Чыңгыз айтматовдун чыгармаларында кыргыз этномаданиятынын деформацияланышы жана трансформацияланышы
Cengiz Aytmatov'un eserlerinde Kırgız etno-kültürünün deformasyonu ve transformasyonu
- Tez No: 615619
- Danışmanlar: PROF. DR. LAYLİ ÜKÜBAEVA
- Tez Türü: Doktora
- Konular: Türk Dili ve Edebiyatı, Turkish Language and Literature
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2017
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Türkoloji Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 181
Özet
Диссертациялык ишибизде дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү инсаны, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн», «Кыямат», «Делбирим» жана «Жамийла» аттуу чыгармалары изилдөөгө алынып, бул чыгармалардын негизинде кыргыз этномаданиятынын деформацияланышы жана трансформацияланышынын көркөм чагылдырылышы илимий анализге алынат. Диссертацияда коомдо болгон жана болуп жаткан этномаданий деформациялар жана анын карама- каршысы этномаданий трансформациялардын көркөм изилденишин иликтөө аркылуу жазуучунун чеберчилигин ачып берүү максаты коюлат. Илимий ишибиздин“Маданияттын деформацияланышы жана трансформацияланышынын теориялык маселелери”деп аталган I бабында илимий жана теориялык маселелер каралат. Мисалы,“Маданият”жана“этномаданият”терминдерине түшүндүрмө берилет. Түрк дүйнөсүнүн жалпы байыркы көөнөргүс маданияты тууралуу жана анын ичинде кыргыз этномаданияты тууралуу илимий маалыматтарга токтолобуз. Илимий булактарга таянуу менен“Деформация”,“деградация”,“дегенерация”жана“трансформация”терминдеринин мааниси, алардын жалпылыгы, өзгөчөлүгү тууралуу түшүнүктөрдү беребиз. Маданияттын деформацияланышы жана маданияттын трансформацияланышы тууралуу жалпы кеп кылуу менен кыргыз этномаданиятынын совет доорундагы деформацияланышы жана ix трансформацияланышы тууралуу алардын буга чейинки илимий изилдөөлөрдө каралышы боюнча обзор беребиз. Илимий ишибизде жогоруда биз айтып кеткен этномаданияттын деформацияланышы кыскача айтканда бул маданияттын талкаланып бузулушу каралат. Этномаданияттын трансформацияланышы болсо бул маданияттын көп деформацияга учурабай кандайдыр бир негизги өзгөчөлүктөрүн сактап бул өзөгүн жоготпостон азыркы күнгө чейин сакталып келиши деп түшүнөбүз. Айтматовдун чыгармаларында этномаданий деформацияга жана этномаданий трансформацияга үлгү боло турган көп табылга бар. Залкар жазуучу кыргыз маданиятынын улуттук кыртыштан ажырабаган нукура мезгилин дагы, анын башка маданияттар, тагыраак айтканда советтик орус маданияты менен алака-катышын дагы баштан өткөзгөн, өзү күбө болуп, өз көзү менен ошол доорду көргөн жазуучу катары чыгармаларында бул кубулушту чебер чагылдырып бере алган. Замандын“күрө тамырын кармай билген”жазуучу катары коомдо болуп жаткан маданий өзгөрүүлөргө кайдигер калган эмес. Тескерисинче так ошол өзгөрүүлөрдүн туурасы менен натуурасын ачык айкын айта алган. II бап“Ч.Айтматовдун чыгармаларында этномаданияттын совет доорунда деформацияланышынын көркөм чагылдырылышы”деп аталып, ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында этномаданий деформациялык көрүнүштөрдүн сүрөттөлүшүнүн анализин камтыйт. Бул бөлүм – диссертациябыздын эң маанилүү бөлүмдөрүнүн бири. Бул бөлүмдө эң биринчиден, Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылган этномаданий деформациялар тууралуу жалпы сөз кылабыз, «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн», «Кыямат», «Делбирим» жана «Жамийла» аттуу чыгармаларындагы этномаданияттын деформацияланышын илимий анализге алабыз. «Ак кеме» чыгармасында Орозкул өңдүү каармандардын жүрүм турумун, «Кылым карытаар бир күн» романында Сабитжандын иш-аракети, ой жүгүртүүсү «Кыямат» чыгармасында адамдардын айбандарга кылган жамандыктарын этномаданияттын деформацияланышына үлгү катары алып, аларды илимий жактан иликтейбиз. Кыскасы бул бөлүмдө этномаданияттын бузулушуна дегеле талканалыныша байланыштуу көрүнүштөрдү изилдөөгө алабыз. x III бап“Ч. Айтматовдун чыгармаларында этномаданияттын трансформацияланышынын көркөм иликтениши”деп аталат. Мында кыргыз этномаданиятынын адабий чыгармада трансформацияланып сүрөттөлүшү алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында этномаданий трансформациялык көрүнүштөрдүн анализи камтылат. Бул бөлүм да диссертациябыздын эң маанилүү бөлүмдөрүнүн бири. Бул бөлүмдө эң биринчиден Айтматовдун чыгармаларында учураган этномаданий трансформациялар тууралуу жалпы сөз кылабыз, «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн», «Кыямат», «Делбирим» жана «Жамийла» аттуу чыгармалардын негизинде этномаданияттын трансформацияланышын илимий анализге алабыз. «Ак кеме» чыгармасында Момун, Бала өңдүү каармандардын жүрүм-турумун, «Кылым карытаар бир күн» романында Эдигейдин айлана чөйрөсүнө адамкерчилүктүү мамилесин, «Кыямат» чыгармасында адамдардын айбандарга кылган боорукердик мамилелерин этномаданияттын трансформацияланышына үлгү катары алып, аларды илимий жактан иликтейбиз. Кыскасы бул бөлүмдө чыгармаларда этномаданияттын сакталышына байланыштуу көрүнүштөрдү изилдөөгө алабыз. Түрк дүйнөсүнүн улуу ойчул жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзү жараткан Орозкул, Сабитжан жана башка этномаданиятты бузган, талкалаган каармандар аркылуу этномаданий деформацияны окурманга туюндуруп, этномаданий деформация жараткан адамдарга окшобош керек экендигине элдин назарын бурган. Ошондой эле Момун, Эдигей жана башка өңдүү этномаданиятты сактаган же сактаганга арекет кылган каармандар аркылуу болсо алар сыяктуу болуш керек экендигин баса белгилеген. Айтматов өзүнүн эмгектеринде түрдүү образдар, терең философиялык символдор аркылуу чагылдырылган адабий чыгармалары аркылуу дүйнөлүк окурмандын баары этномадиятты сакташ керек экендигине үгүттөгөн. Өзүнүн чыгармаларында жалпылап айтканда дүйнөлүк окурманга сабак берген Айтматовду, дүйнөлүк адабиятта этномаданияттын сакталышына көңүл бурган чоң жазуучу катары кабыл алсак жаңылбайбыз. xi Ачкыч сөздөр: Чыңгыз Айтматов, этномаданий деформация, этномаданий трансформация, «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн», «Кыямат», «Делбирим», «Жамийла».
Özet (Çeviri)
Çalışmamızda dünya edebiyatının ünlü insanı, Kırgız yazar Cengiz Aytmatov'un Beyaz Gemi, Gün olur Asra Bedel, Dişi Kurdun Rüyaları, Selvi Boylum Al Yazmalım ve Cemile adlı eserleri analiz edilmiştir. Bu eserlerin temelinde Kırgız etno-kültürünün deformasyonu ve transformasyonu konusu işlenmiştir. Tezimizde toplumda olmuş ve olmakta olan etno-kültürel deformasyonlar (bozulma) ve bunun zıddı olan etno-kültürel transformasyonların edebî analizine yer verilmiştir. Çalışmamızın 1. bölümünde bilimsel ve teorik temeller üzerinde durulmuştur. Kültür ve etno-kültür terimlerini açıklanmıştır. Bu çerçevede önce Türk dünyasının kültürü hakkında ve bunun içinde Kırgız etno-kültürü hakkında genel olarak bilimsel bilgilere yer verilmiştir. Bilimsel kaynaklara dayanmakla birlikte deformasyon (bozulma), degradasyon, dejenerasyon (yozlaşma) ve transformasyon sözcüklerinin anlamı hakkında tanımlama ve açıklamaların üzerinde durulmuştur. Bu bölümde kültür deformasyonu ve kültür transformasyonu hakkında genel olarak bilgiler verilerek, Kırgız etno-kültürünün deformasyonu ve transformasyonu hakkındaki tanımlamalar açıklanmıştır. Çalışmamızda etno-kültür deformasyonu kısaca“kültürün deformasyona ve yozlaşmaya uğrayarak bozulması”olarak tanımlanabilir. Etno-kültür transformasyonu kısaca“kültürün içeriğinin kaybetmeyerek sadece şekil yönünden korunagelmesi”olayı olarak tanımlayabiliriz. Aytmatov'un eserlerinde etno-kültür deformasyonuna ve etno-kültür transformasyonuna örnek teşkil edebilecek birçok örnek bulunmaktadır. Aytmatov, Kırgız kültürünün millî tabakadan ayrılmamış asıl dönemini, bunun diğer
Benzer Tezler
- Тема: кыргыз элинин этномаданиятынын совет доорундагы абалы чыңгыз айтматовдун көркөм иликтөөсүндө
Kırgız halkının etnokültürel yapısının Sovyet dönemindeki durumu ve Cengiz Aytmatov'un eserlerine yansıması
AİDA SMAİLOVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2011
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
PROF. DR. LAYLİ ÜKÜBAEVA
- Cengiz Aytmatov'un uzun hikâyelerinde hümanizm meselesinin edebî yönden incelenmesi
Чыңгыз Айтматовдун повесттеринде гуманизм маселесинин көркөм иликтениши
SAFA KIRVELİ
Yüksek Lisans
Türkçe
2011
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
PROF. DR. LAYLİ ÜKÜBAYEVA
PROF. DR. ORHAN SÖYLEMEZ
- Cengiz Aytmatov hakkında Kırgızistan ve Türkiye'de yapılan araştırmalar üzerine bir değerlendirme
Чыңгыз айтматов боюнча кыргызстан жана түркиядагы изилдөөлөр
SELMAN BAŞARAN
Yüksek Lisans
Türkçe
2011
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
PROF. DR. Layli ÜKÜBAYEVA
PROF. DR. Orhan SÖYLEMEZ
- Чыңгыз айтматовдун чыгармаларындагы миф жана легендалардагы этнопедагогикалык идеялар
Cengiz Aytmatov'un eserlerindeki mit ve efsane ile ilgili etnopedagojik düşünceler
ASEL İMANKULOVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2011
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
PROF. DR. AKMATALİ ALİMBEKOV
- Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында бала проблемасы
Başlık çevirisi yok
NEZAHAT TÜRK
Yüksek Lisans
Kırgızca
2008
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
PROF. DR. LAYLİ ÜKÜBAYEVA