Кыргыз республикасында камсыздандыруу секторунун капитализациясы
Kırgızistan'da sigorta sektörünün sermayelendirilmesi
- Tez No: 615615
- Danışmanlar: DOÇ. DR. TURUSBEK ASANOV
- Tez Türü: Doktora
- Konular: Maliye, Finance
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2017
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Maliye Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 231
Özet
Finans kuruluşları arasında, sigorta sektörü halk ve ekonomik faaliyet yürüten şirketler için önemli bir rol oynamaktadır ve en hızlı büyüyen sektörlerden biri olarak sayılır. Piyasa ekonomisindeki ekonomik dalgalanmalar, doğal afetler ve çeşitli teknolojik felaketlerden dolayı insanlar ve işletmeler kendi hayatını, mülkiyetini ve sorumluluklarının sigortasını yaparlar. Sigorta şirketleri ise, kendi yükümlülüklerini yerine getirmek amacıyla kendi faaliyetlerini dürüstçe gerçekleştirerek, ilk önce mevcut sermayenin yeterli olması ve onun her zaman arttırılması, yani sermayelendirilmesi çok önemlidir. Kırgızistan'nın sigorta sektörü karşılaştırmalı olarak gelişme konusunda ilk aşamalarda olarak, gerek hukuki açıdan olsun, gerekse faaliyet sistemi açısından olsun, gerekse devlet kontrölü açısından olsun yeni yapılanmakta olan sektör olarak sayılır. Ancak, buna rağmen sektörün potansiyeline uygun olarak, dünyada güçlü sigorta sektörlerine sahip olan ülkelerin iyi yönlerini benimseyerek ülke ekonomisinin gelişmesine katkıda bulunmaktadır. Sigorta sektörü bir mali kurum olarak hem devlet tarafından, hem de şirketin kendi tarafından mali göstergelerine çok önem verirlir. Sigorta şirketlerini kontrol eden ilgili devlet denetim organları tarafından ilk önce sigorta şirketlerinin yeterlilik normatifleri ve onu yerine getirme şartları olan yüksek likiditeye sahip olan aktiflerin yeterlilik oranı, sermayenin yeterlilik oranı ve mevcut ödeme gücünün yeterlilik oranlarına dikkat edilir. Bundan ziyade sigorta şirketleri biriken sigorta primlerinden sigorta (teknik) rezervlerini oluşturarak, onları doğru yönde yatırım yapmaları gerekir. Böyle faaliyetler hem sigorta şirketlerin, hem de sigorta sektörün gelişmesine yol açmaktadır. Bu çalışmada sermaye ve sermayelendirme sürecinin gerçekleşmesi ve onun teorik ve metodolojik açıdan Kırgızistan'ın sigorta sektörünün durumu ve sermayelendirilmesi araştırılmıştır. Bu çalışma giriş, üç ana bölüm ve sonuç olarak oluşmaktadır. Birinci bölümde, sermayelendirmenin teorik temelleri incelenerek, sermaye ve sermayelendirme terimleri ve anlamı her türlü ekonomik düçünce okulları mensuplarının kendi fikirleri incelenmiştir. Aynı şekilde sermayelendirme sürecinin fonksiyonları, mekanizmaları, sınıflandırılması ve bunların sigorta sektöründeki uygulaması incelenmiştir.
Özet (Çeviri)
Финансылык институттардын арасында камсыздандыруу тармагы калктын жана чарбалык ишмердүүлүк арасында маанилүү ролду ойноп, тез өнүгүп жаткан тармактардын катарына кирет. Рыноктук экономиканын туруксуз абалынан, табигаттын күтүлбѳгѳн кырсыктарынан жана ар кандай техногендик кырсыктардан улам адамдар жана экономиканын агенттери жашоосун, ѳз мүлктѳрүн жана жоопкерчиликтерин камсыздандырып келет. Ал эми камсыздандыруу компаниялары бул алынган милдеттенмелерди толугу менен аткаруу үчүн ѳз ишмердүүлүгүн так жүргүзүүлѳрү шарт болуп, эң биринчиден жеткиликтүү капиталга жана капитализация процесстерине абдан чоң маани берүүлѳрү керек. Кыргызстандын камсыздандыруу тармагы салыштырмалуу баштапкы ѳнүгүү этабында болуп, нормативдик-укуктук актылар жагынан болсун, ишмердүүлүк системасы жагынан болсун, мамлекеттик кѳзѳмѳл жагынан болсун жаңыдан түптѳлүп келе жаткан тармак катары саналат. Бирок ага карабастан, рыноктун потенциалына жараша, бардык жагынан дүйнѳлүк күчтүү камсыздандыруу тармактарына ээ мамлекеттердин ыңгайлуу практикалык жактарын колдонууга алып, экономикалык ѳнүгүүгѳ ѳз салымын кошуп келүүдѳ. Камсыздандыруу тармагы финансылык институт болгондуктан мамлекет тарабынан дагы ѳзүлѳрү тараптан дагы финансылык кѳрсѳткүчтѳрүнѳ ѳтѳ чоң маани берилет. Камсыздандыруу уюмдары мамлекет тарабынын эң биринчиден камсыздандыруу пруденциялдык чендери жана пруденциялдык чендердин аткарылышы жөнүндө нормативдери болгон, өтүмдүүлүгү жогору активдердин жетиштүүлүк чени, капиталдын жетиштүүлүк чени жана компаниянын учурдагы төлөө жөндөмүнүн чендерин сактоолору керек. Муну менен бирге негизги ишмердүүлүгүнѳн топтолгон камсыздандыруу сый акыларынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерди түзүп, аларды туура инвестициялоолору керек. Бул иш аракеттер камсыздандыруу компанияларын, ошондой эле жалпы камсыздандыруу тармагынын ѳнүгүүсүнѳ алып келет. Бул илимий изилдѳѳдѳ капитал жана капитализация процессинин жүргүзүлүшүнѳ жана анын теоретикалык-методологиясынын негизинде Кыргызстандын камсыздандыруу тармагынын абалы жана капитализациясы изилденген. Диссертация кириш сѳз, үч негизги бѳлүм жана корутундудан турат Биринчи бѳлүмдѳ, капитализациянын теоретикалык негиздери изилденип, капитал жана капитализация түшүнүктѳрүнѳ ар кайсы окууга таандык белгилүү экономисттердин ой-пикирлери жана аныктамалары талкууланган. Ошондой эле капитализациянын функциялары, механизмдери, классификациялары жана алардын камсыздандыруу тармагындагы процесстери изилденген. Экинчи бѳлүмдѳ, Кыргызстандын камсыздандыруу тармагы, анын тарыхы жана бүгүнкү күндѳгү абалы салыштырмалуу талданган. Мындан сырткары, Кыргызстандын камсыздандыруу тармагынын макроэкономикалык кѳрсѳткүчтѳрдѳгү орду, капитализациясынын ѳзгѳчѳлүгү, инвестициялык портфель жана аны жайгаштыруу саясаты башка ѳнүккѳн жана бирдей деңгээлдеги ѳлкѳлѳр менен салыштырылган жана баа берилген. Үчүнчү бѳлүмдѳ, капитализациянын камсыздандыруу тармагына болгон зарылчылыгы. Камсыздандыруу компанияларынын экономикалык факторлордон таасирлениши жана экономикалык ѳзгѳрүү циклдарында камсыздандыруу компанияларынын кандай ыкмалар менен капитализация процессин эффективдүү жүргүзүү багыттары каралган. Ошондой эле Кыргызстандын камсыздандыруу тармагынын азыркы абалдагы капитализация процессинин жүргүзүлүшүнѳ менчик капиталдын, уставдык капиталдын жана ички рынокто калган камсыздандыруу сый акыларынын таасири, камсыздандыруу (техникалык) резервдерин топтолгон камсыздандыруу сый акыларынан эмес, башка булактан камсыздоо багыты изилденген жана аны чечүү сунуштары берилген, б.а. автор тарабынан камсыздандыруу компанияларынын эффективдүү капитализациясына оң таасирин тийгизүүчү айрым колдонуудагы нормативдик-укуктук акытыларды ѳзгѳртүү менен менчик капиталдын жогорулатылышы, камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштырууда мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштыруу талабы уставдык капиталдан жүргүзүлүшү, жана чет ѳлкѳгѳ кайра камсыздандыруу сый акылары катары накталай акча агымын кыскартуу максатында жаңы финансылык институттардын ачылышы сунушталган. Автор, бул изилденген диссертациянын жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштардын пайдасы тиеринен үмүт кылат. Ачкыч сѳздѳр: Камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу, камсыздандыруу сектору, капитал, капитализация, камсыздандыруу резервдери, финансылык институт.
Benzer Tezler
- Kırgız Cumhuriyeti temel ortaöğretim okullarında okutulan İngilizce ders kitaplarındaki ahlaki değerlerin incelenmesi
Кыргыз республикасынын негизги жалпы билимберүүчү мектептеринин англис тили окуукитептериндегиадеп-ахлактык баалуулуктарды изилдөө
AYPERİ KUBATOVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2025
Kırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
PROF. DR. AKMATALİ ALİMBEKOV
- Кыргыз күрөшүнүн түрлөрү жана өнүгүү этаптары
Kırgız güreşinin türleri ve gelişim aşamaları
BAKTIBEK ASILTAŞOV
Yüksek Lisans
Kırgızca
2024
SporKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiBeden Eğitimi ve Spor Ana Bilim Dalı
PROF. DR. KANAT CANUZAKOV
- Performans değerleme ve kırgızistan savunmabakanlığında subay personelinin performansınailişkin öneri
Кызматкерди баалоо жана кыргыз республикасынынкоргоо министрлигинин офицердик курамынынишмердүүлүгү боюнча сунуш
BEKBOLOT TOLOMUSHOV
Yüksek Lisans
Türkçe
2024
İşletmeKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİşletme Ana Bilim Dalı
PROF. DR. KADİR ARDIÇ
- Кыргыз жана корей тилдериндеги табу жана эвфемизмдер(типологиялык жана маданий жалпылыктар)
Kırgız ve Kore dillerinde tabu ve örtmeceler (tipoloji ve kültürel genellikler)
WANGUK AN
Doktora
Kırgızca
2024
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. TAALAYBEK ABDİYEV