Geri Dön

Кыргыз прозасындагы диалогдордун көркөм кызматы

Kırgız nesrinde diyalogun sanatsal işlevi üzerinde bir çalışma

  1. Tez No: 613195
  2. Yazar: ASILBÜBÜ TURSUNALİYEVA
  3. Danışmanlar: PROF. DR. LAYLİ ÜKÜBAEVA, PROF. DR. ABDILDACAN AKMATALİEV
  4. Tez Türü: Yüksek Lisans
  5. Konular: Türk Dili ve Edebiyatı, Turkish Language and Literature
  6. Anahtar Kelimeler: Belirtilmemiş.
  7. Yıl: 2011
  8. Dil: Kırgızca
  9. Üniversite: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi
  10. Enstitü: Sosyal Bilimler Enstitüsü
  11. Ana Bilim Dalı: Türkoloji Ana Bilim Dalı
  12. Bilim Dalı: Belirtilmemiş.
  13. Sayfa Sayısı: 111

Özet

Адабияттын өнүгүү деңгээли ар кайсы мезгилдеги жазуучулардын чыгармачылыгы, табылгалары, оош кыйыштары менен аныкталат. Ошол себептен акын - жазуучулардын чыгармачылык жолун, өзгөчөлүгүн адабиятка кошкон салымын, адабий – көркөмдүк табылгаларын изилдөө адабият таануу илиминдеги негизги маселелердин бири болуп эсептелет. Албетте, азыркы күндө адабият жаатында ар кыл темада ар түрдүү илимий иштер жазылып, адабият таанунун көптөгөн тарыхый, теориялык проблемалары такталып калган учур десем аша чапкандык болбос. Бирок, ошентсе да кудукту канчалык терең казсаң ошончолук көп суу чыгат эмеспи, анысы сыңары адабият жаатында канчалаган эмгектер жазылганы менен дагы изилдей турган иштер кудуктан атырылып чыккан сууга окшоп арбып жаткансыйт. Дегенимдин себеби, адабий чыгармалардын ар биринде колдонулуп келген“диалог”маселеси жөнүндө ушул күнгө чейин кыргыз адабият таану илиминде маңдай жарылып сүйүнөөрлүк системалуу түрдө эмгек жазылбаганы бул илимий ишимди баштоого түрткү берди. Алгач“диалог”деген эмне деген суроого жооп катары сөздүк, энсклопедиялардагы диалогдун аныктамасына токтоло кетсек. 1972 жылы жарык көргөн“Большая советская энсклопедиянын”сегизинчи томунда:“Диалог – (от.греч. dıalogos-разговор, беседа) дилогическая речь.1.вид речи характеризующийся ситуативностью (зависемосьтю от обстановки разговора), контекстуальностью (обусловленностью предыдущими высказываниями), непроизвольносьтю и малой степенью организованносьти (незапланированным характером). Диалог противопоставляется монологу. 2.функциональная разновидность языка, реализующаяся в процессе непосредственно обшения между собеседниками и состаящая из последовательного чередования стимулирующих и регилирующих реплик. К основным языковым особенностям диалог относятся; облик воспросительных и побудительных предложений среди стимулирующих реплик, наличие повторов переспросов в реагирующих репликах, их синтаксические неполнота, компенсируемая за счет предыдущего высказывания.”1 деп берилет. Андан бери жылып 1984-жылы басылган Советтик энсклопедиялык сөздүктү карап көрсөк;“Диалог(гр. Dıalogos) оозеки речтин бир түрү, эки же бир нече кишинин сүйлөшүүсү. Мүнөздөрдү, кыймыл аракеттердин өнүгүшүн драмада чагылдыруунун негизги ыкмасы, прозадагы каражаттардын бири.(кээде поэзияда да). Өз алдынча публицистикалык жана философиялык жанр катары да белгилүү.(М: Платондун диалог).”2 деп берилет. Ал эми жакынкы жылдарда басылган“Кыргыз адабияты. Энсклопедиялык окуу куралында”Диалог (гр.- сүйлөшүү, аңгемелешүү) – эки же андан ашык адамдардын өз ара оозеки сүйлөшүүсү, аңгемелешүүсү. Көркөм чыгармадагы диалог-каармандын речин мүнөздөөнүн эң кеңири тараган түрүнөн. Диалог бардык эле жанрдагы чыгармаларда бар, өзгөчө ал драмада окуяны өнүктүрүүнүн каражаты катары негизги рольду ойнойт. А. Токомбаевдин“Күүнү сыры”аңгемесинде төмөндөгүдөй диалог бар: -“Кайсы жерден келдиң? Кайсы элсиң? – деди кыз жылмайып. -Билбеймин. -Эчедесиң?-Ондомун. -Бир тууганың барбы? -Жалгызмын. -Жүр эмесе, сен өзүмдүн өргөөмдө болосуң, деди кыз”.1 деп берилген. Демек, диалог термини тууралуу кыскача маалымат алып өттүк. Ал эми бул“прозада диалогдун колдонулушу, диалогдун прозадагы көркөм кызматы”деген темадагы илимий эмгектерди башка улуттардын т.а. орустардын жана казактардын теориялык адабияттарынан да жолуктурууга болот. Диалог теориялык жактан орус адабиятында XVIII кылымдын 20-30 жылдары2 эле изилденип, диалог термини тууралуу ар түрдүү ойлор айтылып, жыйынтыктар чыгарыла баштаган. Ал эми 40 – жылдардын аягы 50 – жылдардын башында дүйнөдө жана орус адабиятында диалогдун теориясына болгон кызыгуулар жандана баштаган. Орустарда болсо алгачкылардан болуп Л.П. Якубинский3, В.В. Виноградов4, М.М. Бахтиндер5 диалог жөнүндө изилдеп, баалуу эмгектери менен диалог теориясын түптөөчүлөр болуп калды. Негизинен эле диалог бул – теориялык жактан кандайдыр бир аспект менен чектелбеген, изилдөөдө кыйынчылыктар жараткан материал десек болот. Бул жөнүндө изилденген илимий иштер буга күбө. Мына ушул изилдөөдө көптөгөн кыйынчылыктар жараткан илимий ишибиз киришүү, корутунду жана эки главадан турат. Биринчи глава“Кыргыз прозасында диалог түзүүдөгү алгачкы аракеттер”деп аталып, эки параграфга бөлүнгөн. Биринчи параграф“Диалогду көркөм сөз өнөрүндө пайдалануунун түп башаттары”деп аталып, бул параграфта адамзаттын өткөн турмуштук элесин кийинки урпактарга калтырган маданий мурасы-элдин оозеки көркөм сөзөнөрү болгон фольклор жанрынан баштап, бул жанрдагы жомоктордо, эпостордо диалоглордун колдонулушун, алардын чыгармаларда аткарган кызматын карап чыгууга аракет кылдык. Ал эми экинчи параграф болсо,“20 – 30 – жылдарда кыргыз прозасында диалогдун пайдалынышы”деп аталып, мына ушул жылдары адабият агмына келип кошулган жазуучулардын чыгармаларындагы диалогдун ордун, өнүгүү жолдорун карап чыктык. Өзгөчө С. Карачев, К. Тыныстанов,М. Элебаев, К. Баялиновдун чыгармачылыгына басым жасадык. Ал эми экинчи главабыз“Диалогдук көп түрдүүлүк: көркөм прозадагы стилдик каражат катары”деп аталып, бул глава да эки параграфтан турат. Биринчи параграф“Жанрдык стилдик өзгөчөлүктөргө карай диалогдун көп функцияналдуугу”деп аталып мында 30 – 50 – жылдардагы кыргыз адабий чыгармалардагы диалогдун колдонуу чеберчилигин, уламдан улам түрдүү ыкмада колдонуу көбөйө баштаганын карап чыктык. А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, чыгармалары каралды. Экинчи параграф болсо“Кыргыз прозасындагы диалог түзүү чеберчилигинин жаңы бийиктиктери”деп аталып адабият жанрыбыздагы 50 – 60 – жылдары жазылган чыгармалардагы диалог түзүү ыкмалары, диалогдун татаалдана башташы каралды. Мисал катары дээрлик Ч. Айтматовдун кыргыз тилинде жарык көргөн чыгармалары К. Каимовдун каралды

Özet (Çeviri)

Genel Edebiyatın gelişimi, farklı farklı dönemlerdeki yzarların sanatı kazandıkları yenilikler ile tanımlanır. Bu sebeple yazarların sanat hayatını incelemek edebiyat ilminin önemli meselelerindendir. Gününmüzde edebiyat alanında çeşitli konularda ilmi işler yapılmaktadır. Fakat, ne kadar kuyu‟yu derin kazsan, su da o kadar çoğaldığı gibi edebiyat aleminde de ne kadar çok iş yapılsa bile kuyudan çıkan su gibi ilmi işlerin sayısı artmaktadır. Ama edebi eserlerin her birinde karşılaşan ve kullanılan „diyalog‟ teorisi hakkında bu güne kadar kırgız edebiyatında ciddi bir çalışma yapılmaması bu çalışmamızı başlamamıza neden oldu. „Kırgız Nesrinde Diyalogun Sanatsal İşlevi Üzerinde Bir Çalışma‟ konusundaki bilimsel çalışmalarını başka uluslardan mesela rusların edebiyatlarınan teorik kainakları bulabiliriz. Eğer Kırgızların edebiyatına bakacak olursak „diyalog‟ konusunda sadece teorik değil uygulamalı olarak da tatmin edici çalışmaların yetersiz olduğu görülmektedir. „Kırgız Nesrinde Diyalogun Görevi‟ konusunda ilmi çalışmamız esnasında bir dizi zorluklara karşılaştık. Bu ilmi işimiz iki bölümden oluşur. Birinci bölüm „Diyalogdan edebî eserlerde faydalanmanın temelleri‟ olarak adlandırılmış, bu bölümde dialoğun halk edebiyatı başta olmak üzere, bu alandaki masal, temsil ve destanlardakullanılışına da bakılmıştır. İkinci bölüm ise „1920-40‟lı Yıllarda Kırgız Nesirinde Dialogun Kullanılışı‟ olarak adlandırılmış, bu yıllarda Kırgız edebî akımına katılan Sıdık Karaçev, Kasım Tınıstanmov, Mukai Elebaev, Kasımaalı Bayalinov‟un eserleri incelenmiştir. Üçüncü bölüm ise „Dialogun Çeşitliliği: Nesirdeki edebî teknik‟ olarak adlandırılıp, iki alt başlıktan oluşmaktadır. Bu bölümlerde „1940-50‟li‟ yıllardaki A. Tokombaev, T. Sıdıkbekov‟un eserleri ve 1960-70‟li yıllardan K. Kayimov C. Aitnatov‟un eserleri örnek olarak bakıldı

Benzer Tezler

  1. Кыргыз популяциясында семирүүгө жакындуулукту аныктоочу генетикалык маркерлерди издөө

    Kırgız nüfusundaki obeziteye yatkınlıgı belirleyen genetik markörlerin araştırılması

    ADİNAY KARIPOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2022

    BiyoteknolojiKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Biyoteknoloji Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. KADIRBAY ÇEKİROV

    PROF. DR. CAYNAGÜL İSAKOVA

  2. Kırgız halk masallarındaki ahlak eğitimi

    Кыргыз эл жомокторундагы адеп тарбиясы

    AYCAN ASANOVA

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2021

    Eğitim ve ÖğretimKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Eğitim Bilimleri Ana Bilim Dalı

    PROF. DR. AKMATALİ ALİMBEKOV

  3. Kırgız seçkinlerinin siyasi ve tarihi rolü (XIX yy. ortası- XX yy. başı

    Кыргыз элитасынын саясий жана тарыхый ролу (XIX к. ортосу-XX к. башы)

    CAKŞILIK KADIR UULU

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2021

    Siyasal BilimlerKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    PROF. DR. MURATBEK KOCOBEKOV

  4. Kırgız televizyon ve radyo sunucularının konuşma kültürü

    Кыргыз телерадио алып баруучуларынын кеп маданияты

    NURAY ŞARABİDİN KIZI

    Yüksek Lisans

    Kırgızca

    Kırgızca

    2021

    DilbilimKırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi

    Türkoloji Ana Bilim Dalı

    DOÇ. DR. BURUL SAGINBAYEVA