Geri Dön

Глобалдашуу процессинде кыргызстанда коррупция маселеси

Küreselleşme sürecinde Kırgızistan'da yolsuzluk sorunu

  1. Tez No: 615405
  2. Yazar: CUNUS GANİYEV
  3. Danışmanlar: DR. CUSUP PİRİMBAYEV
  4. Tez Türü: Doktora
  5. Konular: Ekonomi, Economics
  6. Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
  7. Yıl: 2010
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: İktisat Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 178

Özet

Глобалдашуу шарттарында коррупция маселеси көптөгөн өлкөлөрдө социалдык-экономикалык жана натыйжада саясий бир топ орчундуу маселелерди жараткан негизги маселе болууда. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда коррупция салыштырмалуу жогору деңгээлде жана бул маселе боюнча көп сөз козголуп, ар кандай чаралар жасалганына карабастан, коррупция күчөө менен акырындап нормалдуу бир нерсе катары экономикалык мамилелердин бөлүнбөс бир бөлүгүнө айланып бара жатат. Бул процесстин уланышы ар кандай социалдык-экономикалык стратегия, реформалардын максатына жетпей калышына жана натыйжада өкмөттүн өлкөнү экономикалык-саясий жөнгө салуу күчүнүн жоготушуна, өлкөдө баш аламандыкка алып келиши мүмкүн. Демек, коррупция өлкөбүздүн саясий жана экономикалык коопсуздугуна шек келтирген эң негизги маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан, диссертациянын изилдөө темасы катары Кыргызстанда коррупция маселеси тандалды жана коррупциянын маңызы, себеби, натыйжалары жана аны менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун изилдөө максат кылынды. Диссертация жалпысынан 4 негизги бөлүмдөн турат. Бул багытта биринчи бөлүмдө алгач коррупциянын пайда болуш себептери жана экономикалык категорияга айланышы, коррупциянын тарыхий орду каралды. Андан соң коррупцияны изилдөө ыкмалары жана күрөшүү жолдору, ошондой эле, бул маселе боюнча азыркы учурдагы теориялык изилдөөлөр изилденди. Коррупция түшүнүгү кеңири түшүнүк болгондуктан, анын себептери да көп тараптуу болууда. Аларды жалпысынан фундаменталдык, уюштуруучулук жана социенталдык факторлор деп классификациялоо ыңгайлуу жана ылайыктуу. Бирок, эң негизги фактор башкаруучу топ тарабынан коррупциянын байлык көбөйтүүнүн бир инструменти катары кабыл алынышы болууда. Коррупция менен күрөшүүдө да бул факторлорго жараша чаралар кабыл алуу зарыл. Экинчи бөлүм коррупцияны изилдөөнүн концептуалдык негиздерине багытталып, алгач коррупция түшүнүгү, аны өлчөө маселеси жана анын көрсөткүчтөрү, модели жана эмпирикалык эмгектер анализ кылынды. Ошондой эле, эмпирикалык изилдөөлөр жасалды. Коррупциянын бүгүнкү күндө так бир аныктамасы калыптана элек деп айтууга болот. Бирок, көбүнчө «кызмат укугун өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу» деген аныктама колдонулат. Бул аныктаманы бир аз кеңейтип карасак, «коррупция – аманат катары ишенип берилген (кызмат келишиминде көрсөтүлгөн же башка түрдө берилген) кызматтык укуктарды өзүнө же башка бирөөгө пайда келтирүү максатында пайдалануу аркылуу адилетсиздикке жол ачуу, аманатка кыянат кылуу» деп аныктама берүүгө болот. Коррупцияны микро деңгээлде түшүндүрүүнүн кеңири колдонулуп келе жаткан бир модели Шлейфер жана Вишни тарабынан иштелип чыккан. Бул модел мамлекеттик кызматкердин уурулуктуу жана уурулуксуз коррупция модели учурунда пара алуу тең салмактуулугун карайт. Коррупциянын себептери боюнча эмпирикалык изилдөөлөрдө ар кандай экономикалык, социалдык, саясий жана башка факторлор модельге көз-карандысыз (коррупциянын себеби) катары койулууда. Бул эмгектерде убакыт сериясы анализине статистикалык маалыматтар азырынча аз болгондуктан, кросс-секциялык анализ колдонулууда. Бул эмгектерге таянуу менен модел түзүлүп, кросс-секциялык маалыматтар жана убакыт серияларын колдонуу менен регрессия анализдери жасалды. Натыйжада, демократия менен коррупция арасында статистикалык маанилүү тескери байланыш бар экендиги, киши башына улуттук киреше менен коррупция арасында болсо маанилүү оң байланыш бар экендиги жана өткөөл өлкөлөрдө орточо коррупция башка өлкөлөргө салыштырмалуу жогору деп аныкталды. Ошондой эле, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү жана мыйзам үстөмдүгүнүн статистикалык маанилүү таасири бар экендиги табылды. Коррупциянын натыйжалары боюнча да көптөгөн эмпирикалык эмгектер жасалып, бул эмгектер коррупциянын экономикалык өсүшкө, инвестицияларга, жакырчылыкка, кирешенин бөлүнүшүнө, мамлекеттик чыгымдарга жана кирешелерге, көмүскө экономикага, инфляцияга таасир берээри аныктаган. Бирок, коррупциянын себеп жана натыйжалары боюнча эмпирикалык эмгектер жалпысынан каралганда, коррупция себептери менен натыйжалары дээрлик бир эле факторлор болот деп айтууга болот. Үчүнчү бөлүм Кыргызстанда коррупция маселесинин өзгөчөлүктөрү, себептери, натыйжалары жана коррупция менен күрөшүү боюнча өлкөдө жүргүзүлүп келген чаралардын анализин камтыйт. Анализдер жыйынтыгында Кыргызстанда коррупциянын өлкөнүн экономикалык өсүп, өнүгүшүнө маанилүү тоскоолдук жараткан эң орчундуу маселе экендиги жана көптөгөн «аракеттерге» карабастан, жыл өткөн сайын тескерисинче өсүп бараткандыгы аныкталды. Демек, коррупция Кыргызстанда дээрлик бардык социалдык-экономикалык маселелерге түз жана кыйыр жолдор аркылуу себеп болууда. Мындан тышкары, бул бөлүмдүн аягында коррупция менен комплекстүү күрөшүү чаралары сунушталды. Диссертациянын акыркы, төртүнчү бөлүмүндө жасалган изилдөөлөр жана анализдерге таянуу менен коррупциянын автордук модели сунушталды. Бул 4 модел белгилүү бир деңгээлде эмпирикалык жана теориялык эмгектер тарабынан негизделген, макро деңгээлдеги модел деп айтууга болот. Бул эмгекти даярдоодо бул багытта изилдөөлөр жасаган чет элдик жана улуттук көптөгөн изилдөөчүлөрдүн эмгектери, Транспаренси Интернешнл уюмунун көрсөткүчтөрү, Дүйнөлүк Банк, Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика Комитети жана Улуттук Банкы тарабынан даярдалган статистикалык маалыматтар пайдаланылды. 5

Özet (Çeviri)

Küreselleşme sürecinde yolsuzluk sorunu, pek çok ülkede sosyal, ekonomik ve dolayısıyla siyasi önemli sorunlara yol açan bir sorun olmaktadır. Bir çok araştırma sonuçları gösterdiği gibi, Kırgızistan'da yolsuzluk, diğer ülkelere mukayeseli olarak yüksek seviyede olmakta ve yolsuzlukla mücadele konusuna devlet yönetimi düzeyinde önem verilerek bazı adımlar yapılmasına, yolsuzluk suç olarak tanımlanmasına ve Ceza Hukuku'nda yer almasına rağmen sözkonusu sorun, yavaş yavaş meşru bir şeymiş gibi iktisadi ilişkilerin ayrılmaz bir parçası haline dönüşmektedir. Bu sürecin devam etmesi, çeşitli sosyal ve ekonomik strateji, reformların amacına ulaşmamasına, ve bunun sonucunda hükümetin ülkeyi ekonomik ve siyasi yönlendirme gücünü kaybetmesine ve ülkede kaosa neden olabilecektir. Demek ki, yolsuzluk Kırgızistan'ın siyasi ve ekonomik güvenliğini tehdit eden en önemli sorunlardan biridir. Bu nedenle tez konusu olarak Kırgızistan'da Yolsuzluk Sorunu seçilmiştir ve tezin amacı olarak yolsuzluğun anlamı, nedenleri, sonuçları ve onunla mücadelenin etkin yollarını araştırmak belirlenmiştir. Tez, 4 ana bölümden oluşmaktadır. Birinci bölümde yolsuzluğun nedenleri ve iktisadi kategoriye dönüşmesi, tarihçesi, yolsuzluğu araştırma yöntemleri, çözüm yolları ve bu konudaki teorik çalışmalar ele alınmıştır. Yolsuzluk kavramı geniş olduğundan onun nedenleri de çok taraflı olmaktadır. Onları, genel olarak temel, örgütsel ve sosyantal faktörler olarak sınıflandırmak uygundur. Fakat yolsuzluğa yol açan en önemli neden, yolsuzluğun yönetim grubu tarafından zenginliği artırmanın bir aracı olarak görülmesidir. Yolsuzlukla mücadelede bu faktörlerin dikkate alınması gerekir. İkinci bölümde yolsuzluğun tanımı, ölçme sorunu ve göstergeleri, modeli ve empirik çalışmalara yer verilerek, empirik çalışmalar yapılmıştır. Yolsuzluğun tanımı konusunda halen fikir birliği yoktur. Fakat, genel olarak“hizmet yetkisini kendi çıkarı için kullanma”tanımı kullanılır. Bu tanımı biraz genileterek“yolsuzluk, emanet olarak verilmiş (hizmet sözleşmesinde belirtilmiş veya başka türlü verilmiş) hizmet yetkilerini kendi veya başka birisinin çıkarına kullanarak adaletsizlik yapmak, emanete hıyanet etmektir”diyebiliriz.

Benzer Tezler

  1. The peculiarities of translation of terms in medical discourse from English into Kyrgyz

    Tıbbi söylemdeki terimlerin İngilizce 'den Kırgızca'ya çeviri özellikleri

    BELEK MOLDONALIEVA

    Yüksek Lisans

    İngilizce

    İngilizce

    2022

    Mütercim-TercümanlıkKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Mütercim Tercümanlık Ana Bilim Dalı

    ÖĞR. GÖR. NURGUL KARYBEKOVA

  2. Lojistik yönetimi ve kırgızistan uygulaması

    Логистика башкаруусу жана Кыргызстан логистикасы

    AYCAN BİKİROVA

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2010

    İşletmeKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İşletme Ana Bilim Dalı

    DR. TUĞRUL BUDAK

  3. 7-8 nisan olaylarının Kırgızistan ve dünya basınında yansımabiçimleri

    7-8-апрель окуяларынын кыргызстан жана дυйнөлυк басма сөздө чагылдырылуусу

    GϋLMAYRAM ABDURASULOVA

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2012

    İletişim BilimleriKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İletişim Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. EMİNE YAVAŞGEL

  4. Адам капиталынын экономикалык өсүүгө тийгизген таасири: Кыргызстан мисалында

    Impact of human resources on economic growt: The case of Kyryztan Beşeri sermayenin iktisadi büyüme üzerindeki etkisi: Kırgızistan örneğinde

    NURGÜL KILIÇBEKOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2020

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. ZAMİRA ÖSKÖNBAEVA