Geri Dön

Кыргызстандагы гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү проблемалары

Kırgızistan'daki hidroenerji sektörünün gelişme problemleri

  1. Tez No: 614424
  2. Yazar: NURCAN ŞABİYEVA
  3. Danışmanlar: PROF. CUSUP PİRİMBAYEV
  4. Tez Türü: Yüksek Lisans
  5. Konular: Ekonomi, Economics
  6. Anahtar Kelimeler: elektrik, hidroelektrik, hidropotansiyel, küvvet, enerji sistemi, enerji kaynakları, ticari hırsızlık, tüketici zimmet
  7. Yıl: 2013
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: İktisat Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 121

Özet

Кыргызстандын экономикалык жана социалдык жашоосунда энергетика тармагынын оорду өтө жогору. Бирок, тилекке каршы азыркы учурда өнөр-жай, жана калкты электрэнергия менен камсыздоо канааттандыраарлык деңгээлде эмес. Ушул себептен энергетика маселелери азыркы мезгилде актуалдуу маселе болуп келет. Жана ошондой эле толугу менен экономикалык көз караш менен изилденген эмес. Бул иште Кыргызстандын гидроэнергетика тармагы талдалып, анализделип, кандай маселелер көйгөйлүү жана аларды чечүү жолдору каралган. Кыргызстан гидроэнергетикалык ресурстарга бай өлкө жана гидроэнергетикалык көрсөткүчтөрү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү оорунду ээлеп келет (биринчи орунда- Россия, экинчиде- Таджикистан). Электр станциялардын жалпы кубаттуулугу 3787 МВт жана эки жылуулук электрстанциянын жалпы кубаттуулугу 716 МВтты түзөт. Өлкөдө өндүрүлгөн электрэнергиянын 90%ы гидроэнергетика тармагына туура келет. Эгер Кыргызстандын жылдык потенциалы 140 кВт/с экендигин эске алсак, азыркы учурда анын болгону 10% колдонулуп жаткандыгын белгилеп кете алабыз. Улуттук экономиканын абалына жана өнүгүүсүнө электрэнергиялык сектор белгилүү дэңгээлде басым кылат: анын үлүшүнө ИДП нын 3,9%, өндүрүштүн 16% жана мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 10 %ы туура келет. Бирок, маанилүү гидроэнергетикалык потенциалына ээ болгонуна карабастан азыркы учурда Кыргызстандын бул тармагы тетиктеринин эскирип кетиши жана инвестициянын жетишсиздигинен оор абалда. Андан сырткары актуалдуу маселе болуп мамлекеттик жөнгө салуу, учурдагы тарифтик системасынын эффективдүүлүгү, лицензиялоо, ГЭСтерди курууга уруксат алуудагы мыйзамдын толук иштелип чыкпагандыгы болуп саналат. Өлкөбүздүн электрдик тармагы 15-20% нормадан ашык коркунуч жарата турган кубаттуулукта. Бул көрүнүш акыркы мезгилде электр энергиясынын көп колдонула башташынын натыйжасы болуп саналат. Ошол себептен веердик түрдө өчүрүүлөр пландалып турат. Бул магистрдик иште теориялык жана практикалык таянуу менен изилдөө жүргүзүлдү жана эсептөөлөр, анализдер негизинде өлкөбүздө суу ресурстары толугу менен жана туура колдонулбагандагы, тарифтердин туура эмес коюлгандыгы, гидроэнергетика тармагы жалпысынан оор абалда тургандыгы жана инвестициялар керек экендиги байкалган. Тетикдердин эскирип кетишинин натыйжасында техникалык уурдоолор жыл сайын өсүүдө, муну азайтыш үчүн реконструкция жана оңдоо иштери тез арада жасалышы шарт. Мындан сырткары тиричилик уурдоолордун саны жана акы төлөбөгөндөрдүн саны да артууда, бул жагдайда калкка жана ишкерлерге түшүндүрүү иштери жасалып, автоматтык счетчиктер орнотулуп катуу контрол жүргүзүлүшү керек. Өлкөбүздүн энергетика тармагында паракордук басымдуу орунду ээлегендиги үчүн энергетика секторунун иш алып баруусун баардыгы ачык айкын көрө ала тургандай ачык жүргүзүлүшү талап кылынышы керек. Өлкөдөгү ар кайсы региондо электрэнергия сарптоо көрсөткүчтөрү ар кандай. ГЭСтердин көбү түштүк аймакта жайгашкан бирок сарптоо түндүктө жогору. Түндүккө жеткирүүдө Өзбекстан жана Казакстандын территориясынан өткөндүгү үчүн ар кандай транзиттик маселелер жаралууда. Бул маселелени чечүүдө жергиликтүү кичи жана орто ГЭСтердин курулушу жардамчы боло алат. Андан сырткары булар калкты үзгүлтүксүз жана арзан электрэнергия менен камсыздоосу менен бирге өлкөнүн экономикасына салым кошот. Мисалы, кичи жана орто ГЭСтер жакшы иш алып бара ала турган болсо, чоң ГЭСтердин өндүрүмүн экспорттоо мүмкүн болот. Ошондуктан, экономиканы көтөрүү жана калктын социалдык абалын жогорулатуу максатында, туура жана ыңгайлуу баа-тарифтик системасы орнотулушу керек. Жаңы ГЭСтерди куруу жана эскилерин реконструкциялоо үчүн инвестиция менен камсыздоо керек. Чет элдик жана жергиликтүү инвестицияны тартуу үчүн мыйзамдык жана экономикалык базада жагымдуу шарттар түзүлүшү керек. Ачкыч сөздөр: электрэнергия, гидроэнергетика, гидроэнергетикалык потенциал, кубаттуулук, энергосистема, энергия ресурстары, коомерциялык уурдоо, тиричилик уурдоо.

Özet (Çeviri)

Enerji sektörü Kırgızistan'nın ekonomik ve sosyal hayatında önemli yer alır. Maalesef, şimdiki zaman halkı ve üretimi yeterli olarak elektrikle memnuetini sağlayamıyor. Bu sebeple enerji sorunları günümüzde çok acildir. Ve bu mesele iktisadi taraftan iyice buna kadar bakılmamıştır. Kırgızistandaki hidroenerji sektörünün analiz edilmesi, hangi problemler var olduğu ve onları giderme yollarını bulma bu tezin amacıdır. Kırgızistan hidroenerji kaynaklarına zengin bir ülkedir ve BDT ülkeleri arasında üçüncüdür (birinci- Rusya, ikinci- Tadcıkıstan). Enerji santrallerinin toplam gücü 3787Mw-tır . Ülkede üretilen elektiğin %90ı hidronenerjiden kaynaklanır. Ve ülkemizin kaynaklarını çok olduğuna bakarsak şimdilik onu sadece %10 kullanabiliyor oluyoruz. Enerji sektöri ulusal ekonomide yeri önemlidir: GSMH'nın %3,9, üretimin %16 ve üke bütçesinin %10 nu oluşturur. Ama şimdi bu sektör araçlarının baya eski olduğundan zor durumdadır. Bundan başka problem olarak konumuz sektördeki hükümet düzenlemeleri,tarıfe sistemi, ve yeni enerji santrellerin kurmaya başlamada lısans almada kanunların iyice bakılmadığı sayılır. Amaca ulaşmak için önce hidroenerji konusunda teorik ve pratik literatür taralması yapılmıştır ve onların ışığında Kırgızistanda hidroenerji sektörü araştırılmıştır. Model ve analiz tahmınleri sonucu söz konusu ülkede su kaynaklarının ekonomik doğru kullanılmadığı, tarifelerin yanlış belirtilmiş olması, bu sektörün zor durumda olduğu ve yatırımların yetışsiz olduğu belli olmuştur. Enerji santrellerinin kullanımı uzun zaman olup yenileme işleri yapılmamış olmasından araçlar imar ve düzenleme işlerini talep eder. Bununla hırsızlık ve kayıpları azaltabiliriz. Ülkemizde enerji sektöründe rüşvet çok kullanıldığı üzere, bu sektörin işini halk açık yapmalıyız Her bölgede elektrik kullanma göstergeleri farklıdır, ülkenin güneyinde üretim yapılır ama kuzede guneye göre daha çok elektrik harcanır. Ve bundan dolayı güneyden kuzeye enerjıyı geçirmede tranzit sorunları ortaya çıkıyor. Bu sorunun çözümü için o bölgelerde küçük ve orta enerji santrallerini kurmak gerekiyor. Bu enerji kaynakları sadece halkı elektrikle sağlamadan ülke ekonomisi için iyidir, çünkü, bunlar ülke içi talebe cevap verirse büyük santralların üretimini dışarıya satabiliriz. Kırgızistan'ın ekonomisini geliştirme ve halkın sosya hayatını iyileştirmek için doğru tarife koyulmalı. Yeni büyük ve küçük enerji santrallarını kurmak ve eskılerini imar etmek için ulusal ve dışarıdan yatırım kaynalarını bulmak gerektir. Ve bunların çok olması için iktisadi ve hukuki elverişli ve duruma uygun koşulları yapmalı.

Benzer Tezler

  1. Кыргызстандагы мектеп-медреселер(xıx-xx кылымдын башына чейин)

    Kırgızistan'daki mektep ve medreseler(xıx-xx yüzyılın başına kadar)

    CAYNAGÜL TACİBAY KIZI

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2022

    TarihKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Tarih Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. ROZA ABDYKULOVA

  2. Кыргызстандагы ийне жалбырактуулардынкозу карындык илдеттерине мүнөздөмө берүү

    Kırgızistan'da iğne yapraklı ağaçlarda görülen fungal hastalıkların karakteristikleri

    AYDANA ASKAROVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2021

    ZiraatKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Bitki Koruma Ana Bilim Dalı

    DR. MAHABAT KONURBAYEVA

  3. Kırgızistan'da reklamcılıkla ilgili yapılan akademik çalışmalar üzerine bir araştırma

    Кыргызстандагы реклама тармагына байланыштуу жүргүзүлгөн академиялык эмгектер боюнча изилдөө

    NURPERİ BAKAZOVA

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2021

    Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İletişim Bilimleri Ana Bilim Dalı

    DR. ASLI YURDİGÜL

  4. Kırgızistan'da toplum temelli turizmin bölgesel kalkınmadaki rolü: Bir karma yöntemler araştırması

    Кыргызстандагы коомчулукка негизделген туризмдин аймактык өнүгүүдөгү ролу: аралаш методдор аркылуу изилдөө

    NURSULTAN SIDIKOV

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2021

    TurizmKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Turizm İşletmeciliği ve Otelcilik Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. TOLGA GÖK

  5. Кыргызстандагы карачайлардын тарыхы, социалдык структурасы жана маданияты

    Kırgızistan'daki Karaçaylıların tarihi, sosyal ve kültürel yapısı

    ZALİNA ADOBAŞEVA

    Doktora

    Kırgızca

    Kırgızca

    2020

    TarihKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Tarih Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. YUNUS EMRE GÜRBÜZ