Geri Dön

Кытай тарыхый булактарында кыргыздар жана Кыргызстан тууралуу маалымыттардын изилденишинин тарыхнаамасы

Çin tarihi kaynaklarında Kırgız ve Kırgızistan hakkında bilgi çalışmasının tarih yazımı

  1. Tez No: 967925
  2. Yazar: KANATBEK ABDUCAPAR UULU
  3. Danışmanlar: PROF. DR. ANVARBEK MOKEEV
  4. Tez Türü: Yüksek Lisans
  5. Konular: Belirtilmemiş.
  6. Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
  7. Yıl: 2025
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Lisansüstü Eğitim Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: Tarih Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 172

Özet

Кыргыз тарыхын изилдөөдө кытай династиялык тарыхый жазма булактары абдан маанилүү ролду ойнойт. Кыргыздар жөнүндөгү маалымат эң алгачкылардан болуп кытай тарыхый булактарында кездешүүдө. Байыркы кыргыздардын тарыхта алгачкы эскерилиши Борбордук Азиянын чыгыш тарабындагы көчмөн талаада өткөн орошон окуяларга байланышкан.“Шицзи”(“Тарыхый жазмалар”) эмгегинин автору“кытай тарых илиминин атасы”аталган Сыма Цянь өз эмгегинде сюнну б.з.ч. 201-жылы жүргүзгөн согуштар тууралуу баяндап келип, байыркы кыргыздар тууралуу да маалымат берген. Б.з. 105-ж. жазылган“Хань шу”, V к.“Хоу Хань шу”Хань династиясы доорундагы тарыхый окуяларды баяндаса, VII-VIII кк.“Чжоу шу”,“Бэй ши”,“Суй шу”, X к.“Цзю Тан шу”,“Синь Таншу”жана XIII-XIV кк.“Сун ши”,“Юань ши”,“Ляо ши”ж.б. династиялык тарыхый хроникалары орто кылымдардагы Кытай династияларынын түзүлүшү, алардын кыйрашы ж.б. тарыхый маалыматтар тууралуу кабар берет, ал эми жаңы доорго тийиштүү маалыматтар Мин жана Цин династияларынын хроникаларында баяндалган. Бул тарыхый эмгектерде кыргыздарга байланыштуу көптөгөн маалыматтар камтылган. Жогоруда аталган жана башка кытай тарыхый жазма булактарынын негизинде кыргыз тарыхын изилдөөгө Н. Я. Бичурин (Иакинф), В. П. Васильев, В. Шотт, Э. Шаванн, Едвин Пуллибланк, С.Е. Яхонтов, Е. И. Кычанов, Ю. А. Зуев, Г. П. Супруненко, К. Джусаев, М. Иманалиев, Т. Бейшеналиев, Юй Тайшань, Чэнь Цинлун, Жаркын Турсун ж. б. орус, батыш, кыргыз, кытай ж.б. синолог-окумуштуулары өз салымдарын кошушкан. Бул диссертациялык иште илим дүйнөсүндө белгилүү болгон кытайлык тарыхчы-окумуштуулардын кыргыз тарыхы тууралуу аткарган эмгектери каралат. Керектүү учурда башка өлкөлүк авторлордун айтылып жаткан темага тиешелүү эмгектери да салыштырылып талданат.Биринчи бөлүмдө Кытайдын Хань жана Тан династияларына тиешелүү тарыхый булактардагы кыргыздар тууралуу маалыматтардын изилдениши каралат. Аталган династиялар боюнча тарыхый булактарга таянуу менен кытайлык ж.б. авторлордун эмгектерине тарыхнаамалык анализ жүргүзүлөт.“Кыргыз”этнониминин изилдениши, аталып жаткан доорлордогу кыргыздардын локализациясы жана“Кыргыз каганаты”тууралуу кытай тарыхый булактарындагы маалыматтарга карата окумуштуулардын пикирлери талданат. Экинчи бөлүмдө кидандардын жана монголдордун династиялары учурундагы кыргыздар тууралуу маалыматтардын кытайлык окумуштуулар тарабынан изилденүүсү каралат. Үчүнчү бөлүмдө Цин дооруна тиешелүү кыргыздар туурасындагы тарыхый маалыматтардын кытайлык тарыхчылар тарабынан изилденишине тарыхнаамалык анализ жүргүзүлөт.“Бурут”экзоэтноними, Тянь-Шандык кыргыздардын саясый-социалдык түзүлүшү, географиялык жайгашуусу жана алардын Чыгыш Түркистандагы саясый окуялар менен байланышы ж.б. маалыматтардын кытайлык изилдөөчүлөр тарабынан изилдениши каралат. Ошондой эле, Кыргызстандын территориясына байланыштуу кытай булактарында кездешкен маанилүү маалыматтарга кыскача анализ жүргүзүлөт. Диссертациялык изилдөө киришүүдөн, үч бөлүмдөн, корутундудан, колдонулган булактардын жана адабияттардын тизмесинен турат. Ачкыч сөздөр: Кыргыз тарыхы, кытай тарыхый булактары, тарыхнаамалык изилдөө, кыргыздар, Кыргызстан.

Özet (Çeviri)

Çin hanedanlık tarihi kaynakları, Kırgız tarihini araştırmada son derece önemli bir rol oynamaktadır. Kırgızlar hakkındaki bilgiler, en erken dönemlerden itibaren Çin tarihi kaynaklarında karşımıza çıkmaktadır. Eski Kırgızların tarihte ilk kez anılması, Orta Asya'nın doğusundaki göçebe bozkırlarda yaşanan çatışmalarla bağlantılıdır.“Shiji”(“Tarih Kayıtları”) eserinin yazarı ve“Çin tarih biliminin babası”olarak anılan Sima Qian, MÖ 201 yılında Xiongnuların yürüttüğü savaşları anlatırken eski Kırgızlardan da bahsetmiştir. MS 105'te yazılan“Han Shu”, 5. yüzyılda kaleme alınan“Hou Han Shu”Han Hanedanlığı dönemindeki tarihi olayları aktarırken; 7-8. yüzyıllara ait“Zhou Shu”,“Bei Shi”,“Sui Shu”, 10. yüzyıldaki“Jiu Tang Shu”,“Xin Tangshu”ve 13-14. yüzyıllardaki“Song Shi”,“Yuan Shi”,“Liao Shi”gibi hanedanlık kronikleri, Orta Çağ'daki Çin hanedanlarının kuruluşu, çöküşü gibi tarihi bilgileri içerir. Ming ve Qing hanedanlıklarının kronikleri ise daha yakın dönemlere ışık tutar. Bu tarihi eserlerde Kırgızlarla ilgili pek çok bilgi yer almaktadır. Yukarıda bahsedilen ve diğer Çin tarihi kaynakları temelinde, Kırgız tarihi üzerine araştırmalara N. Ya. Biçurin (İakinf), V. P. Vasilyev, W. Schott, É. Chavannes, Edwin Pulleyblank, S.E. Yakhontov, E. İ. Kıçanov, Yu. A. Zuev, G. P. Suprunenko, K. Cusayev, M. İmanaliev, T. Beyşenaliev, Yu Taishan, Chen Qinglong, Jarkın Tursun gibi Rus, Batılı, Kırgız, Çinli ve diğer Sinolog-bilim insanları katkıda bulunmuştur. Bu doktora tezinde, akademik dünyada tanınan Çinli tarihçi-bilim insanlarının Kırgız tarihi üzerine yaptığı çalışmalar ele alınmaktadır. Gerektiğinde, diğer ülkelerden yazarların ilgili konudaki eserleri karşılaştırmalı olarak analiz edilmiştir. Dünyadaki Kırgız nüfusunun büyük çoğunluğu Kırgızistan topraklarında yaşamaktadır. Ancak çeşitli tarihsel nedenlerle önemli sayıda Kırgız, Kırgızistan'a komşu ülkeler ve diğer bölgelerde yerleşmiştir. Örneğin, Çin Halk Cumhuriyeti'nin Sincan Uygur Özerk Bölgesi'nde (SUÖB) 200.000'den fazla Kırgız bulunmaktadır. Bu Kırgız grubu, 1935 yılına kadar Çin hükümeti tarafından resmi olarak Qing Hanedanlığı döneminden kalma“Burut”etnonimiyle anılıyordu. Ancak 1935'te Sincan Eyalet Hükümeti'nin kararıyla, Çin'de yaşayan bu topluluk için“Kırgız”(柯尔克孜, Kē'ěrkèzī) endoetnonimi resmen

Benzer Tezler

  1. Yedi su, tanrı dağları ve sincan bölgesindeki göktürk heykelleri üzerine yapılan araştırmalar

    Жети-суу, теңир-тоо жана чыгыш түркстандагы түрк айкелдеринин изилдениши

    SONER PULAN

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2013

    TarihKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Tarih Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. KUBATBEK TABALDİYEV

  2. Kırgızistan-Çin ilişkileri (1992-2018 )

    Кыргызстан-кытай мамилелери (1992-2018)

    ŞEYDA ÇEVİKEL

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2019

    Uluslararası İlişkilerKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Uluslararası İlişkiler Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. MUSTAFA BIYIKLI

  3. Kırgızistan'ın Şanghay işbirliği örgütü üyeliği: İşbirliği perspektifleri

    Диссертациянын темасы кыргызстандын шанхай кызматташтык уюмундагымүчөлүгү: кызматташтык перспективалары

    EDİLİYA ABDIKADIROVA

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2017

    Uluslararası İlişkilerKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Uluslararası İlişkiler Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. MURAT BÜRKAN SERBEST

  4. İslam aile hukukunda kadının mali hakları

    Ислам үй-бүлө укугундагы аялдардын материалдык үлүш укуктары

    ALTINAY KURMANBEKOVA

    Yüksek Lisans

    Türkçe

    Türkçe

    2021

    HukukKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    İslam Bilimleri Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. ALİ YÜKSEK

  5. Кыргызстандан түркияга карата эмгек миграциясынын социологиялык анализи

    Kırgızistan'dan Türkiye'ye işçi göçünün sosyolojik değerlendirilmesi

    ALİNA TAGAYBEKOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2019

    SosyolojiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Sosyoloji Ana Bilim Dalı

    YRD. DOÇ. DR. BAKTIBEK İSAKOV