Geri Dön

Кыргыз лирикасы эгемендүүлүк жылдарында: салттуулук жана жаңычылдык маселелери

Bağımsızlık dönemi Kırgız şiirinde gelenek ve yenilik meseleleri

  1. Tez No: 657802
  2. Yazar: KUŞNAZAR KIZI GÜLPERİ
  3. Danışmanlar: PROF. DR. LAYLİ ÜKÜBAEVA
  4. Tez Türü: Yüksek Lisans
  5. Konular: Türk Dili ve Edebiyatı, Turkish Language and Literature
  6. Anahtar Kelimeler: Ş. Düyşeev, A. Ömürkanov, A. Cakşılıkov, E. İbraev, M. Abılkasımova, S. Akmatbekova, şiir, şiirsel dil, sanatsal keşif, stil, yansıtmak, beyan etmek, aramak, konu, kafiye, şekil, içerik v.s
  7. Yıl: 2020
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: Türkoloji Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 195

Özet

Yüksek lisans tezimiz giriş bölümü hariç iki temel bölümden, sonuçtan, Türkçe özetten ve kaynaklardan ibarettir. Giriş bölümünde bağımsızlık dönemindeki Kırgız şiirinin araştırılması, tezin amacıyla ilgili bilimsel meseleler, tezimizin içeriğindeki kaynaklar, uygulanmış metodlar, işimizin nasıl ve ne kadar iyi sonuçlandığı hakkında bilgiler verildi. Birinci bölümde Kırgız şiirinin bağımsızlık dönemine kadar gelişme sürecinden bahsettik ve Kırgız profesyonel edebiyatının oluşması, Sovyet döneminin etkisi,“şekli milli, içeriği sosyolistik”edebiyatın yaralış tarihi, yazarlar birliğinin teşkil edilmesi, şairlerin edebi hayatıyla ilgili yasalar, şairlerin genel olarak çalışmaları hakkındaki meseleler ele alındı. İkinci bölümde Kırgız şiirinin yeniden teşkil etme ve bağımsızlık döneminin ilk yıllarındaki durumu, şairlerin edebi hayatı, üzerinde durduğu konuları, Sovyet döneminden farklı olan yenilikleri, toplumsal gelişmelerin şiirlerde şekil veya içerik açısından yansımalarını göstermeye çalıştık. Bu dönemde eser veren M. Abılkasımova, S. Akmatbekova, B. Çoturova, C. İsabaeva, O. Sultanov, Ş. Düyşeev, A. Ömürkanov, E. İbraev, Z. Acımatov, M. Samıykoco, A. İsmailov gibi şairlerin edebi hayatına göz atarak onların eserleriyle tanıştıktan sonra ele aldıkları konuları şekil, kafiye özellikleri açısından sınıflandırdık, edebiyat teorisini esas alarak bilimsel tanım vermeye çabaladık. Topladığımız bilgiler ve kaynaklardan yola çıkarak şairlerin şiir yazma sanatı, yazı stili, ele alan konuları, doğruyu ve toplumdaki gerçekleşen olayları yansıtmakda kendine özgü sanatsal keşifleri, elde ettiği bulguları, eserin dili, yazarın kişisel görüşleri gibi meselelerin üzerinde durduk. Son bölümde, bağımsızlık yılları boyunca şairlerin eserlerindeki yenilik ve gelenekleri şu bölümlere ayırdık: a) şiirin yapısı, b) tematik gelenekler ve yenilikler. Geleneksel dört satırlı şiirin yapılarını, Sovyet döneminin Kırgız şiirinde neredeyse standart olan 11 heceden ve bileşik tekerlemeden oluşan zayıf ritimleriyle birleştirmeye karar verdik. Bir yenilik olarak bileşik, bitişik, dairesel, zayıf, dokuma, çapraz, iç tekerlemeler gibi ritmik şiirler ve 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 heceli şiirleri sunduk. Folklorda böyle bir kompozisyon bulunmasına rağmen, bağımsızlıktan sonra konuşma özgürlüğünün bir sonucu olarak profesyonel Kırgız şiirinde aktif olarak kullanıldığını hatırlamak için her neden vardır. S. Akmatbekova, M. Abylkasymova, Ş. Düyşeev, E. Ibraev, O. Sultanov, A.Ömürkanov, B. Çoturova, C. Isabaeva, A. Ismailov gibi şairlerin yenilikçiliği kullanarak yaratıcılığın ön sıralarında yer aldığı ortaya çıktı. Şiir yapısında hemen hemen tüm uyum biçimlerinden 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 şiirsel çizginin, anadil konusunu gündeme getirirken yukarıda belirtilen şairler tarafından aktif olarak kullanıldığı belirtilmelidir. Evdeki zor durumu, piyasa ekonomisinin iniş çıkışlarını anlatan Z. Acımatov ve Mirlan Samıykojo, zamanın yükünü taşıyacak şiirlerin geleneksel 4 satırlık kaydırmalarını, bileşik tekerlemeleri ve 11 heceden oluşan ritimleri kullanan şairler arasındaydı ve zamanı gelince isimlerini herkez tanıyacaktır. Bağımsızlık yılları boyunca yazılan şiirlerde tematik gelenekler arasında şiirler, ebeveynler, Anavatan hakkında şiirler, ölümsüz temalar olan doğa ve aşk metinleri bulunmaktadır. Tematik yenilikler, bir piyasa ekonomisinin iniş ve çıkışlarını yansıtan ve ana dilin mevcut durumunu tanımlayan Sovyet dönemini ve Komünist Partisi eleştiren şiirleri içeriyordu. Ş. Düyşeev, A. Ömürkanov, E. Ibraev, Z. Acımatov, Mirlan Samıykojo gibi şairler, ana dilin eksikliklerini, Sovyet hükümetini, piyasa ekonomisinin iniş çıkışlarını, geleneklerin çöküşünü doğru bir şekilde tanımlayan şairler listesinin başında yer almaktadır. Bu şairlerin bu konuda yazdığı bazı şiirlerin yürekten okunduğu ve günün popüler alıntıları olduğu unutulmamalıdır. S. Akmatbekova, M. Abılkasımova, A. Cakşılıkov, O.S. Sultanov, S. B. Çoturova, C. Isabaeva, E.Ibraev gibi şairler ise sevgi, doğa, ebeveyn ve yaşam konularında aktif çalışanlar grubuna ait olduğu çalışma sırasında görüldü. A. Kerimbaev, R. Abdıkadırov, A. Bediyarov, B.Mamaev, A. Bodoshov, S. Beishekeev gibi melodistler ise C. Isabaeva ve E. Ibaraev'in aşk sözlü şiirlerine ikinci bir hayat getirerek çok popüler hale gelen aşk şarkılarına dönüştürdükleri tez sırasında tanındı. Sonuç olarak, ülkenin sosyal durumuna ve zorluğuna rağmen, şairlerin dikkatine ve özenine, kan dökülmesine rağmen, ulus ve insanların kaderi, sevinçleri ve üzüntüleri ile karışarak sivil görüşlerine ve pozisyonlarına devam etti. Şiir dilinde ölümsüz çizgiler yaratan ve yaratmaya devam eden büyük bir şair grubu olduğunu ve neredeyse her birine özel ilgi ve bilimsel araştırma yapılması gerektiğini belirtmek isteriz. İşin sonunda kaynaklar listesi alfabe sırasına göre düzenlendi.

Özet (Çeviri)

Диссертациялык иш киришүүдөн, эки бөлүмдөн, корутундудан, түрк тилиндеги кыскача мазмунунан жана колдонулган адабияттардын тизмесинен турат. Киришүү бөлүмүндө эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз лирикасынын изилдениши, илимий иштин темасы, анын актуалдуулугу, практикалык мааниси, колдонулган методдор жана негизги булактар тууралуу жалпы маалымат берилди. Биринчи бөлүмдө кыргыз лирикасынын эгемендүүлүккө чейинки өнүгүшүнө экскурс жасалып, анда кыргыз профессионал адабиятынын жаралышы, анын Совет бийлиги менен тыгыз байланышы,“формасы улуттук, мазмуну социалисттик”кыргыз адабиятынын түзүлүш тарыхы, Жазуучулар союзунун түзүлүшү, акындардын чыгармачылыгына байланыштуу кабыл алынган мыйзамдар, акындардын жалпы ишмердүүлүгү тууралуу маселелер каралды. Экинчи бөлүмдө кыргыз поэзиясынын кайра куруу жана эгемендиктин алгачкы жылдарындагы абалы, акындардын ишмердүүлүгү, иштеген темалары, совет доорундагы адабияттан айырмаланган жаңычылдык жактары каралып, коомдук өзгөрүүлөрдүн акындардын ырларында мазмун жана форма жагынан жаңыча өңүттө чагылдырылгандыгына айрыкча басым жасаганга аракеттендик. Ошонун негизинде аталган мезгилдин көрүнүктүү өкүлдөрү болгон Ш.Дүйшеев, А.Өмүрканов, А.Жакшылыков, Э.Ибраев, М.Абылкасымова, О.Султанов, С.Акматбекова, Г.Момунова, Ж.Исабаева, Б.Чотурова, З.Ажыматов, А.Исмаилов, М.Самыйкожолордун чыгармачылыгына кайрылып, эмгектери менен таанышып чыккан соң иштеген темалары, формасы, уйкаштыктары боюнча классификациялап, адабият теориясынын негизинде илимий аныктама берүүгө аракет жасадык. Жыйналып алынган факты-материалдардын негизинде акындардын акындык чеберчилиги, жазуу стили, кайрылган темалары, чындыкты чагылдыруу стилдери, коомдогу болуп жаткан ойлорду берүүдөгү өздөрүнө гана таандык болгон көркөм табылгалары, чыгармаларынын тили, автордук жеке көз караштары сыяктуу маселелер каралды. Корутунду бөлүмүндө эгемендүүлүк жылдарындагы акындардын чыгармачылыгындагы жаңычылдык жана салттуулук маселесин а) ыр түзүлүшүндөгү, б) тематикалык салттуулук жана жаңычылдык деп бөлүп карадык. Ыр түзүлүшүндөгү салттуулукту совет доорундагы кыргыз поэзиясында дээрлик стандарт катары кабыл алынган 4 саптык ыр түрмөк, 11 муундук ыргак жана аксак уйкашты кошууну туура көрдүк. Ал эми жаңычылдыгы катары аксак, аттама, оромо, эгиз, шыдыр, эркин уйкаштарды, сындырылган ыр саптарын жана 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 саптык ыр түрмөктөрүн көрсөттүк. Мындай ыр түзүлүшү элдик оозеки чыгармачылыкта кездешкени менен профессионал кыргыз поэзиясында эгемендүүлүктөн кийинки сөз эркиндигинин натыйжасында жигердүү колдонула баштагандыгын эске салууга толук негиз бар. Ыр түзүлүшүндөгү жаңычылдыкты колдонуп, чыгармачылык менен алектенген акындардын сап башында С.Акматбекова, М.Абылкасымова, Ш.Дүйшеев, Э.Ибраев, О.Султанов, А.Өмүрканов, Б.Чотуров, Ж.Исабаева, А.Исмаилов өңдүү акындар турары аныкталды. 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 саптык ыр түрмөгү, уйкаштыктын дээрлик бардык түрү, өзгөчө, эне тил маселесин көтөрүп чыгууда, Ата-Журттун кыйын кырдаалын, базар экономикасынын оош-кыйыштарын сүрөттөөдө жогорудагы акындар тарабынан жигердүү колдонулгандыгын белгилей кетүү керек. Ал эми салттуу көрүнүшкө айланып калган 4 саптык ыр түрмөгү, аксак уйкаш жана 11 муундук ыргакты эпчилдик менен колдонуп, жогорудагы акындардан кем калышпай, замандын жүгүн көтөрөр ырларды жазып, калайыкка өз атын тааныткан акындардын катарында З.Ажыматов, Мирлан Самыйкожо турары көрсөтүлдү. Эгемендүүлүк жылдарында жазылган ырлардагы тематикалык салттуулук катары өлбөс-өчпөс темалар болгон ата-эне, Ата-Журт, жаратылыш жөнүндө жазылган ырлар, сүйүү лирикалары көрсөтүлдү. Ал эми тематикалык жаңычылдыкка совет мезгилине, компартияга карата кескин сындарды айткан, базар экономикасынын оң-терс жактарын чагылдырган жана эне тилдин учурдагы абалын сүрөттөгөн ырлар киргизилди. Эне тил, совет бийлигинин кемчиликтерин, базар экономикасынын күңгөй-тескейин, каада-салт жаатындагы бөксөрүүлөрдү таамай-таасын сүрөттөп жазган акындардын сап башында Ш.Дүйшеев, А.Өмүрканов, Э.Ибраев, З.Ажыматов, Мирлан Самыйкожо сыяктуу акындар турары жазылды. Аталган акындардын сөз болуп жаткан тематика боюнча жазылган айрым ырлары эл оозунда жатка айтылып, элдик төрт саптарга айланып кеткен учурларын да айта кетүү керек. Сүйүү, жаратылыш, ата-эне, өлүм-өмүр, түбөлүктүүлүк темалары боюнча жигердүү иштеген акындарга С.Акматбекова, М.Абылкасымова, А.Жакшылыков, ОСултанов, С.Б.Чотруова, Ж.Исабаева, Э.Ибраевдер кирери билинди. Булардын арасынан Ж.Исабаева менен Э.Ибараевдин сүйүү лирикаларынын көбүнө элибиздин белгилүү обончулары А.Керимбаев, Р.Абдыкадыров, А.Бедияров, Б.Мамаев, А.Бөдөшов, С.Бейшекеевдер обон жаратып, элдин калың катмарына жеткирип, экинчи өмүр тартуулагандыгы да диссертациялык иштин жүрүшүндө белгилүү болду. Жыйынтыгында эгемендүүлүктөгү оор социалдык абал, мамлекеттеги кыйын кырдаал, акындарга бөлүнүп, көрсөтүлүп келе жаткан көңүлдүн, камкордуктун кан буугандай токтогондугуна карабай өзүнүн жарандык көз карашын, позициясын бекем кармап, улуттун, элдин тагдыры, кубанычы менен кайгысына кошо аралашып, суугуна тоңуп, ысыгына күйүп ар бир көз ирмемин поэзиянын тилине салып өлбөс-өчпөс саптарды жаратып кеткен жана жаратып жаткан акындардын жоон тобу бар экендиги жана ал акындардын дээрлик ар бирине өзүнчө көңүл бурулуп, илимий иликтөөгө алынышы керектигин айта кетүүнү туура көрдүк. Иштин соңунда колдонулган адабияттардын тизмеси алфавиттик негизде көрсөтүлдү. viii Ачкыч сөздөр: Ш.Дүйшеев, А.Өмүрканов, А.Жакшылыков, Э.Ибраев, М.Абылкасымова, С.Акматбекова, поэзия, поэтикалык тил, көркөм табылга, стиль, чагылдыруу, баяндоо, изденүү, тема, уйкаштык, форма, мазмун ж.б

Benzer Tezler

  1. Кыргыз популяциясында семирүүгө жакындуулукту аныктоочу генетикалык маркерлерди издөө

    Kırgız nüfusundaki obeziteye yatkınlıgı belirleyen genetik markörlerin araştırılması

    ADİNAY KARIPOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2022

    BiyoteknolojiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Biyoteknoloji Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. KADIRBAY ÇEKİROV

    PROF. DR. CAYNAGÜL İSAKOVA

  2. Kırgız halk masallarındaki ahlak eğitimi

    Кыргыз эл жомокторундагы адеп тарбиясы

    AYCAN ASANOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2021

    Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Eğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. AKMATALİ ALİMBEKOV

  3. Kırgız seçkinlerinin siyasi ve tarihi rolü (XIX yy. ortası- XX yy. başı

    Кыргыз элитасынын саясий жана тарыхый ролу (XIX к. ортосу-XX к. башы)

    CAKŞILIK KADIR UULU

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2021

    Siyasal BilimlerKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    PROF. DR. MURATBEK KOCOBEKOV

  4. Kırgız televizyon ve radyo sunucularının konuşma kültürü

    Кыргыз телерадио алып баруучуларынын кеп маданияты

    NURAY ŞARABİDİN KIZI

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2021

    DilbilimKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Türkoloji Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. BURUL SAGINBAYEVA