Математика мугалимдеринин жасалма интеллектти колдонуу анализи
Matematik öğretmenlerinin yapay zekayı kullanım analizi
- Tez No: 967688
- Danışmanlar: DOÇ. DR. GÜLSAT MUHAMETJANOVA
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Belirtilmemiş.
- Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
- Yıl: 2025
- Dil: Kırgızca
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Lisansüstü Eğitim Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Matematik Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: 86
Özet
Учурда жасалма интеллект куралдары билим берүү, медицина, финансы, биология, программалоо жана котормочулук сыяктуу ар кандай тармактарда кеңири колдонулуп келет. Жасалма интеллекттин алгачкы тарыхы 1950-жылы чыккан Алан Тюрингдин“Эсептөөчү машиналар жана акыл-эс”аттуу макаласынан башталат. 2012-жылдардан баштап ЖИнин өнүгүшү тездеп, 2019-жылы OpenAI компаниясы ChatGPT-2 (текст жазуучу модель), 2020-жылы ChatGPT-3 ал эми 2021-жылы DALL·E (сүрөт тартуучу ЖИ модели) сыяктуу модельдерди жарыялап, дүйнө жүзүндө жасалма интеллект“буму”башталды. Жасалма интеллект адамзатка чоң жардам берип, өндүрүмдүүлүк менен натыйжалуулукту жогорулаткан маанилүү куралга айланды. Бул изилдөөнүн максаты — ЖИ куралдарынын математикада колдонулушун жана окутууга тийгизген оң- терс таасирлерин ар тараптан карап чыгуу. Математика мугалимдеринин ЖИ куралдары менен тааныштыгын баалоо жана ЖИ куралдарынын колдонулуусуна таасир эткен факторлорду талдоо. Кыргызстандагы мектептерде математика сабагын окутууда жасалма интеллектти колдонуу деңгээлин, мүмкүнчүлүктөрүн жана көйгөйлөрүн аныктоо максатында анкеталык сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоого мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде эмгектенген 205 математика мугалими катышты. Google Формасы аркылуу түзүлгөн анкета эки бөлүктөн туруп, жалпысынан 22 суроону камтыды. Жооптор Excel программасына жыйналып, Jamovi 2.6.26 жана SPSS программалары аркылуу талданды. Топтолгон маалыматтарды талдоо үчүн баяндоо-аналитикалык, салыштыруу жана статистикалык анализ ыкмалары колдонулду. Жыйынтыгында, сурамжылоого катышкан мугалимдердин 64,88%ы жасалма интеллект (ЖИ) куралдарын колдонору жана эң кеңири колдонулган программа ChatGPT экени аныкталды. Мугалимдердин көпчүлүгү ЖИ куралдарын пайдалуу деп белгилешкен. Фактордук анализдин жыйынтыгында, жаш курак жана иш тажрыйба ЖИни колдонуудагы жеңилдикке жана анын пайдалуулугун баалоого статистикалык жактан маанилүү таасир этери аныкталды (p = 0.022; p = 0.002). Ал эми кыйынчылыктар боюнча бул факторлордун таасири маанилүү эмес болуп чыкты (p > 0.05). Мындан тышкары, айлык маяна ЖИни колдонууга даярдык деңгээлине түз таасир этери аныкталып, жогорку маяна алган респонденттер жогору даярдык көрсөткөн (p = 0.000; η² = 0.967). Ошондой эле, MS Word программасын билүү деңгээли арткан сайын, ЖИни колдонууга даярдык жана колдонуудагы ыңгайлуулук да жогорулаганы байкалган (p = 0.003; p = 0.002). Ачкыч сөздөр: Жасалма интеллект, математика сабагы, сурамжылоо, математика мугалими, ЖИ куралдары.
Özet (Çeviri)
ÇT
Benzer Tezler
- Kırgızistan'daki ortaöğretim öğretmenlerinin mesleki yeterliklerinin incelenmesi
Кыргызстандагы Орто Мектептерде Иштеген Мугалимдеринин КесиптикКомпетенттүүлүгүн Изилдөө
AİZİREK ALMAZBEKOVA
Yüksek Lisans
Türkçe
2023
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
PROF. DR. MEHMET ARİF ÖZERBAŞ
- İlköğretim 8. sınıf fizik dersi programının Kırgızistan ve Türkiye eğitim sistemlerinde karşılaştırmalı olarak incelenmesi
Сравнитель ный анализ учебных планов по предмету физика для 8-х классов вкыргызской и турецкой образовательных системах
GÜRKAN AKBABA
Yüksek Lisans
Türkçe
2011
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
DR. KADİYA BOOBEKOVA
- Pısa sonuçlarına dayalı olarak Kırgızistan eğitim sisteminin değerlendirilmesi
Pısa'нын натыйжаларына ылайык кыргыз республикасынын билим берүү системасын анализдөө
YASEMİN ERMAN
Yüksek Lisans
Türkçe
2017
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. HAKAN DÜNDAR
- Volterranın III.Cins lineer integral denklem sistemini volterra II.cinse indirgeyerek çözme
Solving the system of Volterra Linear Integral equations of the III.kindby reducing it to the II.kind
NASIYKAT ARZIBAYEVA
Yüksek Lisans
Türkçe
2010
MatematikKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiMatematik Ana Bilim Dalı
PROF. DR. AVIT ASANOV
- Stieltjes integralinde sayısal yaklaşımmetodları
Стильтестин интегралын трапеция методу мененжакындаштырып эсептөө
ALİ ÇALIŞ
Yüksek Lisans
İngilizce
2010
MatematikKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiMatematik Ana Bilim Dalı
PROF. DR. Avıt ASANOV