Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү проблемалары
Kırgızistanda'ki turizmin kalkınma sorunları
- Tez No: 614018
- Danışmanlar: DOÇ. DR. DANIŞMAN YOK
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Ekonomi, Economics
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2012
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Ekonomi Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 115
Özet
Өлкөбүздө туризм индустриясы мамлекеттик деңгээлде экономиканын приоритеттүү тармагы катары таанылган. Статистикалык жана эмпирикалык маалыматтар кыргызстандык туристтик продуктусуна кызыкчылыктын көбөйүшү жана туристтердин санынын өсүшүнүн жагымдуу тенденциясын аныктайт. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын ИДПсындагы туристтик ишмердик чөйрөсүнүн үлүшү 4,2%ды түзөт. Туризмден түшкөн киреше 2008-жылы 509,2 млн долларды түзүп, келген туристтердин саны 2,435 млн адамга жеткен, 2011-жылы болсо 631,3 млн доллар киреше болуп, туристтердин саны 2,317 млнду түзгөн. Кийинки жылдары дагы жогору темп менен өсүшү прогноздолууда. Республикабыз бизнесмендерге, спортсмендерге, окумуштууларга, экстремалдуу эс алууну жакшы көргөндөргө, Улуу Жибек Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн тарыхы менен кызыккандарга абдан жагымдуу. Үч негизги бөлүмдөн турган бул магистрдик диссертациянын биринчи бөлүмүндө « Туризмдин теориялык аспекттери жана туристтик кызматтарды жылдырууда негизги рыноктук стратегиялар» туризмде маркетингдин теориялык аспекттерин ачып кароого багытталган. Туристтик кызматтардын негизи жана кандай мүнөзгө ээ экендиги көрсөтүлгөн. Туризм кызматынын негизги түрлөрү V жана кошумча түрлөрү каралган. Туризм тармагынын өнүгүүсүнүн тарыхый жолдору каралып чыккан. Туристтик кызматтарды рынокко жылдырууда негизги механизмдер келтирилген. Азыркы убакта Кыргыз Республикасындагы туристтик ишканалар эл аралык рынокко чыгууда маркетингдик саясаттары начар жүргүзүлүүдө. Алар туристтик продуктту жана кызматты рынокко жылдыруу саясатын гана эмес, продуктту иштеп чыгаруу саясатын, баа саясатын жана сатып өткөрүү саясатын өзүнө камтыган бүтүндөй маркетингдик программага муктаж экендиги айтылууда. Экинчи бөлүмдө « Кыргызстандын туристтик тармагынын өзгөчөлүктөрү жана туризмди өнүктүрүүдө ортого чыккан проблемалар » өлкөбүздө туризмдин азыркы абалы көрсөтүлгөн, туристтик тармагынын структурасынын анализи жүргүзүлгөн. Өлкөбүзгө ылайыктуу туризмдин приоритеттүү түрлөрү, алардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү белгиленген. Туризмди өнүктүрүүдө ортого чыккан проблемалар толук жазылган: туризм индустриясынын инфраструктурасын өнүктүрүү; инвестицияларды көбөйтүү үчүн мыйзамберүүчү базанын кемчиликтери; өлкөдө саясий туруксуздук туризм өнүгүшүнө негативдүү таасир бериши; туризм боюнча специалисттердин профессионалдык даярдоосунун начар болушу; өлкөбүздөн туризминде визалык режими жана андагы проблемалар; рекламдык-информациондук камсыздоо системасынын жана улуттук туристтик продуктунун ички жана тышкы рынокко чыгуусунун жетиле электиги; кээбир чет элдик өлкөлөр менен түз аба байланыштардын жоктугу жана бар авиалинияларда жетишсиз сервиси; менчиктештирүү чөйрөсүндө туризмдин курорттук рекреациондук чарбалык объекттердин менчиктештирүүнүн тунук өткөрүлбөшү; мамлекет жана жеке сектор арасында кызматташтыктын жоктугу; туризмде көмүскөй рыногунун бар болушу жана статистикалык маалыматтардын так болбошу. Эл аралык туризмдин Кыргызстандын экономикасына болгон таасирин эффективдүү баалоо үчүн, келген турист саны жана туризмден түшкөн киреше деген негизги көрсөткүчтөрдөн башка туризмдин өлкөдөгү ИДПнын үлүшү, калктын жумуш менен камсыз болуусу, бул тармака болгон инвестициянын VI көлөмү деген экономикалык көрсөткүчтөр тереңирээк каралган. Туризмге болгон инвестициясынын өсүшү жана маркетингтин каражаты болгон рекламага жумшалган чыгашанын өсүшү мультипликативдик эффектинин таасири менен ИДПнын канчалык өсүшүнө алып келе тургандыгы жөнүндө эсептөөлөр жүргүзүлдү. Үчүнчү бөлүмдө « Кыргыз Республикасында туризмдин өнүгүү перспективалары » Мамлекеттик саясатты жакшыртуу, эл аралык туризм секторуна жагымдуу инвестициондук климаттын түзүлүшүнүн проблемаларынын чечүү жолдору көрсөтүлгөн. Туристтик секторун өнүктүрүүдө Франция жана Туркия аттуу өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын өлкөбүзгө колдонуусу терең каралган.
Özet (Çeviri)
Türizm sektörü devlet düzeyinde Kırgızistan ekonomisinin önemli sektörlerinden biri olarak kabul edilmektedir. İstatistik ve ampirik kanıtlar analizi Kırgız turizmi ürününe olan ilginin giderek arttığını ve gelen türist sayısındaki olumlu artışların olduğunu göstermektedir. Şu anda, Kırgız Cumhuriyeti'nin GSYİH içindeki turizmin payı % 4,2 olmaktadır. 2008 yılında turizm gelirleri 509.2 milyon dolar ve gelenlerin sayısı 2.435 milyon kişi olarak gerçekleşmiştir. 2011 yılında bu rakamlar sırasıyla 631.3 milyon dolar ve 2.317 milyon kişiye ulaşmıştır. Bundan sonra da bu oranın yükselmesi öngörülmektedir. Yabancı işadamları, sporcular, bilim adamları ve tarihçilerin bizim ülkemize olan ilgisinin artışları görülmektedir. Özellikle Büyük İpek Yolu ile ilgilenler için çekici olmaktadır. Bu yüksek lisans tezi üç bölümden oluşmaktadır. Birinci bölüm konusu“Türizm hizmetlerini tanıtmak için turizm teorik yönleri ve temel pazarlama stratejileri”.Bu bölümde turizmin teorik yönleri ortaya konulmuş. Turizm hizmetlerini tanıtmak için turizm hizmetleri, özellikleri ve pazara sunumunda mekanizmaları sunulmaktadır. Turizm endüstrisinin gelişim tarihi incelenmektedir. Şu anda turizm işletmelerinin uluslararası pazara girmek için kendi pazarlama stratejisi yeterli olarak geliştiremiyorlar. Iç ve dış pazarlarda turizm ürünün rekabet gücünü artırmak için promosyon politikası ve ürün geliştirme, fiyatlama ve pazarlama politikalarına programlar gerektirir. İkinci bölümde,“ Kırgızistan turizm endüstrisinin Özellikleri ve turizm gelişimi”turizm sektörünün yapısının analizi, turizmin mevcut durumu tartışıldı. Ülkemize ait türizm karakteristiği ve onun daha da geliştirebilme imkanlarının öncelikli tipi tanımlanmaktadır. Yatırım artışlarına ilişkin yasal çerçevenin zayıflıklar, siyasi istikrarsızlık, vize alanında rastlanan problemler, uzman yetersizliği, kötü reklam ve bilgilendirme ve yurtdışında turistik ürün bilinç eksikliği, pek çok yabancı ülkelerle olmayan havayolları ve mevcut havayollarındaki gelişmemiş hizmetler, tatil ve dinlenme tesislerin özelleştirmede donukluk ile doğrudan hava iletişim eksikliği, devletin ve özel sektör arasındaki işbirliği eksikliği, turizmde karaborsa varlığı, yanlış istatistikler gibi problemler kırgız türizmin geliştirilmesine olumsuz etkiler getirdiği belirlendi. Uluslararası turizmin Kırgızistan ekonomisinine olan etkisini degerlendirebilmek için türistler ve turizm gelirleri, ülkenin GSYİHdaki türizmin payı, istihdam, yatırım gibi ekonomik göstergeler üzerindeki analiz yapıldı. Yatırım ve VIII reklam harcamalarındaki artışlar carpan etkisiyle ülkenin GSYİH'da ne kadar artış olduğu hesaplandı. Üçüncü bölüm konusu“Kırgız Cumhuriyeti Turizminin gelişim perspektifleri”. Bu bölümde kamu politikası geliştirilmesi ele alındığı, uluslararası turizmin gelişmesi için uygun bir ortam oluşturmak için sorunları çözmenin yolu vardır. Turizm sektörünün gelişiminde Fransa ve Türkiye gibi gelişmiş ülkelerin deneyiminden yararlanilmiş.
Benzer Tezler
- Eturizm temelli dijital platform ve uygulamaların kullanımının değerlendirilmesi: Kırgızistan örneği
Туризм индустриясында колдонулган санарип платформаларды жана тиркемелерди талдоо: Кыргызстандын мисалында
SALİMA SEİTAKHUNOVA
Yüksek Lisans
Türkçe
2022
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTurizm İşletmeciliği ve Otelcilik Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. GÜNTEKİN ŞİMŞEK
- Ысык-көл аймагынын маданий туризм потенциалынын SWOT анализи
Isık-Köl bölgesinin kültür turizmi potansiyelinin SWOT analizi
AYCAMAL ALİKENOVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2023
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiOtel İşletmeciliği Ana Bilim Dalı
DR. ULANBEK ALİMOV
- Kırgızistan'da toplum temelli turizmin bölgesel kalkınmadaki rolü: Bir karma yöntemler araştırması
Кыргызстандагы коомчулукка негизделген туризмдин аймактык өнүгүүдөгү ролу: аралаш методдор аркылуу изилдөө
NURSULTAN SIDIKOV
Yüksek Lisans
Türkçe
2021
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTurizm İşletmeciliği ve Otelcilik Ana Bilim Dalı
YRD. DOÇ. DR. TOLGA GÖK
- Туристтердин көз карашында кыргызстан дестинациясы
Turistlerin bakış açısıyla Kırgızistan destinasyonu
CANIL MAHFUROVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2024
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTurizm ve Otel İşletmeciliği Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. BAKIL TURDUMAMBETOV
- Web sitelerinin dijital pazarlama agismdan uygunluk parametreleri: Konaklama 1 iletmeleri üzerine bir uygulama
Санариптик маркетинг шарттарында веб-сайттардын жарактуулук параметрлери: Мейманкана бизнесин изилдөө
AYDAY §AKIR KIZI
Yüksek Lisans
Türkçe
2021
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTurizm İşletmeciliği Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. GÜNTEKİN ŞİMŞEK