«нарын шаарынын ичме сууларын изилдөө жана экологиялык баалоо»
Narin şehrinin içme suyun araştırma ve çevresel değerlendirilmesi
- Tez No: 614827
- Danışmanlar: PROF. DR. KANATBEK KOCOBAYEV
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Çevre Mühendisliği, Environmental Engineering
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2016
- Dil: Türkçe
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Fen Bilimleri Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Çevre Mühendisliği Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 139
Özet
Бизге белгилүү болгондой ичме суунун химиялык курамы, анын ичинен микроэлементтердин концентрациясы жана курамы адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бирок, анализ кылуу үчүн жогорку сезгич, заманбап орнотмолор жок болгондугуна байланыштуу, бардык эле борбордук суу камсыздоочу системаларында мындай так изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Жүргүзүлгөн учурда деле, мезгил-мезгили менен алардын кайталанып турушу талап кылынат. Анткени, суунун курамы көптөгөн факторлордун жана ар кандай кирдеткич булактарынын таасирлеринин негизинде өзгөрүшү мүмкүн. Изилдөөнүн максаты: Нарын шаарынын ичме суусунун кээ бир көрсөткүчтөрүн жана микроэлементтердин кармалышын жогорку тактыктагы атомдук- абсорбциондук спектралдык анализдердин негизинде изилдөө жана экологиялык баалоо болуп саналат. Изилдөө объектиси: Нарын шаарынын негизги «Ак-Бечел», «Текесекирик» жана «Батыш» суу алгычтары. Изилдөө методикасы: 2015-жылдын жай, күз айларында жана 2016-жылдын кыш айында Нарын шаарынын ичме суусунун кээ бир көрсөткүчтөрүн, химиялык жана микроэлементтик курамына изилдөөлөр жүргүзүлдү. Суу үлгүлөрү атайын таза желим идиштерге негизги үч суу алгычтан («Ак-Бечел», «Текесекирик» жана «Батыш») бардык үлгү алуу эрежелерин сактоо менен алынды. x Суу үлгүлөрүнүн суутектик көрсөткүчтөрүн, жалпы серттүүлүгүн, кургак калдыгын, электр өткөрүмдүүлүгүн, ХКЗ, БКМ5 жана органолептикалык көрсөткүчтөрүн: түстүүлүгүн, чаңгылттыгын, жытын 200C жана 600C да жана дагы даамын 600С да аныктоо үчүн изилдөөлөр жүргүзүлдү. Микроэлементтерден: Кадмий (Cd), Xpoм (Cr), Жез (Cu), Молибден (Mo), Никель (Ni), Коргошун (Pb), Цинк (Zn), Сымап (Hg), Мышьяк (As) аныкталды. Суутектик көрсөткүч“B-213 Twin Compact Meter”маркасындагы рН-метрди колдонуу менен аныкталды. Аппараттын калибровкасы pH standard solution – 7 жана 4 эритмелеринин жардамы менен жасалды. Жалпы серттүүлүктү аныктоодо трилонолометрикалык метод колдонулду. Химиялык кычкылтекке болгон зарылдыкты аныктоодоо перманганаттык кычкылдануу (Кубель методу) методун колдондук. Биологиялык кычкылтекке муктаждыгын 5 күн үчүн – WTW фирмасынын“Oxitop”жабдыгы менен аныкталды. Микроэлементтер АКШда чыгарылган «PerkinElmer» фирмасынын «AAnalyst 800» (микроэлементтердин кармалышын жогорку тактыктагы спектралдык анализдерди жүргүзгөн) атомдук-абсорбциондук спектрометри аркылуу аныкталды. Изилдөөнүн негизги жыйынтыктары: Жалпысынан, Нарын шаарынын негизги борборлоштурулган суу менен камсыздоо системасынын ичме суусу негизги физикалык жана химиялык көрсөткүчтөр жана нормативдик талаптарга жооп берээри аныкталды. Бирок, электр өткөрүмдүүлүгү Нарын шаарынын төмөн жагында жайгашкан «Батыш» суу алгычында «Ак-Бечел» жана «Текесекирик» суу алгычтарына караганда эки эсеге жакын бийик болуп чыкты. Демек, Нарын шаарынын аймагындагы ар кандай кирдөөтүүчү булактары жана таштанды суулары «Батыш» суу алгычын кирдетиши мүмкүн деген божомолго толук негиз бар. Ушул факторлорду эске алып, «Батыш» суу алгычында мониторинг жасап туруу керек экендиги сунушталат. 9 микроэлементтин (Cd, Cr, Cu, Mo, Ni, Pb, Zn, Hg, As) концентрациясын жогорку тактыктагы изилдөөдө алардын кармалышы, гигиеналык нормалар талап кылган өтө уулу элементтердин «суммалоо эффекттин» эске алганда дагы, талап кылынган нормадан ашкан жок. xi Бул магистрдик иштин жана НАТО нун проектисинин негизинде жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары салыштырылды. Жалпысынан, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары бир деңгээлде (бир масштабда) экендиги аныкталып, изилдөөлөр одоно катасыз болду дегенге негиз бар. Ачкыч сөздөр: Ичме суусу, Нарын шаары, микроэлементер, атомдук- абсорбциондук спектралдык анализдер, экологиялык баалоо.
Özet (Çeviri)
İçme suyu olarak kullanılan sulardaki kimyasal içerik, bünyesinde bulundurmuş olduğu mikroelementlerin konsantrasyon oranı insan sağlığı üzerinde önemli bir etkiye sahiptir. Ancak analiz için modern ve hassas cihazlar kullanılmadığından içme suyu kaynaklarında kapsamlı bir araştırma yapılmamaktadır. Yapılmış olsa bile ayrıca su için yapılan analizlerin periyodik olarak tekrarlanması gerektir. Çünkü suyun fiziksel ve kimyasal özellikleri çeşitli faktörler ve her türlü kirletici kaynakların etkisi ile değişebilmektedir. Araştırmanın amacı: Narın şehri içme suyunun bazı belirleyici özelliklerini ve mikroelementlerinin oranlarını, ayrıca atomik değerlerinin spekrometrik deneyler ile incelemek ve çıkan sonuca göre de çevresel etki durum değerlendirmesini yapmaktır. Araştırılan su kaynakları: Narın şehrinde bulunan“Ak-Beçel”,“Tekesekirik”ve“Batış”su kaynakları. Araştırma yöntemi: 2015 yılının yaz ve sonbahar mevsiminde ve 2016 yılının kış mevsiminde Narın şehri içme suyunun bazı kimyasal ve mikroelement özellikleri üzerine deneyler gerçekleştirilmiştir. Narın şehrinde bulunan“Ak-Beçel”,“Tekesekirik”ve“Batış”olmak üzere üç su kaynağından, kurallara uygun biçimde numuneler alınmıştır. Alınan numuneler ile suyun içeriği, suyun sertliliği, askıda katı madde, elektrik iletkenliği, kimyasal ve biyolojik içeriği, organik bileşimleri, renk durumu, kokusu üzerine deneyler gerçekleştirilmiştir. 200C ve 600C sıcaklıklarında koku, ayrıca 600C
Benzer Tezler
- Işgücü piyasasındaki kalıcı ve geçici şokların analizi: Kırgızistan örneği
Эмгек рыногундагы убактылуу жана туруктуу шоктордун анализи: кыргызстан мисалында
AKAK ŞARŞENKADIROVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2021
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiYRD. DOÇ. DR. DAMİRA BAYGONUŞOVA
- 9-11. sınıf öğrencilerinin mesleki tercihlerini etkileyen etkenlerin belirlenmesi ve sınıf düzeylerine göre incelenmesi
9-11 класс окуучуларынын кесиптик тандоодосуна таасир эткен факторлорду аныктоо жана аларды класс деңгээлдери боюнча анализдөө
NAZİRA ERNİSBEK KIZI
Yüksek Lisans
Türkçe
2021
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. ERKAN EFİLTİ
- Pısa sonuçlarına dayalı olarak Kırgızistan eğitim sisteminin değerlendirilmesi
Pısa'нын натыйжаларына ылайык кыргыз республикасынын билим берүү системасын анализдөө
YASEMİN ERMAN
Yüksek Lisans
Türkçe
2017
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. HAKAN DÜNDAR
- Нарын областынын жер астындагы сууларынын корголуу даражасын баалоо
Narın bölgesindeki yeraltı suların korunma derecesinin değerlendirilmesi
PERİZAT CAMANKULOVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2011
Çevre MühendisliğiKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiÇevre Mühendisliği Ana Bilim Dalı
PROF. DR. KANATBEK KOCOBAEV
- Россия империясынын колониалдык саясатына каршы нарын регионунун калкынын күрөшү (XX к. башы)
Rus İmparatorluğunun sömürgeci siyasetine karşı narın bölgesi halkının mücadelesi (XX. asrın başları)
SAMAT BEYŞEYEV
Yüksek Lisans
Kırgızca
2012
TarihKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTarih Ana Bilim Dalı
PROF. DR. DÖÖLÖTBEK SAPARALİYEV