Кетмен-төбө өрөөнүнүн катакомба тибиндеги эстеликтери жана өзгөчөлүктөрү(ы. кожомбердиевдин архивдик материалдарынын негизинде )
Ketmen-Töbö vadisinin Katakomba tipli anıtları ve özellikleri üzerine incelemeler (1. Kojomberdiyev'in arşiv materiallerine göre)
- Tez No: 614065
- Danışmanlar: PROF. DR. KUBATBEK TABALDIYEV
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Tarih, History
- Anahtar Kelimeler: katakomba, dromos, konstruksyon, arşiv, fotoğraf ve grafik resimler
- Yıl: 2012
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Tarih Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 146
Özet
Орто Азия аймагынын ажырагыс бөлүгү болгон Кыргызстан, ал эми Кыргызстандын жүрөгүнөн орун алган Кетмен-Төбө өрөөнү байыркы көчмөн калктардан мурас калтырылган эстеликтердин бешиги болуп саналат. Жалгыз эле Кетмен-Төбө өрөөнүндө эмес, бүткүл Кыргызстан аймагында жашап өткөн көчмөн калктардын тарыхы жалпы тарыхый процесстин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелгендиктен, бул аймакта жашаган байыркы көчмөн калктардын тарыхын, маданиятын изилдөө археолог, тарыхчылардын эң негизги максаттарынын бири болуп эсептелет. Азыркы учурда, Кыргызстандын аймагында жашап өткөн көчмөн калктардын маданиятына, тарыхына тиешелүү маалыматтарды камтыган археологиялык изилдөөлөр боюнча материалдарды тактап, толуктоо, илимий чөйрөгө жеткирүү учурдун эң актуалдуу маселелерининен болуп саналат. Мындай маанилүү иштерге археология илиминин кыргыз тарыхында бир багыт катары калыптанышында жана өнүгүүсүндө чоң салым кошкон, тун жана аны менен бирге таланттуу кыргыз археологдорунан болуп эсептелген И. Кожомбердиевдин эмгектерин кошууга болот. Кыргызстанда байыркы көчмөндөрдүн тарыхы археологиялык эстеликтер боюнча гана изилденип келет. Кетмен-Төбө өрөөнүндө изилденген эстеликтер коло доорунан баштап ХII кылымдарга чейинки мезгилди камтыса дагы, биздин темага байланыштуу эстеликтердин хронологиясы б.з. I-V кылымдарын камтыйт. Кетмен-Төбө өрөөнүндө, жогоруда берилип кеткен хронологиялык тилкеге катакомба тибиндеги эстеликтерди киргизүүгө болот. Ы. Кожомбердиевдин бул типтеги эстеликтерге таандык негизги, комплекстүү түрдөгү изилдөө иштери Кетмен-Төбө өрөөнүнө туура келгендиктен, бул өрөөндө жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин материалдарын баа жеткис деп эсептесе болот. Анткени, байыркы эстеликтердин бешиги болгон бул өрөөндө, Кыргызстандын аймагында изилденген байыркы эстеликтердин жарымы туура келет. Бул эстеликтердин көбү, Токтогул суу сактагычынын жана Токтогул шаарчасынын ордуна туура келгендиктен, аларды кайрадан изилдөөгө алуу мүмкүн эмес. Бул материалдардын негизинде автордун диссертациялык иши жана алтымышка жакын макаласы жазылган. Бул себептүү, теманын максаты археолог И. Кожомбердиев тарабынан Кетмен-Төбө өрөөнүндө жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрүнүн натыйжасында чогултулган материалдарын талдоо, жарыяланбай калган материалдары менен тааныштыруу менен бирге, алардын Орто Азия аймагында изилденген бул типтеги III эстеликтер менен салыштырып, анализдөө. Бул теманын айланасында жылдар боюнча окумуштуулар тарабынан түрдүү көз караштар айтылып келгендиктен, азыркы учурда катакомба тибиндеги эстеликтерди мурас калтырып кеткен көчмөн калктардын тарыхына байланыштуу башка авторлордун эмгектеринде канчалык деңгээлде колдонулгандыгын бөлүп көрсөтүүдө жатат. Кетмен-Төбө өрөөнүнүн катакомба тибиндеги эстеликтерине арналган магистрдик ишибиз, аты аталган өрөөндө илимий изилдөө ишин жүргүзгөн Ы. Кожомбердиевдин өздүк архивиндеги материалдар негиз алынып аткарылды. Магистрдик ишибизди жазып баштоодон мурда, Ы. Кожомбердиевдин өздүк архивиндеги бул тип эстеликтерге байланыштуу материалдар (эстеликтердин сүрөттөлүштөрү, керамика жана башка табылгалардын сүрөттөлүштөрү, графикалык материал, фотоматериалдар) иргелип, эстеликтердин саны аныкталды. Автордун архивинде жогоруда саналган материалдар чачыранды түрдө сакталгандыктан фотоматериалдардын, графикалык материалдын кайсы эстеликке таандык экендиги белгиленген эмес. Ушул себептүү, ар бир эстелике таандык инвентарьдын жазуу түрүндө берилген сүрөттөлүштөрүн фотоматериал, графикалык материал менен салыштыруу жолу менен ар бир эстеликтен чыгарылган инвентарь иргелди. Ар бир эстеликтин жазуу түрүндө берилген баяндоолору боюнча таблицалар түзүлдү. Жогоруда көрсөтүлүп тургандай бир канча этаптагы архив талдоо иши бүткөрүлгөндөн кийин Жал-Арык, Боз-Төбө, Кара-Тектир, Торкен, Акчий-Карасуу, Кызыл-Жазы, Алмалуу көрүстөндөрүнүн сүрөттөлүштөрүнүн электрондук вариантын жасоо сыяктуу темабызга тиешелүү негизги материалдын топтому чыгарылды. Жогоруда этап боюнча саналып кеткен иштердин натыйжасында иргелген материал изилдөө иштерибиздин негизги маанилүү бөлүгүн түздү. Изилдөө иштерибиздеги экинчи этап, бул теманын үстүндө жылдар боюнча иштеген башка окумуштуулардын эмгектерин ибилиографиялык топтоо иштери менен коштолду. Магистрдик иш киришүүдөн, негизги үч бөлүмдөн жана аларга таандык бөлүмчөлөрдөн, корутундудан, тиркемелерден жана библиография тизмегинен турат. Жасалган изилдөө иштери түшүнүктүү болушу үчүн, киришүү бөлүмүндө теманын актуалдуулугу, илилмий жактан изилденүү деңгээли, тема боюнча изилдөөнүн максаты, теманы иликтөөнүн алкагы тууралуу маалыматтар берилди. Ал эми иштин биринчи бөлүмүндө катакомба типтүү эстеликтердин жалпы түрлөрү, башка окумуштуу-археологдор тарабынан изилденүү хронологиясы, изилденүү деңгээли тууралуу материалдар камтылган. Бул бөлүмчөдө, жалпыланган түрдө катакомба тибиндеги эстеликтер боюнча бир канча аргументтерге таянган окумуштуулардын көз-караштары менен тааныштырууга аракет кылынды. Магистрдик иштин экинчи бөлүмүндө Кетмен-Төбө өрөөнүнүн катакомба типтүү эстеликтерине берилген жалпы мүнөздөмө, андан сырткары, эстеликтердин өзгөчөлүктөрүнө: конструкциясына, өлчөмдөрүнө, эстеликтердин негизги конструкциясы болгон катакомба жана дромостордун формалары, өлчөмдөрү жана багыттарына, маркум көмүү ритуалынын өзгөчөлүктөрүнө жана краниологиялык материалдын антропологиясына байланыштуу мүнөздөмөлөр камтылган. Үчүнчү бөлүм, катакомба типтүү эстеликтерден чыгарылган инвентарьдын өзгөчөлүктөрүнө: чопо идиштери, курал- жарактар, кооздук-буюмдар жана чарба шаймандарына арналган. Ар бир бөлүмдө, Орто Азиянын башка аймактарында жасалган илимий эмгектердин маанилүү материалдары IV менен салыштырылууга аракет кылынды. Архивдик материалдар көлөмдүү болгондугуна байланыштуу тиркемелер да көп өлчөмдө берилди. Магистрдик иш колдонулган библиография кысымы менен толукталды. Ачкыч сөздөр: Катакомба, дромос, конструкция, архив, фото жана графикалык материалдар.
Özet (Çeviri)
Geniş Orta Asya toprakları ve bu toprakların bir parçası olan Kırgızistan toprakları, üstelik, onun içerisinde yer alan Ketmen-Töbö vadisi çok eski zamanlardan göçebe kavimlerine ait anıtların beşiği olmuştur. Sadece Ketmen-Töbö vadisinin geniş topraklarında yaşamlarını sürdürmüş kavimlerin tarihi bir tarihi sürecin koparılmaz parçasıdır. Buna ilişkin olarak eski göçebe kavimlerinin tarihini ve medeniyetini inceleme işleri arkeologların, tarihçilerin büyük ve temel amaçlardan birisidir. Şu anda, Kırgızistan topraklarında yaşamış olan bütün göçebe kavimlerin tarihi ile ilgili materialleri inceleme, onları ilim dünyasına katmak en önemli hususlardan birisidir. Bu tür önemli çalışmalardan birisi olarak arkeolojinin Kırgızistan tarihinde bir ayrıca yön niteliğinde gelişmesini sağlayabilen ilk Kırgız arkeologlarından birisi I.Kojomberdiyev'in çalışmalarını sayabilmek mümkündür. Kırgızistan'da eski göçebe hayatını sürdürmüş kavimlerin tarihi, onarlın bırakmış oldukları mühim anıtlar üzerinden incelenmektedir. Ketmen-Töbö vadisindeki eski anıtların kronolojik sırası bronz çağından başlayarak XII. Yüzyıla değin gelmesine rağmen, konumuzun çekirdeğini oluşturmakta olan katakomba tipli anıtların kronolojik sırası I-V yy.kapsamaktadır. I.Kojomberdiyev'in anıtlar üzerine olan temel ve komple çalışmaları Ketmen-Töbö vadisine denk gelmesiyle beraber, bu anıtlar üzerine olan çalışmalar sonucun çok mühim eserler sırasına katabilmek mümkündür. Çünkü, bu topraklarda incelenmiş bu tip anıtların %60 tutmaktadır. Bu topraklarda incelenmiş eski devir anıtları Toktogul baraşının ve Toktogul şehrinin kurulduğu yerde incelenmiş olduğu dolayısıyla, bu anıtları tekrar incelemek mümkün değildir. Bu anıtlar üzerinden toparlanmış belgelerin temelinde, yazar tarafından doktora tezi savunularak, 60 civarında ilmi makalesi yayınlanmıştır. Buna ilişkin olarak mastera tezinin amacı, Ketmen-Töbö vadisinde I.Kojomberdiyev tarafından eski anıtlar üzerine yapılmış kazı işleri ile ilgili bütün belgeleri derlemek, yayınlanmamış belgeleri tespit etmek ve Orta Asya'nın geniş topraklarında incelenmeye alınmış diğer anıtların özellikleri ile karşılaştırmaktır. Onun dışında, katakomba tipli anıtlar üzerine araştırmacılar arasında birçok farklı görüşlerin ileri sürülmesine ilişkin olarak, onların çalışmalarında araştırmacının çalışma sonuşları hangi seviyede kullanılmış olduğunu tespit etmek mühim rol oynayacaktır. VI Çalışmamıza direk başlamamızdan önce, arşivin taralması sırasında anıtların sayısını tespit etme, fotoğraf ve grafik resimlerinin klassifikasyonu, buluntuların tarifini ayırmak gibi önemli çalışmalar yapılmıştır.Yazarın özel arşivindeki belgeler düzensiz şekilde saklandığı dolayısıyla, fotoğraflar ve grafik resimlerinin, anıt planlarının kurganlara göre ayırım işleri yapıldı. Böylece, ilk önce belgelerin anıtların tarifi ile karşılaştırma faaliyetleri yapıldı. Bu tariflere göre cetveller hazırlandı. Yukarıda belirtildiği gibi, bütün arşiv tarama etapları sonuçlandığı zaman Cal-Arık, Boz-Töbö, Torken, Akçiy-Karasuu, Kızıl-Cazı, Almaluu anıtlarına ilişkin bütün tarif belgelerinin elektronik kapsamı yapıldı. Çalışmamızın ikinci etapı olarak da katakombik tipli anıtlar üzerine çalışmış bütün araştırmacıların eserleri üzerine bibliografik tarama işleri yapıldı. Mastera tezi giriş kısmından, üç ana bölümden, sonuç ve bibliografi kısmından oluşmaktadır.Giriş kısmında konunun güncelliği, amacı ve kronolojik inceleme derecesi yazılmıştır. Çalışmanın ilk bölümünde katakomba tipli anıtlarının genel tipleri ve diğer araştırmacılar tarafından incelenme derecesi hakkında anlatılmıştır. İkinci bölümde anıtların fiziksel özellikleri, yani, onların şekilleri, ölçüleri ve yönleri, kranioloji verilerin özelliklerine adanılmıştır. Çalışmamızın her üç bölümünde başka araştırmacıların eserleri ile karşılaştırma usulu kullanılmıştır. İşin son sayfaları bibliyografya listesi ve ekler ile tamamlandırılmıştır
Benzer Tezler
- Günümüzdeki Kırsal Alandaki Kırgızların GünlükHayatındaki Eski İnanışların İzleri (Toktogul Bölgesi Örneği
Азыркы элеттик кыргыздардын күнүмдүк турмушундагы байыркы ишенимдердин издери(Токтогул районунун мисалында)
AYZAT CILDIZBEK KIZI
Yüksek Lisans
Kırgızca
2023
TarihKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTarih Ana Bilim Dalı
YRD. DOÇ. DR. KAYRAT BELEK
- Kırgızistan'da yeni milliyetçi hareketler
Кыргызстанда жаңы улутчул кыймылдар
DİNARA BOLOTBEKOVA
Yüksek Lisans
Türkçe
2019
Siyasal BilimlerKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiUluslararası İlişkiler Ana Bilim Dalı
YRD. DOÇ. DR. MURAT BÜRKAN SERBEST
- Köroğlu Destanı'nda 'seyislik, sınçılık, sayapkerlik' ve günümüz Kırgızistan'ındaki uygulamaları
Көрoглу дастанындагы 'сынчылык, саяпкерлик' жана азыркы кыргызстанда практикада колдонулушу
ATİLLA ARABACI
Yüksek Lisans
Türkçe
2013
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
DR. ULANBEK ALİMOV
- Кыргызстандын айыл-чарба тармагын өнүктүрүү маселелери жана анын евразиялык экономикалык биримдиктеги орду
Kırgızistan'da tarım sektörünün gelişim sorunları ve Avrasya ekonomik birliği'ndeki yeri
SAYKAL OTOROVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2017
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİktisat Ana Bilim Dalı
PROF. DR. CUSUP PİRİMBAEV
- Eski Türkçe dönemi (VI-XI. yüzyıl) temel eserlerinde geçen yer adları
«Байыркы т³рк тили дооруна (VI-XI кылымдар арасы) тиешел³³ чыгармаларда кездешкен топонимдер»
İBRAHİM ŞAHİN
Doktora
Türkçe
2006
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. KADIRALI KONKOBAYEV