Geri Dön

Регионалдык өнҥгҥҥдө мамлекеттин ролу; кыргызстандын мисалында

Bölgesel kalkınmada devletin rolü: Kırgızistan örneği

  1. Tez No: 615513
  2. Yazar: YAŞAR AYYILDIZ
  3. Danışmanlar: PROF. DR. TURUSBEK ASANOV
  4. Tez Türü: Doktora
  5. Konular: Maliye, Finance
  6. Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
  7. Yıl: 2011
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: Maliye Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 271

Özet

Тигил же бул өлкөнүн региондорунун ортосунда экономикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрдүн бирдей эместигин түшүндүргөн регионалдык тең салмаксыздык өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан дээрлик баардык өлкөлөрдө кеңири кездешкен көрүнүш болуп саналат. Регионалдык өнүгүүнүн негизги максаттары катары экономикалык, социалдык, маданий жана географиялык факторлор тарабынан шартталган региондор аралык социалдык, экономикалык жана башка тармактардагы тең салмаксыздыктарды жоюу маселелерин кароого болот. Регионалдык өнүгүү саясатынын максаттары, механизмдери жана тажрыйбалары глобалдык деңгээлдеги өзгөрүүлөр менен катар өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бүгүнкү күндө өнүгүү борбордук бийликтин түздөн – түз кийлигишүүсү менен чектелбестен, регионалдык, жергиликтүү, улуттук жана эл аралык тараптардын катышуусу менен түзүлө турган көп тараптуу социалдык – экономикалык жана саясый механизмдердин натыйжасында ишке ашырыла турган процесс катары каралууда. Мындай өнүгүү мурда кездешпеген коомдук маселелер менен коштолууда. Аталган маселелерди чечүү экономикалык viii өнүгүүгө негизделген социалдык – экономикалык регионалдык өнүгүү саясатын иштеп чыгуудан көз каранды болуп эсептелет. Мамлекет тарабынан ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, жумуш орундарын түзүүдө оор каржылык чыгымдарга дуушар болбостон, жеке инвестицияларды стимулдаштыруу аркылуу экономиканы жөнгө салуу ролун аркалоо жана натыйжада региондор аралык тең салмаксыздыктарды жоюу саясатын жүргүзүү 1950 – жылдардан тарта кеңири колдонулуп келе жаткан тажрыйба болуп эсептелет. Бул изилдөөдө регионалдык өнүгүүдө мамлекеттин ролу, регионалдык өнүгүүнүн зарыл шарттары жана регионалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон инструменттер талдоого алынган. Ошондой эле регионалдык өнүгүүнү камсыз кылууда мамлекет тарабынан колго алынган салык жана салыктык эмес алдын – алуу иш-аракеттерине токтолуп, Кыргызстанда регионалдык өнүгүү маселелерин четтетүү боюнча сунуштар каралган. Диссертациянын биринчи бөлүмүндө регион жана регионалдык өнүгүү түшүнүктөрү боюнча теориялык негидерге орун берилген. Экинчи бөлүмдө регионалдык өнүгүүнү камсыздоодо салыктык жана салыктык эмес инструменттер, үчүнчү бөлүмдө регионалдык өнүгүү жаатында Түркия Республикасынын тажрыбалары талдоого алынган. Диссертациянын төртүнчү жана бешинчи бөлүмдөрүндө өнүгүү индекстери жана социалдык – экономикалык көрсөткүчтөргө таянып Кыргызстанда региондор аралык өнүгүү айырмачылыктарды көп өзгөрмөлүү статистикалык ыкмалардын негизинде аныктоого аракет жасалган. Ал эми, акыркы бөлүмдө Кыргызстандын регионалдык өнүгүү процессинде мамлекет тарабынан аткарыла турган иш-аракеттерге байланыштуу сунуштар камтылган. Ачкыч сөздөр: Регион, регионалдык өнүгүү, регионалдык өнүгүү айырмачылыктары, мамлекеттик колдоо, салыктык стимулдаштыруу

Özet (Çeviri)

Bölgesel dengesizlik, bir ülkenin çeĢitli bölgelerinde görülen ekonomik ve sosyal fırsat eĢitsizliği seklinde tanımlanmakta olup, günümüzde çoğunlukla geliĢmiĢ ya da geliĢmekte olan hemen her ülkede görülebilmektedir. Ekonomik, sosyal, kültürel ve coğrafi faktörlerin, doğrudan ya da dolaylı olarak neden olduğu bölgelerarası sosyal, ekonomik ve diğer dengesizlikleri gidermek bölgesel kalkınmanın temel amaçlarındandır. Bölgesel kalkınma politikalarının hedefleri, mekanizmaları ve uygulamaları, küresel ölçekte yaĢanan dinamiklerle birlikte değiĢmektedir. Artık kalkınma, yalnızca merkezi hükümetin müdahalesine dayalı yukarıdan aĢağıya bir yaklaĢımla değil; bölgesel, yerel, ulusal ve hatta uluslararası aktörlerin katılımıyla oluĢturulan çok düzlemli sosyo-ekonomik politik mekanizmalarla gerçekleĢebilecek bir süreç olarak tanımlanmaktadır. Öte yandan, bu geliĢme ile birlikte daha önce görülmemiĢ toplumsal sorunlar da ortaya çıkmaktadır. Bu sorunların çözümü, ekonomik kalkınmaya dayalı sosyo-ekonomik bölgesel kalkınma politikalarının da geliĢtirilmesine bağlıdır. Devletin parasal olarak ağır maliyetlere katlanarak doğrudan istihdam oluĢturma politikası uygulamak yerine, özel yatırımları teĢvik etmek suretiyle ekonomiyi düzenleyici bir rol üstlenmesi ve böylece bölgelerarasında ortaya çıkan geliĢmiĢlik farklılığını giderecek politikalar oluĢturması, 1950‟li yıllardan itibaren günümüze kadar

Benzer Tezler

  1. Туризмдин кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири

    Kırgızistan'da turizmin ekonomik kalkınmaya etkisi

    MAYRAM BAYGONUŞEVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2015

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. CUSUP PİRİMBAEV

  2. Kırgızistan'ın Şanghay işbirliği örgütü üyeliği: İşbirliği perspektifleri

    Диссертациянын темасы кыргызстандын шанхай кызматташтык уюмундагымүчөлүгү: кызматташтык перспективалары

    EDİLİYA ABDIKADIROVA

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2017

    Uluslararası İlişkilerKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Uluslararası İlişkiler Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. MURAT BÜRKAN SERBEST

  3. Кыргызстандагы тарых илими: жаралышы жана өнүгүүсү (XX кылымдын 20-30 жылдары)

    Kırgızistan'da tarih biliminin doğuşu ve gelişimi (1920–1930'lu yılları )

    MAKTIM MAMETEMİN KIZI

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2018

    TarihKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Tarih Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. CEENBEK ALIMBAEV

  4. Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында региондордун орду: кыргызстандын мисалында

    Ülkenin kalkınma stratejisinde bölgesel kalkınmanın rolü

    NURBAKIT ASANAKUNOV

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2013

    EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İktisat Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. DAMİRA CAPAROVA

    PROF. DR. TURAR KOYÇUEV