Жасалма интеллекттин адам ресурстарын башкарууда колдонулушу: Tуризм ишканалары мисалында
Yapay zekanın insan kaynakları yönetimindeki kullanımı: Turizm ışletmeleri örneği
- Tez No: 967683
- Danışmanlar: YRD. DOÇ. DR. NANNGÜL MARGAZİEVA
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Belirtilmemiş.
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2025
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Lisansüstü Eğitim Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Turizm ve Otel İşletmeciliği Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 183
Özet
Бул диссертация Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы туризм ишканаларында адам ресурстарын башкаруу (HR) процессине жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын интеграциялоо маселелерин талдоого багытталган. Изилдөө ЖИ технологияларын кадрларды тандоо, персоналды окутуу жана иш процесстерин оптималдаштыруу максатында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле ЖИ технологиялары HR тармагындагы ишмердүүлүктү жогорулатуу, убакытты үнөмдөө жана адамдык каталарды азайтуу жолунда маанилүү роль ойной турганы баса белгиленет. Диссертация үч негизги багытты камтыйт: биринчиден, жасалма интеллекттин теориялык негиздери жана аны адам ресурстарын башкаруу процессинде колдонуу мүмкүнчүлүктөрү изилденди; экинчиден, Кыргызстандын туризм секторунун учурдагы абалы жана анын санариптик трансформацияга болгон даярдыгы бааланады; үчүнчүдөн, туризм ишканаларындагы HR процессине ЖИ технологияларын интеграциялоо боюнча практикалык сунуштар иштелип чыкты. Изилдөөнүн биринчи бөлүгүндө адам ресурстарын башкаруунун теориялык негиздери жана функциялары каралып, кадрларды тандоо процессиндеги салттуу жана заманбап ыкмалар ортосундагы айырмачылыктар тереңдетилген. Жасалма интеллекттин негизги түшүнүктөрү, анын тарыхый өнүгүүсү жана бүгүнкү күндөгү HR тармагында колдонуу формалары кеңири талданган. Экинчи бөлүм Кыргыз Республикасындагы туризм индустриясынын учурдагы абалын талдоого багытталган. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстандын туризм тармагы активдүү өнүгүү стадиясында болгону менен, санариптик трансформация жана кадрларды башкаруу системаларында бир катар системалык көйгөйлөр байкалат. Мындай көйгөйлөргө кадрлардын жетишсиздиги, кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүнүн төмөн деңгээли, иш процессинин автоматташтырылбагандыгы жана IT-инфраструктуранын жетишсиздиги кирет. Айрыкча, эмгек рыногунда квалификациялуу туризм адистеринин тартыштыгы жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө болгон каршылык туризм тармагында кадрлар менен иштөөнү татаалдатат. Үчүнчү бөлүмдө диссертациянын эмпирикалык бөлүгү камтылган. Изилдөө Бишкек шаарынын туризм ишканаларынын HR жетекчилери жана адистери менен жүргүзүлгөн жарым-жөнгө салынган маектердин негизинде жүргүзүлгөн. Жалпысынан 12 маектешүү алынган жана бул маектердин негизинде мазмундук-категориялык анализ жүргүзүлгөн. Маектешүүлөр MaxQDA программасы аркылуу коддолуп, негизги темалар жана түшүнүктөр чыгарылып, алардын ортосундагы байланыштар графикалык түрдө көрсөтүлгөн. Изилдөө процесси индуктивдүү коддоо ыкмасынын негизинде ишке ашырылып, маектерде кайра-кайра кайталанган негизги сөздөр жана түшүнүктөр өзүнчө коддорго бөлүнгөн. Эмпирикалык изилдөөнүн натыйжасында, Бишкек шаарынын туризм ишканаларында ЖИ технологияларын HR процессинде колдонуу али дагы эпизоддук жана эксперименттик деңгээлде экендиги аныкталды. Изилденген ишканалардын көбүндө кадрларды тандоо жана персоналды окутуу процессинде ЖИ колдонуу жекече демилгелер менен гана чектелген. Айрым алдыңкы ишканалар талапкерлердин резюмесин автоматтык түрдө анализдеп, чат-боттор аркылуу баштапкы тандоону жүргүзө башташса, башка ишканаларда ЖИ колдонуу жалгыз-жарым аракеттерден ары өтө элек. Бул көрүнүш, бир жагынан, финансылык жана техникалык ресурстардын жетишсиздиги, экинчи жагынан — жетекчиликтин инновацияларга болгон даярдыгынын төмөн деңгээли менен түшүндүрүлөт. Диссертациянын акыркы бөлүгүндө туризм секторунда HR процессине ЖИ технологияларын интеграциялоону ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн конкреттүү сунуштар иштелип чыккан. Алардын катарына HR адистерин санариптик көндүмдөр боюнча үзгүлтүксүз окутуу, IT-инфраструктураны чыңдоо, инновациялык уюмдук маданиятты өнүктүрүү жана персоналдын резюмесин, иш сапаттарын автоматташтырылган негизде анализдөө системаларын киргизүү кирет. Ошондой эле, кадрларды башкарууда этикалык нормаларды сактоо, ЖИ технологияларын колдонууда ачыктык жана кызматкерлердин маалыматтарынын купуялуулугун камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленет. Бул диссертация Кыргызстандын Бишкек шаарындагы туризм секторунда адам ресурстарын башкаруу процессинде ЖИ технологияларын колдонууга болгон илимий жана практикалык кызыгууну арттырууну максат кылат. Негизги сөздөр: Жасалма интеллект, адам ресурстарын башкаруу, туризм ишканалары, Бишкек.
Özet (Çeviri)
Araştırma Konusunun Güncelliği. Son yıllarda dijital teknolojilerin ve yapay zekanın (AI) aktif gelişimi, ekonominin çeşitli sektörlerinde insan kaynakları yönetimine (İK) yönelik yaklaşımlarda köklü bir değişime yol açmıştır. İnsan ve son derece dinamik bir sektör olarak turizm, yenilikçi değişikliklere özellikle duyarlıdır. Yapay zekanın turizm sektöründeki İK uygulamalarına entegrasyonu, işe alım, işe uyum ve personel gelişim süreçlerinin optimize edilmesine olanak tanıyarak kuruluşların operasyonel verimliliğini önemli ölçüde artırıyor. Ancak küresel dijitalleşme eğilimlerine rağmen Kırgız Cumhuriyeti turizm sektörü bir dizi sistemik sorunla karşı karşıyadır: personel yönetimi süreçlerinin yetersiz dijital olgunluğu, modern yapay zeka araçlarına sınırlı erişim ve çalışanların yeniliğe düşük adaptasyonu. Bu koşullar göz önüne alındığında, yapay zekanın Kırgızistan'ın turizm sektöründeki insan kaynakları yönetimine entegrasyonunun olanaklarını ve özelliklerini incelemek hem bilimsel hem de pratik açıdan özel bir önem taşımaktadır. Dolayısıyla, Kırgız Cumhuriyeti'nin Bişkek şehrinin turizm işletmelerinin İK sistemlerinde YZ uygulamalarının araştırılması, sektörün sürdürülebilir kalkınmasını sağlamak, rekabet gücünü artırmak ve insan kaynakları politikasının etkin bir şekilde uygulanmasını desteklemek için önemli bir çalışmadır. Çalışmanın İçeriği Giriş bölümünde tez konusunun güncelliği ve pratik önemi ayrıntılı şekilde gerekçelendirilmiştir. Yapay zekânın (YZ) insan kaynakları yönetimi (İKY) alanına etkisi, hem küresel düzeyde hem de Kırgızistan Cumhuriyeti'nin turizm sektörü bağlamında incelenmiştir. Özellikle turizm sektörünün hizmet odaklı doğası, sektörde çalışan personelin hızlı ve doğru bir şekilde seçilmesinin önemi ve küresel çapta hızla gelişen dijital dönüşüm trendleri gibi faktörler, bu araştırmanın gerçekleştirilmesi gerekliliğinin temel dayanakları olarak ortaya konulmuştur. Bu çerçevede çalışmanın, hem teorik katkı sağlamayı hem de uygulamaya dönük somut sonuçlar üretmeyi hedeflediği ifade edilmiştir.
Benzer Tezler
- Математика мугалимдеринин жасалма интеллектти колдонуу анализи
Matematik öğretmenlerinin yapay zekayı kullanım analizi
AYCANAT ABILABEK KIZI
Yüksek Lisans
Kırgızca
2025
Kırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiMatematik Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. GÜLSAT MUHAMETJANOVA
- Генеративдик жасалма интеллект менен корпаративдик чатботторду иштеп чыгуу жананатыйжалуулугун талдоо
Üretken yapay zeka ile kurumsal chatbotların geliştirilmesi ve performans analizi
NURAYIM ERKİNOVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2025
Kırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiBilgisayar Mühendisliği Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. BAKIT ŞARŞEMBAEV
- Кыргызстандагы текстиль жана тигүү ɵнɵр жай тармактарынын ɵнүгүүсү
Kırgızistan'daki tekstil ve giyim dikme sektӧrünün kalkınması
RASHİDA CHEE
Yüksek Lisans
Kırgızca
2012
EkonomiKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEkonomi Ana Bilim Dalı
AR.GÖR. DANIŞMAN YOK
- Ысык-көлдүн жээктик буфердик зонасынын туурасын аныктоо жана анын трофикалыкабалын баалоо
Işık-göl gölünün kıyı tampon bölgesinin genişliğinin belirlenmesi ve trofik durumunun değerlendirilmesi
Алтынай АБДЫРАЛИЕВА
Yüksek Lisans
Kırgızca
2024
Kırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiÇevre Mühendisliği Ana Bilim Dalı
PROF. DR. A
- Mar Bayciyev'in 'Angemeler Cana Povestter' adlı eserindeki hikayelerinde yer alan kahramanların tahlili
Başlık çevirisi yok
ELİF BİLGE AKTAŞ
Yüksek Lisans
Kırgızca
2011
Türk Dili ve EdebiyatıKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiTürkoloji Ana Bilim Dalı
PROF. DR. ABDILDACAN AKMATALİYEV