VAR analizinde de kanıtlanmıştır. Sonuç olarak Kırgızistan'da ekonomik büyüme ve dış ticaret arasında, özellikle ithalat üzerinde olumlu bir ilişki var olduğu ve aynı anda ihracat ve ekonomik büyüme arasında herhangi bir bağlantı yok olduğu sonucuna varılmıştır. Ihracat ile ithalat arasında yakın ve pozitif bir ilişki var olduğu ve bu ilişki zaman geçtikçe yükselmeyi gösterir. Yani Kırgızistan'da Gümrük Birliği tarifeleri uygulandıkça, ithal malların fiyatları artacak bu nedenle hacmi düşecek, ülkemizde ihracat ithalat ile bağlı olduğu için ihracat hacmi düşecek, sonuçta ekonomik büyüme de inecek. Gümrük Birliği'ne giriyorken ekonomik büyümeyi sağlamak için yatırımın yardımı ile sanayi işlemeleri kurmak, üretimi artırmak gerekiyor.Bundan başka ihracat ve ithalat yapısını değiştirmek önemlidir. Ülke içine kaliteli teknolojileri ithal ederek yeniden işleme fabrikası, sanayiyi oluşturmak gerek. Yüksek teknoloji malları üretim hacmini artırarak ülkemizin ekonomik büyümesini sağlayacak. Bu tür fabrikaların varlığı, işçileri iş ile sağlar ve ihracat malların fiyatını artırır, bu da ülkenin gelirini artırır. İhracata hammadde üretmeden yarım kullanılan veya tamamen kullanılan malları üretmemiz lazım.

Benzer Tezler

  1. Кыргызстандын тышкы соодасынын структуралык анализи: (1991-2013-ж)

    Kırgızistan dış ticaretinin yapısal analizi: (1991-2013)

    ZAMİRA ÖSKÖNBAYEVA

    Doktora

    Kırgızca

    Kırgızca

    2014

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. CUSUP PİRİMBAYEV

    PROF. DR. TURAR KOYÇUEV

  2. Күндөлүк эсеп тартыштыгы көйгөйү жана анын туруктуулугу: кыргызстан мисалында

    Cari açık problemi ve sürdürülebilirlik: Kırgızistan örneği

    UUBOLSUN NURKAMİLOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2023

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    DR. ZAMİRA ÖSKÖNBAEVA

  3. Dış ticaret ile ekonomik büyüme arasındaki ilişki: Afganistan örneği

    Тышкы соода менен экономикалык өсүштүн өз ара байланыш: Афганистан окуясы

    SAYED ABDULLAH OMER

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2023

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. İBRAHİM HALİL SUGÖZÜ

  4. Борбордук азияда тышкы миграциянын экономикалык жана экономикалык эмес факторлорунун изилдениши

    Orta Asyada'da uluslararası göç üzerindeki ekonomik ve ekonomik olmayan faktörlerin etkisinin incelenmesi

    BURULÇA SULAYMANOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2013

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. DAMİRA CAPAROVA

    DOÇ. DR. EBRU ÇAĞLAYAN

  5. Евразия экономикалык биримдиги өлкөлөрүндө мамлекеттик тышкы карыздын экономикалык өсүшкө тийгизген таасири

    Avrasya Ekonomik Birliği ülkelerinde kamu dış borcunun ekonomik büyüme üzerindeki etkisi

    BEGİMAİ BİLİMBEK KIZI

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2022

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. CUNUS GANİEV