Туризмдин кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасири
Kırgızistan'da turizmin ekonomik kalkınmaya etkisi
- Tez No: 614680
- Danışmanlar: PROF. DR. CUSUP PİRİMBAEV
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Ekonomi, Economics
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2015
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: İktisat Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 115
Özet
XX кылымдын экинчи жарымынан баштап туризм дүйнөлүк экономикада эң тез өнүккөн секторлордун бирине айланган. Ал негизинен регионалдык жана улуттук өнүгүүнүн булагы болуу менен бирге киреше, жумуш орундарын түзүү, салык кирешелерин көбөйтүү жана төлөм балансындагы маселелерди чечүүдө да чоң роль ойнойт. Ошондуктан башка экономикалык секторлорго караганда анын күчтүү мультипликатор эффектине ээ экендигин айтууга болот. Ал түз же кыйыр түрдө 32 экономикалык секторго (турфирмалар, транспорттун баардык түрү, мейманканалар, тамактануу системалары, эс айлуу жайлары, санаторийлер, улуттук кол өнөрчүлүк, улуттук парктар ж.б.) таасир берет. Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан көпчүлүк өлкөлөрдө жасалган изилдөөлөр боюнча туризм экономикалык өнүгүүнүн жана өсүүнүн эң негизги булактарынын бири экендиги далилденген. Кыргызстанда дагы, туризм индустриясы өлкө экономикасында приоритеттүү секторлордун бири катары таанылат. Статистикалык жана эмпирикалык маалыматтар Кыргызстандагы туризмге жылдан-жылга кызыгуу арткандыгын жана туристтердин саны жана алардан түшкөн кирешенин өскөндүгүн көрсөтөт. Мисалы, 90-жылдардын башында өлкөбүзгө 30 өлкөдөн туристтер келсе 2010-жылдан кийин 100 дөн ашык өлкөдөн келе баштаган. Статистикалык Комитеттин берген маалыматы боюнча 2013-жылы Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандардын саны 3,1 млн. адамды түзгөн, бул 2009-жылга караганда 1,4 эсеге, ал эми 2001-жылга салыштырмалуу 2,2 пайызга көп. КМШ өлкөлөрүнөн өлкөбүзгө келгендердин саны 2,9 млн. адам (чет өлкөлүк туристтердин жалпы санынын 95,1 пайызы) жана КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн 152,8 миң адам (4,9 пайыз). Чет өлкөлүк туристтердин негизги v агымы Казахстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Кытайдан, Германиядан, Турциядан жана АКШдан болгон. Өнүгүү критерийлеринин негизинде туризмдин Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө канчалык жана кандайча таасир бергендигин изилдөөнү максат кылган бул изилдөөдө, туризм жана адамдырдын өнүгүү потенциалынын индекстери арасындагы байланыш изилденип, Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндөгү мааниси каралган. Алгач аз өнүккөндүккө токтолуп, начар өнүккөн өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрү каралган, андан кийин өнүгүү теориялары жана Кыргызстандагы туризмдин абалы аныкталып туризм жана экономикалык өнүгүү арасындагы байланыш изилденген. Бул максатта экономикалык өнүгүүгө таасир берет деген өзгөрмөлөр тандалып анализ жасалган. Өзгөрмөлөрдү тандоодо адамдырдын өнүгүү потенциалынын индекстери болгон жыргалчылык индекстери жана саламаттыкты сактоо системасынын стандарттарына көңүл бөлүнгөн. Буга ылайык, өнүгүүнүн символу катары, киши башына түшкөн киреше жана ички дүң өндүрүм, өнүгүүгө таасир берген өзгөрмөлөр катары да келген туристтердин саны, туризм кирешелери, балдардын өлүү коэфициенти, жумушсуздук саны жана инфляция деңгээлдери белгиленген. Бул маалыматтардын негизинде Грейнжер себептүүлүк жана регрессия анализдери жасалып, жыйынтыгында туризм кирешелери жана экономикалык өнүгүү арасында карама-каршылыктуу оң байланыш болгондугу табылган. Тагыраак айтканда Кыргызстанда туризм кирешелеринин өнүгүүсү өлкө экономикасына оң таасир берсе, ошол эле учурда экономиканын өнүгүүсү туризм секторунун өнүгүүсүнө оң таасир бере тургандыгы аныкталган. Мындан тышкары, экономикалык өнүгүү жана туризм арасындагы байланышты изилдей турган изилдөөчүлөргө сунуштар жасалган. Ачкыч сөздөр: экономикалык өнүгүү, начар өнүккөндүк, туризм жана экономикалык өнүгүү, Гренжер себептүүлүк, регрессиялык анализ.
Özet (Çeviri)
20. yüzyılın ikinci yarısından itibaren, turizm, dünya ekonomisinde en hızlı gelişen ve genişleyen sektörlerden biri haline gelmiştir. Turizm sektörü, yaygın biçimde gelir, iş ve vergi gelirlerinin oluşturulmasında, ödemeler dengesi problemlerinin hafifletilmesinde, bölgesel ve ulusal ekonomik gelişmelere katkıda bulunmada rol oynayan önemli bir sektör olarak yerini almıştır. Bu nedenle turizmin çarpan etkisi diğer ekonomik sektörlere göre daha güçlü olduğunu söylemek mümkündür. Gelişmiş ve az gelişmiş birçok ülkede yapılan araştırmada turizm ekonomik kalkınmanın ve büyümenin önemli kaynaklarından olduğu görülmüştür. Kırgızistan ekonomisi için de turizm endüstrisi en önemli sektörlerdendir. İstatistik ve empirik veriler ülke turizmine olan ilgi her geçen gün arttığını ve turistlerin sayısı, dolayısıyla da turizm gelirleri arttığını göstermektedir. Mesela, 90. yılların başında ülkemize 30 ülkeden turistler gelirken 2010 dan sonra 100`den fazla ülkeden gelmeye başlamiştır. Kırgızistan Cumhuriyeti İstatistik Komitesinin verilerine göre 2013 yılında Kırgızistan`a gelen turistlerin sayısı 3,1milyon olmuştur. Bu 2009 yılına göre 1,4 kata, 2001 yılına göre de yüzde 2,2` ye çoktur. BDT ülkelerinden gelenlerin sayısı 2,9 milyon olmuştur (yabancı turistlerin yüzde 95,1) ve diğer ülkelerden 152,8 bin insan gelmiştir (yüzde 4,9). Yabancı turistlerin büyük bölümünü Kazakistan, Rusya, Özbekistan, Tajikistan, Çin, Almanya, Türkiye ve ABD`dan gelenler oluşturmuştur. Kalkınma kriterleri çerçevesinde turizmin Kırgızistan'da ekonomik kalkınmayı ne kadar ve nasıl etkilediğinin ortaya koyulmaya çalışıldığı bu çalışmada, turizm ile insani kalkınma endeksi ölçütleri arasındaki ilişkiden yola çıkılarak, turizm gelirlerinin Kırgızistan'ın ekonomik ve sosyal gelişimindeki önemi üzerinde durulmuştur. Öncelikle azgelişmişlik tanımlanarak azgelişmiş ülkelerin özelliklerine değinilmiş, daha sonra kalkınma teorileri açıklanmış ve Kırgızistan'daki turizmin mevcut durumu, son olarak da turizm ve kalkınma arasındaki ilişki incelenmiştir. Bu amaçla kalkınmayı
Benzer Tezler
- Eturizm temelli dijital platform ve uygulamaların kullanımının değerlendirilmesi: Kırgızistan örneği
Туризм индустриясында колдонулган санарип платформаларды жана тиркемелерди талдоо: Кыргызстандын мисалында
SALİMA SEİTAKHUNOVA
Yüksek Lisans
Türkçe
2022
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTurizm İşletmeciliği ve Otelcilik Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. GÜNTEKİN ŞİMŞEK
- Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү проблемалары
Kırgızistanda'ki turizmin kalkınma sorunları
GULZAT BERENALİEVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2012
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEkonomi Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. DANIŞMAN YOK
- Kırgızistan'da toplum temelli turizmin bölgesel kalkınmadaki rolü: Bir karma yöntemler araştırması
Кыргызстандагы коомчулукка негизделген туризмдин аймактык өнүгүүдөгү ролу: аралаш методдор аркылуу изилдөө
NURSULTAN SIDIKOV
Yüksek Lisans
Türkçe
2021
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTurizm İşletmeciliği ve Otelcilik Ana Bilim Dalı
YRD. DOÇ. DR. TOLGA GÖK
- Кыргыз улуттук тамак-аштарынын коомдук тамактануу жайларындагы орду: бишкекшаарынын мисалында
Kırgız ulusal yemeklerinin yiyecek ve içecek işletmelerinde yeri: Bişkek örneği
NURZAADA ESENKADIR KIZI
Yüksek Lisans
Kırgızca
2024
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTurizm ve Otel İşletmeciliği Ana Bilim Dalı
PROF. DR. NURUDİN KIDYRALİEV
- Визасыз режимдин кирүү туризминин өнүгүүсүнө таасири: Кыргызстандын мисалында
Vizesiz girişlerin aktif dış turizm üzerine etkileri: Kırgızistan örneği
ALTINAY TAALAYBEK KIZI
Yüksek Lisans
Türkçe
2023
TurizmKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiOtel İşletmeciliği Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. BAKIT TURDUMAMBETOV