Geri Dön

Кыргызстандагы инфляциялык процесстер, алардын негизги себептери жана факторлору

Kırgızistandaki enflasyon süreçleri, onların temel nedenleri ve faktörleri

  1. Tez No: 615613
  2. Yazar: ESENGELDİ CUMADİLOV
  3. Danışmanlar: PROF. DR. CUSUP PİRİMBAYEV
  4. Tez Türü: Doktora
  5. Konular: Ekonomi, Economics
  6. Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
  7. Yıl: 2017
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: İktisat Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 259

Özet

Диссертациялык иш Кыргызстандагы инфляциянын туруксуздугунун себептерин жана ага таасир берген факторлорду аныктоого максатталган. Ошондой эле мамлекетте жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын эффективдүүлүгүнө баа берүү болуп саналат. Бул багытта алгач инфляциялык процесстер жана алардын факторлорунун теориялык жана практикалык негиздери анализденди. Андан соӊ Кыргызстандагы жалпы экономикалык абалдын анализи негизинде инфляциянын туруксуздугунун себептери тереӊден изилденди. Аталган анализдердин жыйынтыгында монетардык жана монетардык эмес факторлорду камтыган инфляция модели түзүлдү. Инфляция көрсөткүчү катарында Кыргызстанда расмий эсептелинген жана кеӊири колдонулган керектөө бааларынын индекси, өндүрүүчүлөр бааларынын индекси, ИДП дефлятору жана азык-түлүк продуктарынын бааларынын индекси кабыл алынып, булардын ар бири боюнча өз-өзүнчө модельдери түзүлдү. Изилдөөнүн максаты инфляцияга таасир берген факторлордун конкреттүү сандык маанилерин эсептөө болгондуктан регрессиондук анализге басым жасалды. Эконометрикалык изилдөөбүздүн жыйынтыгына ылайык Кыргызстандагы керектөө бааларынын индексине импорттук товарлардын баасынын, транспорт индексинин (же күйүүчү-майлоочу каражаттардын, транспорттук кызматтардын баалары) жана кредиттердин пайыздык ставкаларынын өзгөрүшү эӊ чоӊ таасир берери көрүнүп турат. Модель боюнча импорттук товарлардын, транспорт индексинин, жана кредиттердин пайыздык ставкаларынын 1%-га жогорулашы керектөөчүлөрдүн бааларынын индексин катары менен 0.27, 0.26 жана 0.23 %-га арттыры аныкталды. Ал эми модельдеги кеӊири акча массасынын коэффициенти 0.11-ге барабар болду. ИДП дефляторунун моделине токтоло турган болсок, анда эсептелинген коэффициенттердин мааниси боюнча өндүрүштүк чыгашага таасир берген негизги факторлордун бири болуп турак-жай кызматтары, суу, электрэнергиясы, газ жана башка жагуучу каражаттарга болгон баалардын индексин чагылдырган көрсөткүч vi болуп, модель боюнча анын 1%-га жогорулашы дефляторду 0.68 %-га жогорулатары аныкталды. Ошондой эле дефляторго орчундуу таасир берген дагы бир фактор болуп орточо айлык акылардын өзгөрүшү саналды. Анын 1 %-га жогорулашы дефляторду 0.35 %-га жогорулатат. Ал эми кредиттердин ставкасынын жана күйүүчү-майлоочу каражаттардын бааларынын өсүшү катары менен дефляторду 0.25 %-га жана 0.16 %-га жогорулатат. Акча массасынын дефляторго таасири бир жактуу позитивдүү болуп, 3-кварталдык кечигүү менен 0.18 %дык өзгөрүүгө алып келет. Экспортко токтоло турган болсок, анда анын 1 %-га реалдуу өсүшү дефялторду 0.08%-га жогорулатат. Кыргызстандын шартында инфляцияны жөнгө салууда негизги көӊүл бура турган негизги маселелер болуп ички өндүрүштүн чабалдыгы, импорттон көз карандуулук, финансы ресурстарынын кымбаттыгы жана жеткиликсиздиги, экономикадагы орун алган жогорку доллардашуу процесси, валюта жана товар рынокторундагы ортомчулардын көптүгү, негизги өндүрүш ресурстарына болгон баалардын туруксуздугу саналат. Дал ушул көйгөйлөрдүн негизинде инфляция ушул күнгө чейин турукташа албай улам сайын кескин өсүүлөргө кабылып келет. Чындыгында жогоруда белгилегендей Кыргызстандагы баалар - импорттун бааларынан, кредиттердин ставкасынан, ички талаптан жана ишкердик чыгымдарына таасир бере турган айрым негизги товар жана кызматтардын бааларынан абдан таасирленет. Ошондуктан инфляцияны турукташтыруу үчүн эӊ оболу реалдык секторду турукташтыруу жана импорттон болгон көз карандылыкты төмөндөтүү болуп саналат. Өзгөчө абдан термелүүгө дуушар болуп жана ички керектөөнү толук камсыздай албай жаткан айыл-чарба өндүрүшүн бутуна тургузуп жана туруктуу өсүшүн камсыздоо зарыл. Мындан товар рынокторундагы ортомчулукту жана спекуляциялык пайда табуу аракетин натыйжалуу жөнгө салуу керек. Финансы секторуна токтоло турган болсок, бул жердеги негизги багыт акча массасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана кредиттик ставкаларды төмөндөтүүгө аракет кылуу абзел. Ал эми алмашуу курсунун туруктуулугун сактоодо улуттук акча массасын кысуу саясатына караганда валюта рыногундагы спекулянт ортомчулардын аракеттерин натыйжалуу жөнгө салуу, ошондой эле экономикадагы доллардашуу тенденциясын төмөндөтүү жана долларга болгон ички талапты азайтуу, реалдык секторду жандандыруу менен импортту азайтуу сыяктуу багыттарда иш алып баруу зарыл. АЧКЫЧ СӨЗДӨР Инфляция, Кыргызстан, керектөөчүлөр бааларынын индекси, акча массасы, регрессиондук модель.

Özet (Çeviri)

Tezin amacı Kırgızistandaki enflasyonun istikrarsızlık nedenlerini ve onu etkileyen faktörleri belirlemektir. Ve ülkede uygulanan para politikasının enflasyonu müdahale etmede etkinliğini değerlendirmektir. Bu yönde ilk olarak enflasyonist süreç ve onun faktörlerinin teorik ve pratik temellerinin analizi yapıldı. Daha sonra, Kırgızistanın genel ekonomik durumunun analizine dayanarak daha ayrıntılı olarak enflasyonun istikrarsızlık nedenleri incelenmiştir. Bu analizleri sonucunda parasal ve parasal olmayan faktörleri göz önüne alarak Kırgızistan için enflasyon modelleri kuruldu. Enflasyonun göstergesi olarak Kırgızistanda resmen hesaplanan ve yaygın olarak kullanılan tüketici fiyat endeksi, üretici fiyat endeksi ve GSYH deflatörü ve gıda ürünleri fiyat endeksi kullanılmıştır. Her biri için ayrı ayrı modeller oluşturuldu. Çalışmanın amacı enflasyonu etkileyen faktörlerin katsayılarını hesaplamak olduğu için regresyon analizi yapıldı. Ekonometrik çalışmanın sonuçları Kırgızistan'daki tüketici fiyat endeksinin ithal edilen malların fiyatınan, ulaşım indeksinen (ya da yakıt fonlar, nakliye maliyetleri) ve kredilerin faiz oranlarınan diğer faktörlere göre çok etkilendiğini gösterdi. Modele göre ithal edilen malların fiyatının, ulaşım indeksinin ve kredilerin faiz oranlarının yüzde 1 birime artışı tüketici fiyat endeksinde sırayla yüzde 0.27, 0.26 ve 0.23 birimdik artışa neden olacak. Modele katılan geniş tanımlı para arzının katsayısı ise 0.11 eşit oldu. GSYH deflatörü modeline göre Kırgızistandaki üretim maliyetini etkileyen en önemli faktör olarak konut hizmetleri, su, elektrik, gaz ve diğer yakıt araçlarının fiyatları belli oldu. Bunların fiyatlarının yüzde 1 birime yükselmesi GSYH yüzde 0.68 yükseltecek. Bir diğer önemli faktör nominal ücretlerin artmasıdır ve onun modeldeki katsayısı 0.35'e eşit oldu. Modele göre yakıt fonlarının fiyatlarının ve kredilerin faiz oranlarının yüzde 1 birime artışı GSYH deflatöründe sırayla yüzde 0.25 ve 0.16 birimdik artışa neden olacak. Geniş tanımlı para arzının tüketici fiyatlar endeksinde olduğu gibi GSYH deflatörüne de olumlu ve istatistiksel olarak anlamlı etkisi olduğu tespit edildi ve onun katsayısı ise 0.18 eşit oldu. Yurtiçi mallara olan dış talebi yansıtan ihracatın viii yükselmesinin de enflayonu küçük ama yükseltici etkisi var olduğu belli oldu ve onun hesaplanan katsayısı 0.08' eşittir. Bu ekonometrik analizler Kırgızistandaki enflayonun istikrarsızlığının temel kaynakları tüketici malların üretiminin yetersizligi ve ekonominin zayıflığı, ithalata olan bağımlılık, ekonomideki dolarizasyonun ve kredilerin faiz oranaların yüksekliği olduğunu göstermektedir. Bu nedenle fiyat istikrarını sağlamak için öncelikle reel sektörün istikrarlı büyümesinin sağlamak ve ekonominin ithalata bağımlılığını azaltmak gerekir. Etkin para politikası aracıyla kredilerin faiz oranalarını ve ekonomideki dollarizasyon seviyesini azaltmak ülkedeki fiyat istikrarını sağlamakta önemlidir. ANAHTAR KELİMELERİ Enflasyon, Kırgızistan, tüketici fiyat endeksi, para arzı, regresyon modeli.

Benzer Tezler

  1. Кыргызстандагы инфляциялык процесстердин проблемалары

    Kırgızistandaki enflasyon süreçlerinin problemleri

    KAYRAT TULEKEYEV

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2012

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. CIPAR AYTUGANOVA

  2. Кыргызстандагы мектеп-медреселер(xıx-xx кылымдын башына чейин)

    Kırgızistan'daki mektep ve medreseler(xıx-xx yüzyılın başına kadar)

    CAYNAGÜL TACİBAY KIZI

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2022

    TarihKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Tarih Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. ROZA ABDYKULOVA

  3. Кыргызстандагы ийне жалбырактуулардынкозу карындык илдеттерине мүнөздөмө берүү

    Kırgızistan'da iğne yapraklı ağaçlarda görülen fungal hastalıkların karakteristikleri

    AYDANA ASKAROVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2021

    ZiraatKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Bitki Koruma Ana Bilim Dalı

    DR. MAHABAT KONURBAYEVA

  4. Kırgızistan'da reklamcılıkla ilgili yapılan akademik çalışmalar üzerine bir araştırma

    Кыргызстандагы реклама тармагына байланыштуу жүргүзүлгөн академиялык эмгектер боюнча изилдөө

    NURPERİ BAKAZOVA

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2021

    Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İletişim Bilimleri Ana Bilim Dalı

    DR. ASLI YURDİGÜL

  5. Kırgızistan'da toplum temelli turizmin bölgesel kalkınmadaki rolü: Bir karma yöntemler araştırması

    Кыргызстандагы коомчулукка негизделген туризмдин аймактык өнүгүүдөгү ролу: аралаш методдор аркылуу изилдөө

    NURSULTAN SIDIKOV

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2021

    TurizmKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Turizm İşletmeciliği ve Otelcilik Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. TOLGA GÖK