Кыргыз философиясындагы адилеттүүлүк маселеси
Kırgız felsefesinde adalet konusunun analizi
- Tez No: 657800
- Danışmanlar: PROF. DR. CAMGIRBEK BÖKÖŞOV
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Felsefe, Philosophy
- Anahtar Kelimeler: adalet, tarafsızlık, eşitlik ve denge
- Yıl: 2020
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Eğitim Bilimleri Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Felsefe Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 115
Özet
“Adalet”kavramı günümüzde ele alınan güncel kavramlardandır. Sebebi adaletin her şeyden önce insanlara yönelik olması, insancıl ilişkilerle ortaya çıkması ve başka bütün erdemlerin temeli olduğu fikridir.Adalet toplumun gelişmesine harekete geçiren güçtür. Onu temel alan toplum daima çiçek gibi açar. Adaletin ışığı bütün ışıklardan aydınlıktır ve hepsini kendi içine alır. İşte bu ışığın altında bütün toplum yaşantısı gelişir. Bu yüzden bu düşünce insanların sosyal ve siyasi hayatında her zaman kendine yer bulur. Bu kavram siyaset felsefesinin temel kavramlarından biri olup, çoğu zaman siyaset ile yoğun ilişki içerisindedir. Fakat Adalet kavramını sadece sosyal hayatın değil, bütün dünyanın yapı taşı olarak görebiliriz. Sebebi dünya yaratılırken her şeyin belli bir düzen ve sıra içerisinde yaratıldığını hepimiz bilinmekteyiz. Örneğin, bizim yaşadığımız yer vs. gezegenler kendi ekseni etrafında dönmekte, hiçbiri, asla düzenini ve tertibini bozmamaktadır. Canlılar hakkında da bahsetmek gerekirse tüm canlıların da kendine göre yeri ve görevi vardır. Bir başkasına yem olması ile birlikte doğada hiçbir zaman denge bozulmaz. Bundan yola çıkacak olursak, dünyada dengenin, tarafsızlığın ve adaletin var olduğu şüphesizdir. Adalet nedir? Özü ve içeriği nedir? İnsan yaşamında ve bir bütün olarak evrendeki önemi nedir? Ya adalet olmasaydı? Sadece felsefe böyle bir soruyu gündeme getirir ve anlamını ve içeriğini inceler. Tabii ki, bu kavramlar kamusal hayatta yaygın olarak kullanılmaktadır. Din, siyaset, edebiyat ve günlük yaşamda kullanılsalar da soyut kategoriler oldukları için her zaman analiz edilmezler. Felsefe bu sorumluluğu üstlenir. Çünkü felsefenin görevi terimleri sınıflandırmak, analiz etmek ve karşılaştırmak, görünmez yönlerini ve özlerini ortaya çıkarmak ve tanımlamaktır. Sadece felsefe, özellikle de felsefi bilimin ana yönü olan ontoloji, çeşitli kavramsal terimlerin özünü ortaya çıkarmaya ve gerçek anlamlarını bulmaya çalışır. Temel kavramlara dayanarak, zaman ve mekan sınırlarının ötesine geçen özgürlük, adalet, güzellik ve irade gibi soyut kategorileri inceler ve nesnel bir varlık olarak mülklere nasıl sahip olduklarını ve köle olarak nasıl değişebileceklerini araştırır. Bahsettiğimiz adalet kavramı, böyle bir mekanın ve zamanın özel bir parçasıdır. Her zaman var olur ve nesnel bir varlık olarak ebedidir. Bu hayatın bir gerçeği. Bu, kimsenin yok edemeyeceği temel bir kategoridir. Bu, evrenin temelini oluşturan ve varlığında daima uyum olmasını sağlayan büyük bir yasadır. Makrokozmos ve mikrokozmos arasındaki ilişkinin derecesi, yani. Bu, hem toplumda hem de doğadaki insanlığa adil, eşit ve dikkatli bir tutum ihtiyacını vurgulayan temel bir kavramdır. Genel olarak adalet kavramı insan toplumunda çok eskiden beri var olup, sosyal hayat yaşantısının gerekli bir koşulu olarak günümüze ulaşmıştır. Adalet kavramını araştıran birçok kişi olmasına rağmen, hiç kimse onu tam olarak ıspatlayamamıştır. Bu kavram birçok alanda araştırılmakta fakat belirli bir sonuca ulaşılmamaktadır. İşte bu sebeplerden dolayı“Adaleti”felsefe konuları arasına ekleyip, Türk-İslam Dünyasındaki anlamını ve rolünü araştırmayı, adalet kavramının daha derin şekilde incelenmesi gerektiğini düşündük. Bu tez çalışmasında Türk Dünyasının ve Kırgız felsefesinin ünlü düşünürü Yusuf Has Hacip'in“Kutadgu Bilig”eserindeki adalet kavramı felsefik olarak alındı. Onun ontolojik önemini belirtmesi ile birlikte siyasi ve hukuki-yasal değerlerine de başvurduk. Bu tez üç bölümden oluşmaktadır. Her bir bölümde de 3 paragraf vardır.
Özet (Çeviri)
“Адилеттүүлүк”түшүнүгү күнүбүздө актуалдуу каралып жаткан маселелердин бири. Себеби адилеттүүлүк баарынан мурда адамга карата болгон гумандуу мамиледе пайда болгон, башка бардык изгиликтердин негизи болуп саналат. Адилеттүүлүк – коомдун өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү. Ага негизделген коом дайыма гүлдөп өсөт. Адилеттүүлүктүн жарыгы – баарынан жарык, баарын өз ичине алат, мына ушул жарыктын алдында бардык коомдук турмуш гүлдөп өнүгөт. Ушундан улам бул түшүнүк адамзаттын социалдык-саясий жашоосунда ар дайым өз ордун таап келет. Бул түшүнүк саясат философиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири болуп, көбүн эсе саясат менен тыгыз байланыштырылып келет. Бирок адилеттүүлүктү бир гана социалдык жашоонун эле эмес, бүтүндөй ааламдын негизи, пайдубалы катары кароого болот. Себеби аалам жаралгандан тарта эле белгилүү бир ыраат, ирээт, кандайдыр бир табигый тартип бар экендиги бүгүнкү күндө баарыбыз маалым. Айталы, биз жашап жаткан жер, ж.б. планеталар өз нугунда айланып жүрөт, эч бири, эч кандай тартипти, иретти бузбайт. Жандуу жаратылышта да айта турган болсок, ар бир жандуунун өз кызматы, орду бар. Бири башкасына азык болгону менен, табигый жүрүшүндө эч качан баланс, тең салмактуулук бузулбайт. Мына ушундан улам терең талдап баамдай турган болсок, ааламда тең салмактуулуктун, кылыстыктын, адилеттүүлүктүн бар экендиги жана жашап тургандыгы өзүнөн өзү келип чыгат. Адилеттүүлүк – деген эмне? Анын маңызы, мазмуну кандай? Ал адам турмушунда, деги эле ааламда кандай мааниге ээ? Адилеттүүлүк болбосо кандай болмок? Мындай маселени бир гана философия коюп, булардын маани-манызын, мазмунун изилдейт. Албетте, бул түшүнүктөр коомдук турмушта кеңири колдонулуп келет. Динде, саясатта, адабиятта жана күнүмдүк тиричиликте колдонулганы менен абстракттуу категориялардан болгондуктан ар дайым эле сөздүн теги, мааниси талдана бербейт. Мындай жоопкерчиликти философия өз мойнуна жүктөйт. Себеби, терминдерди жиктеп, талдап, салыштыруу, анын көрүнбөгөн жактарын, маңызын ачуу, аныктама берүү - философиянын милдети. Философия гана, өзгөчө философия илиминин негизги багыты болгон онтология ар кандай түшүнүк терминдердин маңызын ачып, түпкү маани-мазмунун табууга аракет кылат. Демейки түшүнүктөрдөн тартып, мезгил менен мейкиндиктин чегинен сырткары турган эркиндик, акыйкат, сулуулук, эрк сыяктуу абстракттуу категорияларды онтологиялык электен өткөрүп, анын объективдүү маңыз катары кандай касиеттерге ээ, кулулуш катары кандай өзгөрө тургандыгын изилдейт. Биз айтып жаткан адилеттүүлүк түшүнүгү да мына ошондой мейкин менен мезгилдин рамкасынан сырткары турган өзгөчө бир болум. Ал объективдүү маңыз катары ар дайым бар жана түбөлүктүү. Ал акыйкатка дал келген чындык. Эч ким анын маңызын эч качан түп тамырынан жок кыла албай турган фундаменталдуу категория. Аалам түзүлүшүнүн башатында орун алган жана анын бар болуусунда ар дайым шайкештикти камсыз кылуучу улуу мыйзам. Макрокосмос менен микрокомостун байланышынын чен-өлчөмү, б.а. адамзаттын социум менен да, табият менен болгон карым-катышында да калыстыкты, теңдикти, аяр мамилени көңүл коюу менен туура мамиле кылуунун зарылдыгын билдирген түпкүлүктүү түшүнүк. Деги эле адилеттүүлүк түшүнүгү адам коомунда тээ байыртадан эле бар болуп, социалдык жашоо-турмуштун зарыл шарты катары бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жатат. Адилеттүүлүктү изилдегендер көп, бирок аны эч ким ушул убакка чейин толугу менен так далилдеп бере албай келет. Бул түшүнүктү көптөгөн тармактар изилдеп келишет, бирок белгилүү бир тыянак жок. Дал ошол себептен“адилеттүүлүктү”философиялык категориялардын арасына кошуп, ар тараптап изилдөө, аны менен бирге, бул маселе Түрк-ислам дүйнөсүндө кандай мүнөз күттү, анын мааниси, ролу кандай деген суроолорго жооп издөө аркылуу адилеттүүлүк маселесин дагы да тереңирээк түшүнүүнү камсыз кылууну туура көрдүк. Бул диссертациялык иште түрк дүйнөсүнүн анын ичинде кыргыз философиясынын көрүнүктүү ойчулу Жусуп Баласагындын“Кут Билим”дастанындагы адилеттүүлүк түшүнүгүн философиялык изилдөө жүргүзүлдү. Анын түпкү онтологиялык маңызын ачуу менен катар саясий жана юридикалык укуктук маанилерине да кайрылдык. Диссертация жалпы жолунан үч бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүмдө үчтөн параграф бар. Түйүндүү түшүнүктөр: Адилеттүүлүк, калыс, теңдик, тең салмактуулук
Benzer Tezler
- Кыргыз философиясындагы убакыт маселеси
Kırgız felsefesinde zaman problemi
MUNARA KUDAYBERDİ KIZI
Yüksek Lisans
Kırgızca
2023
FelsefeKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiFelsefe Ana Bilim Dalı
PROF. DR. CAMGIRBEK BÖKÖŞOV
- Кыргыз популяциясында семирүүгө жакындуулукту аныктоочу генетикалык маркерлерди издөө
Kırgız nüfusundaki obeziteye yatkınlıgı belirleyen genetik markörlerin araştırılması
ADİNAY KARIPOVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2022
BiyoteknolojiKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiBiyoteknoloji Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. KADIRBAY ÇEKİROV
PROF. DR. CAYNAGÜL İSAKOVA
- Kırgız halk masallarındaki ahlak eğitimi
Кыргыз эл жомокторундагы адеп тарбиясы
AYCAN ASANOVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2021
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
PROF. DR. AKMATALİ ALİMBEKOV
- Kırgız seçkinlerinin siyasi ve tarihi rolü (XIX yy. ortası- XX yy. başı
Кыргыз элитасынын саясий жана тарыхый ролу (XIX к. ортосу-XX к. башы)
CAKŞILIK KADIR UULU
Yüksek Lisans
Kırgızca
2021
Siyasal BilimlerKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiPROF. DR. MURATBEK KOCOBEKOV