Улуттук менталитеттин тил аркылуу чагылдырылышы (кыргыз макал-лакаптарынын негизинде)
Ulusal zihniyetin dile yansıması (Kırgız atasözlerinin temelinde)
- Tez No: 615578
- Danışmanlar: DOÇ. DR. BURUL SAGINBAYEVA
- Tez Türü: Doktora
- Konular: Türk Dili ve Edebiyatı, Turkish Language and Literature
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2015
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Türkoloji Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 620
Özet
Диссертациялык иште улуттук менталитеттин тил аркылуу чагылдырылышына байланыштуу маселелер каралып, менталитет жана мааниси жагынан ага жакын турган түшүнүктөргө талдоо жүргүзүлдү. Менталитеттин негизги белгилери прецеденттик тексттерде көбүрөөк сакталгандыгына басым жасалып, ага ылайык макал-лакаптарды прецеденттик тексттер катары кабыл алуунун маанисине көңүл бурулду. Ушундан улам кыргыз тилиндеги макал-лакап фондунун минимумун түзүү зарылчылыгы пайда болду. Ал үчүн кыргыз тилиндеги макал-лакап топтомдорундагы бардык паремиялар бир корпуска бириктирилди. Кийинки этапта макал-лакаптардын лексика-семантикалык катмарлары ар тараптуу изилдөөгө алынып, бири-бирин кайталаган паремиялар инварианттуулук принциби боюнча иргелип алынды. Натыйжада, азыркы кыргыз тилинин макал- лакап фонду 8611 паремиялык бирдиктен тургандыгы такталып, анын негизинде улуттук менталитетти аныктоого аракет жасалды. Улуттук менталитеттин тил аркылуу чагылдырылышын көрсөтүү максатында когнитивдик лингвистиканын изилдөө ыкмалары тандалып алынды. Ошол эле учурда иштин максатына ылайык аталган илимдеги талаш туудурган терминологиялык айрым маселелер кайрадан жеке талдоого алынып, аралаш берилген түшүнүктөр өз ара жиктештирилип, макал-лакаптардын мисалында конкреттештирилип көрсөтүлдү. Айрыкча, эмгектен менталитеттин бирдиги v болгон концепт жана анын түрлөрүнө, изилдөө каражаттарына байланыштуу маалыматтарды табууга болот. Мындан сырткары, дүйнөнү кабылдоодо категориялардын мааниси өзгөчө белгиленип, когнитивдик жактан аң-сезимдеги категориялардын түзүлүшү, аларды изилдөөнүн жолдору аныкталды. Акырында кыргыз макал-лакаптарындагы лексемаларга жыштык анализи жүргүзүлүп, улуттук менталитетте концепттердин ичинен эл жана сөз концепттери өзгөчө орун ээлегендиги анык болду. Анын негизинде улуттук менталитеттеги бул концепттерди өз ичине камтыган көптүк сан жана кеп категорияларына когнитивдик анализ жасалды. Кыргыз макал-лакап фондундагы сөздөрдүн жыштыгы иштин соңунда тиркеме түрүндө берилди. Жалпысынан, бул изилдөөдө когнитивдик лингвистиканын теориясына байланыштуу маалыматтар талдоого алынат. Мындагы талдоолор айрым жерлерде тилдин философиясын түшүнүүгө жардам берет. Эмгектеги макал- лакаптарга байланыштуу маалыматтар кыргыз тилинин паремиологиясы жана корпус лингвистикасы боюнча иш алып барган изилдөөчүлөргө сунушталат. Диссертация киришүүдөн, үч баптан, корутундудан, диссертациянын түрк тилиндеги кыскача мазмунунан, колдонулган адабияттардан жана эки тиркемеден турат. Ачкыч сөздөр: менталитет, прецеденттик текст, дүйнөнүн тилдик сүрөтү, концепт, фрейм, схема, сценарий, түшүнүк, образ, гештальт, пропозиция, категория, прототип, стереотип, концепттик метафора, бута алкак, булак алкак, инварианттуулук.
Özet (Çeviri)
Tezde ulusal zihniyetin dile yansımasıyla ilgili sorunlar ele alınıp zihniyet ve anlam bakımından benzer kavramlar üzerine analiz yapılmıştır. Zihniyetin en önemli unsurlarının dilde örnek metinler (precedent text) içinde kaydedildiği vurgulunarak atasözlerinin örnek metinler olarak önemi hakkında bilgiler verilmiştir. Bilgileri gerekli verilerle açıklamak için Kırgız atasözlerinin minimumunu oluşturma ihtiyacı ortaya çıkmıştır. Bu nedenle değişik yazarlar tarafından değişik dönemlerde yazılmış atasözleri kitaplarındaki bütün atasözleri bir derlemde birleştirilmiştir. Sonra atasözlerinin leksikolojik ve semantik özellikleri üzerine çok yönlü inceleme yapılarak birbirini tekrar eden atasözleri sabit değişkenlik ilkesine (invariance principle) göre seçilip alınmıştır. Bunun sonucunda günümüz Kırgız atasözleri hazinesinin 8611 atasözünden oluştuğu tespit edilip bu fona göre ulusal zihniyetin ortaya konması için gayret edilmiştir. Ulusal zihniyetin dile yansıyan yönünü göstermek için metodolojik bakımdan bilişsel dilbilim kuramlarına başvurulmuştur. Adı geçen bilim dalındaki çeşitli görüş farklarından meydana gelen sorunlar göz önünde bulundurularak bazı terimler için yeniden analiz yapılmıştır. Sonunda karışık gösterilen kavramlar, terimler kendi içinde tasnif edilerek amaca uygun olarak atasözleri örneğinde açıklanmıştır. Özellikle, çalışmada konsept ve onun çeşitleri, araçları üzerine somut bilgiler verilmiştir.
Benzer Tezler
- Кыргыз философия тарыхын изилдөөнүн методологиялык маселелери
Kırgız felsefe tarihini araştırmanın metodolojik problemleri
CANIL BARPIBAEVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2018
FelsefeKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiFelsefe Ana Bilim Dalı
PROF. DR. CAMGIRBEK BÖKÖŞOV
- Кыргызстандын социалдык багыттагы рынок экономикасынын өзгөчөлyктөрyн анализдөө
Kırgızistan sosyal piyasa ekonomisinin özelliklerinin incelenmesi
ESENGELDİ CUMADİLOV
Yüksek Lisans
Kırgızca
2011
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİktisat Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. Cıpar Aytuganova
- Küreselleşme sürecinde Kırgızistan ekonomisinde rekabet gücü oluşturma ve geliştirme sorunları
Ааламдашуу процессинде кыргызстандын экономикасында атаандаштык чөйрө түзүү жана өнүктүрүү маселеси
KIYALBEK AKMOLDOEV
Doktora
Türkçe
2013
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİktisat Ana Bilim Dalı
PROF. DR. JUSUP PİRİMBAEV
- T.C. Milli Eğitim Bakanlığı'nın yurtdışına görevlendirdiği öğretmenlerinin iş doyumu (Kırgızistan örneği)
Түрция улуттук билим берүү министрлиги тарабынан чет өлкөгө жөнөтүлгөн мугалимдердин кесиптик канааттануу маселелери (кыргызстандын мисалында)
İRFAN ARIK
Yüksek Lisans
Türkçe
2010
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
PROF. DR. NURBÜBÜ ASİPOVA
- Кыргыз улуттук орнаментинин коммуникация системасындагы ролу
Kırgız milli motiflerinin iletişim sistemindeki rolü
ELVİRA ÇINIYEVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2011
İletişim BilimleriKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiİletişim Ana Bilim Dalı
DR. ÜMÜT ASANOVA