Kırgızistan'daki ortaöğretim öğretmenlerinin mesleki yeterliklerinin incelenmesi
Кыргызстандагы орто мектептерде иштеген мугалимдеринин кесиптиккомпетенттүүлүгүн изилдөө research on the professional competence of middle school teachers in Kyrgyzstan
- Tez No: 823096
- Danışmanlar: PROF. DR. MEHMET ARİF ÖZERBAŞ
- Tez Türü: Yüksek Lisans
- Konular: Eğitim ve Öğretim, Education and Training
- Anahtar Kelimeler: Hizmetiçi eğitim, mesleki yeterlik, Kırgızistan, Hizmet içi eğitim, Lise öğretmenleri, Mesleki yeterlilik, Yeterlilik, Ölçekler, Öğretmen yeterliliği, In service training, Kyrgyzstan, High schools teachers, Professional competence, Sufficiency, Scales, Teacher proficiency
- Yıl: 2023
- Dil: Türkçe
- Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
- Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
- Ana Bilim Dalı: Eğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
- Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
- Sayfa Sayısı: Belirtilmemiş.
Özet
Öğretmenlerin yeterliklerinin artırılması, eğitimin kalitesinin geliştirilmesine önemli katkı sağlar. Nitelikli ve yetkin öğretmenler, motive edici bir eğitim ortamı oluşturabilir, öğrencilerin bireysel ihtiyaçlarını karşılayabilir, yenilikçi eğitim teknolojilerini uygulayabilir ve pedagojik sorunları etkili bir şekilde çözebilirler. Öğretmenlerin mesleki gelişimi, bir bütün olarak eğitim sisteminin sürekli gelişimine de katkıda bulunur. Bunun için öğretmenlerin etkili hizmetiçi eğitime ihtiyacı vardır. Bu çalışmanın amacı, Kırgızistan'daki devlet okullarının ortaöğretim öğretmenlerin hizmetiçi eğitim sırasında mesleki yeterliklerin geliştirmeye yönelik görüşlerini belirlemektir. Araştırmanın amacına yönelik verileri elde etmek için betimsel nitelikli tarama modeli kullanılmıştır. Araştırmanın verilerini toplama aşamasında Salmanova ve Yeşil, (2020) tarafından geliştirilen Öğretmen Yeterlikleri Ölçeği (ÖYÖ) kullanılmıştır. Ölçek online ve basılı olarak gerçekleştirilmiştir. Bu araştırmanın evrenini 2021-2022 eğitim öğretim yılında Kırgızistan Eğitim Bakanlığı'na bağlı resmi okullarda görev yapan öğretmenleri oluşturmaktadır. Kırgızistan'da bütün öğretmenlere ulaşmanın zorluğu sebebiyle çalışmada elverişli örneklem yöntemi kullanılmıştır. Bu araştırmanın çalışma grubunu Kırgızistan'da görev yapan 410 öğretmeni oluşturmaktadır. Verilerin analizi bilgisayar ortamında SPSS programına girilerek istatistik çözümlemeler gerçekleştirilmiştir. Araştırma sorularının yanıtlanması için kullanılan istatistiksel yöntemler betimsel istatistikler, ikili karşılaştırmalarda bağımsız örneklemler için t-testi, üç ve üzeri örneklemlerde tek yönlü ANOVA kullanılmıştır. Araştırmadan elde edilen veriler ışığında, öğretmenlerin hizmetiçi eğitime yönelik görüşleri farklı değişkenler açısından incelendiğinde, cinsiyet ve kıdem değişkenine göre anlamlı bir farklılık bulunamamıştır. Yaş ve kademe değişkenlerine göre ölçeğin öğretim ilke ve yöntemleri alt boyutunda anlamlı bir farklılık rastalnmıştır. Yaş grubu büyük olan öğretmenlerin yaş grubu küçük olan öğretmenlere göre daha olumlu düşüncelere sahip oldukları sonucuna ulaşılmıştır. İlkokul öğretmenleri ortaokul ve lise öğretmenlerine göre daha olumlu değerlendirmişlerdir. İletişim ve ölçme alt boyutuna göre ise yaş ve kademe değişkenlerine göre anlamlı bir farklılık rastlanmamıştır. Daha önce hizmetiçi eğitim alan öğretmenlerin görüşleri daha önce hizmetiçi eğitim almamış öğretmenlerin görüşlerinden daha olumlu olduğu belirlenmiştir. Eğitim düzeyi daha yüksek olan öğretmenlerin eğitim düzeyi daha düşük olan öğretmenlere göre daha olumlu olduğu belirlenmiştir.
Özet (Çeviri)
Билим берүү дүйнө жүзү боюнча экономикалык, социалдык жана туруктуу өнүгүү жагынан дүйнөлүк коомчулук үчүн да, ар бир өлкө үчүн да маанилүү ролдордун бирин ойнойт. Экономикалык жактан алганда, билим берүү өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү негизги фактор болуп саналат, анткени ал квалификациялуу жумушчуларды окутууга мүмкүнчүлүк берет. Социалдык жактан билим берүү коомду өнүктүрүүгө жана социалдык теңсиздикти азайтууга жардам берет, анткени билимдүү адамдар сапаттуураак иштешет, кирешеси жана социалдык статусу дагы жогору болот. Мындан тышкары, билим берүү жакшы коомду курууга, адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөдөгү коопсуздук деңгээлин жогорулатууга жардам берет. Билим берүү дүйнө жүзү боюнча туруктуу өнүгүүнүн негизги элементи болуп эсептелет. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) отчетуна ылайык, билим берүү БУУнун 2030-жылга чейинки максаттары болгон туруктуу өнүгүү максаттарына (Sustainable Development Goals) жетүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат (United Nations, 2019). Кыргызстандагы мектептик билим берүүнүн азыркы абалына баа берүү бир топ кыйынчылыкты жаратат. Маселен, PISA сыяктуу эл аралык изилдөөлөргө Кыргызстан 2009-жылдан бери катышпайт, анткени 2006, 2009-жылдары ал эки жолу тең акыркы орундарды ээлеген (OECD, 2009). 2006 жана 2009-жылдардагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстан биринчи изилдөөдө катышкан 57 өлкөнүн ичинен 57-орунду, экинчи изилдөөдө катышкан 65 өлкөнүн ичинен акыркы 65-орунду ээлеген. Кыргызстандык окуучулар математика, окуу жана табигый илимдерди төмөнкү деңгээлде билгендигин көрсөтүштү. Кыргызстандын эл аралык изилдөөгө катышуусунун жыйынтыгы өлкөдөгү билим берүү системасы олуттуу модернизацияга жана өнүгүүгө муктаж экендигин көрсөттү. Кыргызстан билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча бир нече чараларды көрдү жана 2025-жылы кайрадан PISAга катышууну пландап, даярдык көрүүдө. Мындан тышкары, окуучулардын билим деңгээлин көрсөткөн улуттук тесттер дагы бар. 2017-жылы Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББжОУБ) тарабынан жасалган тесттер айылдык мектептерде 4-класстагы окуучулар 70% базалык билим деңгээлине жетпегендигин көрсөткөн, ал эми Бишкекте бул көрсөткүч 43% түзгөн (24.kg , 2022). Кыргызстандагы мугалимдердин абалын жакшыртып, кесиптик чеберчилигин көтөрүү керек. Кыргызстанда мугалимдер коомдо маанилүү роль ойногонуна карабастан, алар бир катар көйгөйлөргө туш болушат. Айлык акынын аздыгы – өлкөдөгү мугалимдердин негизги көйгөйлөрүнүн бири. 2022-жылы мугалимдердин эң жогорку айлыгы 35 миң сом (400 доллар), ал эми эң азы 20 миң сом (230 доллар) деп белгиленген. Бул жөн гана расмий маалыматтар, чыныгы сандар андан да төмөн (Kloop, 2022). Айрым мугалимдер жумушта кыйынчылыктарга туш болушат. Кээ бир мектептерде окутуу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана материалдар жетишсиз, бул мугалимдердин ишин кыйындатат. Мындан тышкары, мугалимдер мектепте административдик иштерди аткарышы керек, бул алардын окутуу ишине арнаган убактысын кыскартат. Мугалимдердин статусунун төмөндүгү дагы көйгөй жаратат (UNICEF, 2014). Ушул көйгөйлөргө карабастан, көптөгөн мугалимдер татаал шарттарда иштеп, окуучуларынын келечегине кам көрүшөт. Акыркы жылдары кыргыз өкмөтү өлкө боюнча мугалимдердин абалын жакшыртуу боюнча кадамдарды жасагандай болду. Бирок, мугалимдерге керектүү шарттарды түзүп, алардын ишин алдыга жылдыруу үчүн таасирдүү иш-чаралар жетишсиз деп айтууга болот. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу сапаттуу билим берүү жана билим берүү системасынын максаттарына жетүү үчүн абдан зарыл. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу аларга жаңы илимий, педагогикалык өнүгүүлөрдөн жана окутуу процессиндеги тенденциялардан кабардар болууга мүмкүнчүлүк берет. Бул мугалимдерге өз тармагында окутуунун жаңы ыкмаларын колдонууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде окуу натыйжаларын жакшыртып, окуучулардын окууга болгон мотивациясын жогорулатат деп айтууга болот. Бул багытта жүргүзүлгөн адабияттарды изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу тармагында эмгектер өтө аз экени аныкталды. Омаралиев А.Ч. (2008) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө компьютердик билим жаатында мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу процессинин уюштуруучулук-педагогикалык негиздери каралат.
Benzer Tezler
- Kırgızistan'daki orta öğretim yöneticilerinin öğretmenlerin mesleki gelişimini motive etme yöntemleri
Кыргызстандагы Жалпы Билим Берүүчү Мектеп Жетекчилеринин Мугалимдердин Кесиптик Жактан Өнүгүшүн Мотивациялоо Методдору
NURCAN GEDİK
Yüksek Lisans
Türkçe
2017
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Yönetimi Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. MURAT GÖKALP
- Adep dersi öğretmenlerinin yeterlilikleri: Oş ili örneğinde bir alan araştırması
Proficiency of morality lesson teachers: Case field research in Osh region
KUBATALİ TOPCHUBAEV
Doktora
Türkçe
2012
DinAnkara ÜniversitesiFelsefe ve Din Bilimleri Ana Bilim Dalı
PROF. DR. MUALLA SELÇUK
- Kırgızistan ilk ve orta öğretimindeki“Adep sabagı”öğretim programı ile Türkiye'deki“Din kültürü ve ahlak bilgisi”öğretim programının karşılaştırılması
Кыргызстандын башталгыч жана орто мектептериндеги“адеп сабагы”окуу программасы менен түркиядагы“ дин маданияты жана адеп-ахлак сабагы”окуу программасынын салыштырылышы
AHMET ARSLAN
Yüksek Lisans
Türkçe
2012
Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
DR. KADİYAN BOOBEKOVA
- Geogebra yazılımının kırgızistan'daki ortaöğretim öğrencilerinin matematik başarısına etkisi
The effect of geogebra software on mathematics achievement of secondary school students in kyrgyzstan
HÜSEYİN EKİNCİ
Yüksek Lisans
Türkçe
2026
MatematikKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiMatematik Ana Bilim Dalı
DOÇ. DR. GÜLŞAT MUHAMETJANOVA
- Түркиянын жана кыргызстандын негизги орто мектеп программаларындагы гуманитардык сабактардын окуучуларды атуулдукка тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрү
Türkiye'deki ve Kırgızistan'daki ortaöğretim programlarındaki sosyal bilimleri derslerinin öğrencilere vatandaşlık eğitimini verme potansiyeli
CAZGÜL COLALİEVA
Yüksek Lisans
Kırgızca
2013
SporKırgızistan-Türkiye Manas ÜniversitesiEğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı
PROF. DR. AKMATALİ ALİMBEKOV