Geri Dön

МАТУРИДИЛИКТИН ПАЙДАБОЛУШУ ЖАНАОРТО АЗИЯГА ТАРАЛЫШЫ

Başlık çevirisi mevcut değil.

  1. Tez No: 727190
  2. Yazar: ABDULLAZHON ABDULLAEV
  3. Danışmanlar: DR. Кадыров Медербек
  4. Tez Türü: Yüksek Lisans
  5. Konular: Din, Religion
  6. Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
  7. Yıl: 2019
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Osh State University
  10. Enstitü: Yurtdışı Enstitü
  11. Ana Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 91

Özet

Азыркы учурда дүйнөдөгү мусулмандардын 85-95% ахли сүннөт ишенимин карманышат. Бул ишенимге ашарилик жана матрудилик мазхаптары кирет. Илимий изилдөөлөргө жалпылап көз чаптырсак, анда матурудилик ашарий мазхабынчалык изилденген же ал жөнүндө көптөгөн илимий иштер жазылган деп айтуу кыйын. Ошондуктан Матуриди жана матуридилик мазхабы жөнүндө көптөгөн изилдөө жүргүзүлүүсү керек деген ойдобуз. Бул мазхапта эл үйрөнчү, билчү, коомчулукка алып чыкчу көптөгөн маалыматтар бар экени шексиз. Проблеманын илимий изилденишинин деӊгээли. Бул темага байланыштуу Кыргызстанда да бир нече илимий изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок, бул эмгектерден сырткары алиге чейин өзөктүү изилдөө иштери боло элек. Зайнабидин Ажымаматовдун «Абу Ханифа жана анын Фергана өрөөнүндөгү таасири» («Ebû Hanîfe ve Fergana Vadisindeki Etkisi») аттуу доктордук диссертациясында, ханафи мазхабынын Фергана өрөөнүндө жайылуусун изилдеген. Мындан сырткары, Ажымаматов «Ханафи жана матуриди мазхаптарынын Ош аймагындагы калыптануусу (X-XII кк.)» аттуу макаласы да бар. Ушул темага байланыштуу дагы бир изилдөө Абдулазиз Калбердиевке таандык: ал Матуруди жана матурудилик жөнүндөгү жалпы маалымат берип, андан соӊ Матурудинин улухият түшүнүгү жөнүндө кеӊири изилдеген «Ахли сүннөттүн залкар аалымы Имам Матуруди жана матурудилик» аттуу китеп жазган. Ошондой эле Абдулазиз Калбердиев «Сиражуддин Усман ал-Оши жана анын «Амалия Касийдасынын» матуриди дүйнө таанымындагы орду» аттуу макаласы да жарык көргөн. Ал эми магистрдик деӊгээлде жазылган «Матуридиликтин башка мазхаптардан бөлүнгөн жерлери» аттуу диссертацияны Фархад Юсупов изилдеп коргогон. Султанбек Ташматов болсо, «Тахави акыйдасынын матуридилик өӊүтүнөн анализи» аттуу дипломдук ишин жазган. Котормо иштеринде бул багытта Медербек Кадыров тарабынан Туркиялык профессор Ахмет Актын ханафи булактардан топтогон «Büyük Türk Alimi Maturidi ve Maturidilik» аттуу эмгегин «Матуриди мазхабынын эмгектеринде Имам Матуриди жана матуридилик» темасы астында кыргыз тилине которулуп, басылган. Мына ушул, жогоруда айтылган изилдөөлөрдөн башка, илимий негизде аткарылган Матуриди жана матуридилик боюнча изилдөөлөрдү таба албадык. М. Кадыровдун кыргызчага которгон эмгегинен жана А. Калбердиевдин кыскача гана токтолгон изилдөө ишинен башка изилдөөлөрдүн эч бири матуридиликтин пайда болушу темасына байланыштуу сөз кылган эмес. Ал эми З. Ажымаматов Матуриди мазхабын эмес, ханафи мазхабын негизги тема катары алып изилдеген. Чындыгында эле, матуридиликтин Орто Азияга, башкача айтканда Маверауннахрга жайылуусу темасын изилдеген эмгектер жок болуп чыкты

Özet (Çeviri)

Özet çevirisi mevcut değil.

Benzer Tezler

  1. Diğer mezheplerden ayrılan yönleri itibariyle mâturîdilik

    Матуридиликтин башка мазхаптардан бөлүнгөн жерлери

    FARHAT YUSUPOV

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2017

    DinKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İslam Bilimleri Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. YUSUF GÖKALP

  2. Ebu'l-muin en-Nesefî'nin 'Tabsiratu'l Edille'sinde' akıl ve akılla ilgili kavramlar

    Абул муин ан-насафинин 'табсиратул адилласында' акыл жана акылга байланышкан терминдер.

    TOLGONAY ADILCAN KIZI

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2020

    DinKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İslam Bilimleri Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. YUSUF GÖKALP